Белгилүү театр жана кино актеру Арсен (Асанбек) Өмүралиевдин архивдик сүрөтү

Бурят кызга үйлөнүп... Арсен эмес, Асанбек Өмүралиев тууралуу 6 факты

2317
(жаңыланган 09:26 12.12.2018)
Узаган жумада белгилүү театр жана кино актеру Арсен (Асанбек) Өмүралиевди эскерүү кечеси өттү. Ал көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак, бирок жүрөк оорусу 70 гана жаштын даамын таттырды.

Өнөрпоздун чыгармачылык жолу, үй-бүлөсү жана эмне себептен Арсен деп аталып калганы тууралуу кызыктуу фактылар актердун жубайы жана кызы менен биргеликте даярдалды.

Шамал урган Балыкчынын кулуну

Асанбек Өмүралиев 1933-жылы 7-декабрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Өзүнүн эскерүүсүндө кыштын ызгаарында жарыкка келген. Энеси отун тергени баратып, орто жолдон суусу кетип бадалдын арасына көз жарып койгон. Агезде шамал катуу уруп турчу. Кийин өзү "шамал жашоомдо чыдамкай болууга үйрөттү жана ар дайым коштоп жүргөндөй сезиле берчү" деп айткан.

11 жашында үйүнөн качып чыгып Караколдогу Кол өнөрчүлөр окуу жайына тапшырат. Бир аз темир уста болуп иштегенден кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищесинин хор дирижерлук бөлүмүнө окуйт. Спорт менен алектенип, Москвадагы Спартакиага туу көтөрүп барган. 

Народный артист Кыргызской Республики, художественный руководитель и директор Бишкекского городского драматического театра Асанбек Умуралиев
Арсен Өмүралиев 11 жашында үйүнөн качып чыгып Караколдогу Кол өнөрчүлөр окуу жайына тапшырган. Бир аз темир уста болуп иштегенден кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищесинин хор дирижерлук бөлүмүнө кирет.

Ысмайылдын ролуна кирүү үчүн окуяга болгон жерге барган

Ал 1954-1957-жылдары Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик театр институтунда окуган. Билим гана албастан орус тилин да өздөштүрүп келген.

"Менин театрга кызыгуума апам себепкер, ал чыгармачылык тууралуу көп айтып берчү. Студент кезде окуудан чыгып дароо театрга жөнөп, кандай гана спектакль болбосун көрүп калганга ашыгат элек. Биздей жаштарга түрдүү тагдырлар менен окуялар ачыла берди. Көп окуп жаркын келечекке умтулганыбыз да ошондон болду", — деген Өмүралиев.

Чыгармачылыктын алгачкы жылдары актер үчүн чыныгы сыноо болгон. "Чыңгыз Айтматовдун "Бетме-бет" чыгармасындагы Ысмайылдын ролун эч окшоштура албай койдум. Өнөктөш кыз менен түнгө чейин калдык. Эмнегедир Ысмайылга жан дүйнөм кире албай койду. Өзүмө сансыз суроолорду берип жооп таба албадым. Көп өтпөй биздин театр гастролго чыгып, кокусунан повестте сүрөттөлгөн жерлерге туш болдук. Мен ошондо Ысмайыл жашынган жерлерди издеп таптым. Анын тагдырын сезгендей болдум" деген. 

Народный артист Кыргызской Республики, художественный руководитель и директор Бишкекского городского драматического театра Асанбек Умуралиев
Өмүралиев: студент кезде окуудан чыгып дароо театрга жөнөп, кандай гана спектакль болбосун көрүп калганга ашыгат элек. Биздей жаштарга түрдүү тагдырлар менен окуялар ачыла берди.

Кино менен театрдагы ролу, Арсен аталышы

Актер 40 жылдык карьерасында 100дөн ашык роль жараткан. Спектаклде Ысмйылдын ролунан сырткары Шекспирдин "Король лиринде" Эдмунтту, "Ромео менен Жульеттада" Тибальтты, Грибоедовдун "Акылдан азабында" Чацкийди, Абдумомуновдун "Абийир кечирбейт" чыгармасында Нурдинди, "Жыгылган оогонго күлөт" драмасында Атабаевди, "Ак боз атта" Дадыйды келиштире ойногон.

Мындан тышкары, "Муз жүрөк жөнүндө баян" (Мээркан), "Алыскы тоолордо" (Назаркул), "Артыбызда Москва" (Бауржан), "Тянь-Шянь кызы" (Муса), "Көчүп жүргөн фронт" (Хатан Батог Максаржав), "Улан" (Нуртай), "Кырк биринчи" (Ыманкул), "Ашуу" (Садык) жана башка тасмаларга тартылган.

Жаш кезинде "Арсен" аттуу тасма чыгат. Асанбек ал каарманга кулк-мүнөзү менен окшош болгондуктан айланадагылары Арсен деп атап, ошол ысым боюнча таанылып калган. 

Народный артист Кыргызской Республики, художественный руководитель и директор Бишкекского городского драматического театра Асанбек Умуралиев
Арсен Өмүралиев театрда да, кинодо да бир топ ролдорду ийине жеткире аткарган

Бишкек шаардык театрын негиздеген

Актер Арсен Өмүралиев чыгармачылык жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында баштаган. 1993-жылы театр сынчысы Цыцыгма Умуралиева менен чогуу Бишкек шаардык драма театрын негиздеген. Өнөрпоздун жетекчилиги алдында бир нече көрүнүктүү спектаклдер коюлуп, артисттер дембе-дем гастролго чыгып турган. Ал ошондой эле драмалык, фольклордук "Саамал" жана джаз-инструменталдык "Аура" ансамблин башкарган. Каза тапканда театрга аты берилген. 

Народный артист Кыргызской Республики, художественный руководитель и директор Бишкекского городского драматического театра Асанбек Умуралиев
1993-жылы театр сынчысы Цыцыгма Умуралиева менен чогуу Бишкек шаардык драма театрын негиздеген. Өнөрпоздун жетекчилиги алдында бир нече көрүнүктүү спектаклдер коюлуп, артисттер дембе-дем гастролго чыгып турган. Фольклордук "Саамал" жана жаз-инструменталдык "Аура" ансамблин башкарган.

Бурят кызга үйлөнгөн

Арсен Өмүралиев өмүрлүк жолдошу Айгүл менен "Последний угон" тасмасына тартылуу үчүн кастингге барганда Свердлов киностудиясында таанышкан. Жубайы бурят кызы. Эки кыздуу болушкан. Улуусу Ааламгүл жаштар театрынын координатору болсо, кичүүсү Оюна — эл аралык мамилелер боюнча адис. Айгүл Өмүралиева — учурда театрдын көркөм жетекчиси. Артист, маданиятка эмгек сиңирген ишмер. 

Народный артист Кыргызской Республики, художественный руководитель и директор Бишкекского городского драматического театра Асанбек Умуралиев
Арсен Өмүралиев өмүрлүк жолдошу Айгүл менен "Последний угон" тасмасына тартылуу үчүн кастингге барганда Свердлов киностудиясына барганда таанышкан. Жубайы бурят кызы. Эки кыздуу болушкан.

Шум ажал

2003-жылы 9-декабрда Москва шаарында операция учурунда каза тапкан. Стенокардия (жүрөк оорусунун бир түрү — ред.) менен жабыркаган. Ошол эле жылы өзү түптөгөн Жаштар театрына ысымы ыйгарылган.

"Мен тагдырыма жана шамалга ыраазымын. Адамдын жашоодогу эң чоң жетишкендиги — өзүн табуу. Мүмкүнчүлүктөрүңдү билип андан ары өркүндөтүү" деген мурунку маектеринде.

Өнөрпоздун эмгеги бааланып, учурунда Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген (1964) жана эл артисти наамы (1977) ыйгарылган. III дарадажагы "Манас" ордени менен Чыңгыз Айматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

2317
Белгилер:
факты, актер, театр, жаштар, кино, Асанбек Өмүралиев
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (375)
Тема боюнча
Жубайын учак менен ала качкан. Башкы кардиолог Абдраманов тууралуу 7 факты
Ааламга Айтматовду берген жана Айтматов дүйнөгө даңктаган Шекер тууралуу 16 факты
Айтматов жана Ош шаары. Кызыктуу 10 факты
Улуттук кийим кийген жаштар. Архивдик сүрөт

Өтө ысык болуп сырыңды төгүп салба. Аяштар мамилесиндеги этикет

117
(жаңыланган 15:30 17.01.2021)
Sputnik Кыргызстан "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн татыктуу алып жүрүү эрежелери менен тааныштырат.

Эки адам баш кошкондо алардын жашоосунда өмүрлүк жар менен кайын журттан тышкары түгөйүнүн достору дагы пайда болот. Айрым учурда бул адамдар жеңил кабыл алынып, бат эле жуурулушуп кетсе, кээде оңой менен "өз ордун" таба албайт. Мунун айынан аял менен эркектин ортосунда пикир келишпестик жаралып, достордон кол үзгөн учурлар жок эмес.

Бул канчалык туура көрүнүш? Анткени адам дос күтөт, бирөө менен сырдашып, көңүл ачып, алыш-катышта болушу керек. Мунсуз жашоону элестетүү кыйын эмеспи.

Бүгүн этикет мугалими Нуржан Исмаилова жубайлар бири-биринин достору менен жакшы мамиледе болушу үчүн кандай эрежелерди карманышы керектигин айтып берди.

Күлүп тосуп ал

Алгач достордун үйгө келишинен баштайлы. Албетте, адамда маанайы жок учурлар болот. Кээде келе жаткан коноктордун арасынан кимдир бирөө менен жылдызыңыз келишпеши мүмкүн. Бирок мейман сиздин үйгө келип жаткандан кийин эч нерсеге карабай үй ээси жылуу-жумшак тосуп алганы туура. Бул көбүнесе аялдарга тиешелүү эрежедей сезилиши мүмкүн, бирок эркектерден дагы айланып өтпөшү керек. Үйдүн кожоюну жубайынын курбу-курдаштары келгенде чогуу отуруп, көңүл ачууга убактысы жетпесе (же кыз-келиндин сөзүнө аралашкысы келбесе) дагы дасторконго отургузганга кол кабыш кылганы жакшы. Бир чыны чай ууртап, ал-жай сурашкандан кийин шартын түшүндүрүп, туруп кетсе болот.

Ысык болуп кетпе

Аяштар ынтымакта болгону жакшы, бирок ого эле ынак болуп, болгон-бүткөн сырды ачык айтып койгон кооптуураак. Достор арасында бирде болбосо бирде сөз болуп, өзүңүздүн эле абийириңиз төгүлөт. Кийин бул нерсе үйдөгү атмосферага дагы таасир этип коюшу ыктымал. Баса, аяштарды бири-бирине жамандоо дагы туура эмес, айланып келип өз башыңызга тийип калбасын.

Куру кол барба

Жолугушуу үйдө, кафеде, жаратылышта, айтор кайсы жакта болбосун, шартка жараша баштыгыңыз же капчыгыңыз куру болбошу керек. Үйгө барганда дасторконго, жок дегенде балдарга таттуу алып алганыңыз туура. Ал эми башка жактарда бирөөнүн колун карап калбай чөнтөктө акча болгону жакшы. Өзгөчө эркек киши эки эле жолу акчасыз жүрүп калса, аяштарынын арасында тетири пикир жаратып коюшу мүмкүн.

Тамаша чеги менен

Албетте, достор, аяштар чогулган жерде түркүн-түрлүү тамаша айтылат. Өткөн-кеткенди эске салып, чер жазылат. Бирок айрым шакаба сөздөр кимдир бирөөлөргө зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Балким бирөөлөрдүн үй-бүлөсүндө бул же тигил тема жабык болушу ыктымал. Эмнеси болсо дагы мындайда достор сезимтал болуп, эмнени сүйлөсө болот, эмнени сүйлөбөй эле койгону туура экенин айырмалай билиши керек.

Душман кылба

Сага жаккан адамдын баары өмүрлүк жарыңа сөзсүз жагыш керек деген эреже жок. Кишилер ар кандай болот. Мисалы, жубайынын эң жакын курбусу жеңил ойлуу сезилиши мүмкүн. Адатта бул нерсе эркекти кооптондурат. Айрым учурда, тескерисинче, аялы жолдошунун бойдок досторун жек көрөт. Күйөөсүн бузуп, тетири жолго үндөп жаткандай сезилет. Бирок бойдок же өзүн шайыр, эркин алып жүргөн адамдын бардыгы жаман жолдо жүрөт же башка бирөөнү бузат деп ойлонуу туура эмес. Эгер сиздин жакын адамыңыз аны дос кылып жүрсө, демек жакшы жактары бар. Болбой эле кабыл алгыңыз келбесе, алардын өздөрүнө ачык айтып, душман кылуунун кереги жок. Анын үстүнө жубайыңыздын (жолдошуңуздун) кадырын кетиресиз. Андан көрө аялы менен күйөөсү маселени өз ара чечип алганы жакшы.

Катыш

Түгөйүңдүн жоро-жолдоштору менен катышууга келгенде жолугушууларды эки түргө бөлүп караса болот. Биринчиси — туулган күн, юбилейлер, үлпөт той, кызматтан көтөрүлүү, сөөк коюу сыяктуу жашоодогу өтө маанилүү учурлар. Мындай иш-чараларга колдон келишинче барып койгон жакшы. Милдет деп айтса дагы болот. Ал эми жөн гана көңүл ачуу үчүн аптанын аягында жолугуу, сыра ичүү сыяктуу жеңил-желпи иш-чараларга баруу же барбоону ар бир адам өзү чечет.

117
Белгилер:
достук, катышуучу, этикет, мамиле
Тема:
Өзүн алып жүрүүнүн эрежеси
Тема боюнча
Беймаал тынчын алба! Мугалимге кайрылуу этикети
Бири-бириңди сынап, кафеде орун талашпагыла. Кудалашуу маданияты
Алган буюмду артыңан чуркатпай кайтарып бер. Кошуна-колоң этикети
Кинорежиссёр, оператор Дастан Жапар уулу жана актерлор Марат Алышпаев жана Бакыт Мукул. Архив

"Акыркы көч" тасмасы Дакка эл аралык кинофестивалына катышууда

32
Сынак Бангладештин борбор калаасында 16-24-январь күндөрү өтөт. "Акыркы көч" тасмасы "Азия киносу" сынагынын алкагында көрсөтүлөрү айтылды.

БИШКЕК, 17-янв. – Sputnik. Кинорежиссёр, оператор Дастан Жапар уулу Бакыт Мукул менен биргеликте тарткан "Акыркы көч" кинокартинасы XIX Дакка эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондунан билдиришти.

Иш-чара Бангладештин борбор калаасында 16-24-январь күндөрү өтөт. "Акыркы көч" тасмасы "Азия киносу" сынагынын алкагында көрсөтүлмөкчү.

Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор роль жаратты. Фильм ак-кара түстө тартылган.

"Акыркы көч" кинокартинасы 2020-жылы Таллинде өткөн "Темные ночи" кинофестивалына катышып, кинонун дүйнөлүк премьерасы Эстонияда болгон.

32
Белгилер:
фестиваль, Бангладеш, Кыргызстан
Тема боюнча
Коюлбай калган пьеса, тартылбай калган тасмалар. Болот Шамшиевдин мурастары
"Ак кемеде" жашаган Бала. Тасмадагы таберик сүрөт
Эл аралык спорт чебери болгон алгачкы кыргыз кызы, жөө күлүк Гулшана Сатарова

Эл аралык спорт чебери болгон алгачкы кыргыз кызы. Жөө күлүк Сатарова менен маек

0
(жаңыланган 15:45 17.01.2021)
Гулшаной Сатарова айымдар арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык спорт чебери наамын алган алгачкы жана жалгыз кыргыз спортчусу.

Өзбекстанда төрөлүп-өскөн жөө күлүк бой жеткен кезинде Кыргызстанга кайтып келип, өлкөбүздүн туусун бир катар мелдештерде желбиретип жүрөт. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы 28 жаштагы атлет менен кезигип дүйнөлүк аренада жараткан ийгиликтери, спортко аралашуусу жана жеңил атлетиканын өзгөчөлүктөрү тууралуу баарлашты.

— Айымдар арасында алгачкы Эл аралык спорт чебери наамын алган спортчу болуу кандай сезим?

— Албетте, мындай жогорку наамга жеткен биринчи кыргыз жеңил атлети болуу өтө жагымдуу. Жаңы кыялдарды жаратып, дагы да көптөгөн бийиктиктерди багындырууга түрткү болот. Бирок убакыт өткөн сайын жеке мен үчүн көнүмүш эле нерсеге айланып калды десем болот. Ошол эле кезде үстүңө чоң жоопкерчиликти дагы жүктөйт. Мисалы, кээде үй-бүлөлүк же болбосо башка нерселерден улам балким спортту таштасамбы деген ойлор келип калат да. Ошондой кезде башкалардын сага болгон ишеними, ошол эле жоопкерчиликтен улам азыр токтотуу туура эместигин түшүнүп, уланта бересиң. 

— Эми өзүңүз тууралуу бир аз айта кетсеңиз.

— Мен 1992-жылы Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Коргон-Төбө районунун Токтогул айылында жарык дүйнөгө келгем. Ата-энем негизинен өзүбүздүн эле Баткенден болушат. Бирок убагында турмуш шартына байланыштуу Өзбекстанга барып, ал жакта чоңоюп, анан чогуу түтүн булатып калышкан. Жети бир туугандын эң кичүүсүмүн. Беш агам жана эжем бар. Спорттун жеңил атлетика түрү менен машыгам. 1500 метр жана үч чакырымдык аралыкка чуркайм. Ошондой эле жакында 42 чакырымдык марафондо да күчүмдү сынай баштадым. 

 Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова во время тренировок
© Фото / Азат Акаев
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова

— Кошуна өлкөдө балалыгыңыз кандай өттү?

— Башкалардан айырмаланбаган эле бактылуу балалыкты башыман өткөрдүм. Ал жакта өткөргөн күндөрүмдү эстеген сайын азыр деле сагыныч, кусалануу болуп турат. Кантсе да киндик каным тамган, туулуп-өскөн жерим. Менин спортко болгон сүйүүмдүн да башталган жери. Андыктан менин жөнөкөй жана спорттук жашоом үчүн айылымдын орду чоң.

— Кыргызстанга кантип келип калдыңыздар?

— Кошуна өлкө болгону үчүн кичинекей кезимден бери эле келип-кетип турчумун. Бул жакта туугандарыбыз бар эле. Кийинчерээк спорт менен алектене баштаган кезде өзбекстандык жеңил атлет катары келип мелдештерге катыша баштадым. Андыктан Кыргызстан эч качан мага бөтөн болгон эмес. Мектепте окуп жүргөн кезимде үй-бүлөбүздүн баары Жалал-Абадга көчүп келип, биротоло жашап калышты. Мен спорт колледжиндеги окуумду бүтүргөнгө чейин Өзбекстанда жүрүп калдым. Орто билимдүү болгон соң он сегиз жашымда бир туугандарымдын жанына келейин деп чечтим. Экинчиден, кыргыз болгон соң Кыргызстандын желегинин алдында мелдештерге катышкым келди. Эгерде ийгиликтерге жетишсем, анда кыргыз туусу желбиреп, гимни ырдалып турса деген тилегимди орундатууну чечтим.

— Алгач келгенде эки өлкөнүн жашоо же спорттук шарттары боюнча айырма байкалдыбы?

— Күнүмдүк жашоодо эч кандай айырма деле жок. Маданиятыбыз, менталитетибиз окшош эле элбиз да. Ал эми спорт тармагында, албетте, айырма бар. Өзбекстандын бул жаатта күчтүү экендиги баарыбызга эле белгилүү. Ал жакта спорт ар дайым биринчи орунда тургандыктан, ага жараша мамиле, көңүл буруу да жогорку деңгээлде. Бирок, айта кетчү нерсе, бизде акыркы беш жылдын ичинде жеңил атлетика өнүгүү жолуна түштү. Жеке өзүмө сезилген айырма же өзгөчөлүк тууралуу айта турган болсом, Кыргызстандын абасы, климаты абдан жакты. Бул спорттук карьерама да жакшы жардам берип, кыска аралыкта күчтүү жөө күлүккө айландым десем болот. Келгениме бир жыл боло элек жатып спорт чеберлигине жеттим. Мелдештерде жогорку жыйынтыктарга жетише баштадым. Алгач мындай ийгиликтерге өзүм да таң калчумун. 

Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова после победы на соревновании
© Фото / из личного архива Гулшаны Сатаровой
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова

— Спортко кантип аралашып калдыңыз жана эмне үчүн жеңил атлетиканы тандадыңыз?

— Спортко болгон кызыгуум кичинекей кезимден бери эле күчтүү болчу. Алгачкы жолу каратэ мектебинин босогосун аттагам. Себеби байкелеримин эң кенжеси спорттун ушул түрү менен машыкчу. Мен да болбой эле анын артынан ээрчип, кызыгып жүрүп бир жылга жакын алектендим. Анан үйдө атамдан коркуп, мага катуу басым жасай албаган байкем мектепте күчүн чыгара баштады. Машыгуу учурунда спарринг-өнөгү катары мени тандап алып эле үстөмдүк кыла берчү. Ошондон тажап калган кезде классташтарым жеңил атлетика боюнча машыгуу залы ачылганын айтып калышты. Ал кезде үчүнчү класста окучумун. Ошентип жеңил атлетикага баш багып, он сегиз жылдан бери алектенип келем.

— Эл аралык жана жергиликтүү аренада көптөгөн ийгиликтерге жетиштиңиз. Арасында эң эсте калганы кайсынысы деп эсептейсиз?

— Ар бир спортчу үчүн алгачкы жеңиши эсинде калса керек. Алгач 2009-жылы Беларуста өткөн Евразия оюндарында ийгиликке жетишкем. Ал кезде Өзбекстандын атынан катышчумун. Алгачкы күнү күмүш медаль тагынсам, экинчи күнү алтынга ээ болдум. Ал күнкү сезимдер азыркыга чейин эсимден кетпейт. Себеби менин спортчу катары жолумдун ачылышы эле. Ал эми эң маанилүүсү катары 2017-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн Азия оюндарындагы экинчиликти эсептейм. Ал күмүш медалымдын орду өзгөчө. Анткени жаңы гана кыздуу болгон кезим эле. Бир жылга жакын бөбөк менен үйдө отуруп, спорттук иш-чараларды токтотуп койгон болчумун. Кайрадан баарын нөлдөн баштоого туура келди. Машыгып баштаган кезимде спортко жаңыдан келгендей эле болгом. Ошентип кызым бир жашка толо элек жатып алгачкы чоң мелдештеримдин бирине катыштым. Дароо эле байгелүү орунга ээ болуу чоң жетишкендик болду.

— Каражат жагына токтоло кетсек. Алдыңкы спортчулардын катары сиздин абалыңыз кандай?

— Мамлекеттен ай сайын стипендия берилип турат. Ал күнүмдүк жашоомо жетет десем болот. Башка кошумча кирешем жок, бир гана спорт менен алектенем. Менин байкашымча, каражат жагынан айрыкча эркек спортчулар көбүрөөк кыйналышат. Үй-бүлөң болсо абалың дагы да оорлошот. Менин кызым да жакында бешке чыгат. Ошентсе да кудайга шүгүр деп жашап келе жатабыз. 

Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова с семьей
© Фото / из личного архива Гулшаны Сатаровой
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова

— Жолдошуңуз колдоо көрсөтүп турабы?

— Жолдошум жеке ишкерлик менен алектенет. Бирок өзү да спорт чөйрөсүндөгү инсан. Бокс менен машыгып, спорт мектебин бүтүргөн. Андыктан мени ар дайым түшүнүп, колдоп келет. Ал тургай кээде чарчап же болбосо көңүлүм келбей калганда мага түрткү берет. Ар бир эле спортчунун кыялы Олимпиада оюндарына катышуу болсо керек. Жолдошум да ар дайым "мен катыша албасам да сен сөзсүз түрдө күчүңдү сынап көрүшүң керек" деп айтып турат. Өзүбүз Ош шаарында жашайбыз. Кайын журтум да абдан түшүнүктүү, жакшы адамдар. Мага болгон колдоосу аябай жакшы. Эч качан үйдө олтуруп тамак жаса, кызмат кыл деп айтышпайт. Тескерисинче, спортко көбүрөөк көңүл бугудай шарт түзүп беришкен.

— Пандемия сиздерге да кедергесин тийгизсе керек?

— Албетте, башка спорт түрлөрүндөй эле жеңил атлетикада да иш-чаралар токтоп калды. Өткөн жылы Германия, Польша жана Кытайда мелдештер болмок. Тилекке каршы, баарынын убактысы жылдырылды же өтпөй калды. Ал эми машыгуу жаатында өзгөрүү болгон деле жок. 2020-жылдын башында курама команда менен чогуу болуп, февраль айынын аягында үйгө келгенбиз. Анан дароо карантин башталып, бир айга жакын эч жакка чыга албай калдык. Андан соң машыгууга мурдагыдай эле кириштик. Баарыбыз Кара-Көлгө чогулуп даярдыгыбызды күзгө чейин уланттык.

— Эл арасында чуркоону спорттун оңой түрү деп ойлогондор көп кездешет. Бул тууралуу оюңуз кандай?

— Тескерисинче, жеңил атлетиканы спорттун эң татаал түрүнө кошор элем. Албетте, баарыбыз эле чуркай алабыз, болгону бир бут кийим гана керек деп ойлошу мүкүн. Бирок эч ким билбеген сырлары, өзгөчөлүктөрү көп. Ошол эле кезде белгилүү бир убакыт ичинде болушунча ылдам чуркоо чындап келгенде өтө кыйын. Андыктан профессионал жөө күлүк болуу эл ойлогондой оңой нерсе эмес. 

Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова с тренером
© Sputnik / Азат Акаев
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова

— Кыйын спорт деп калдыңыз, ырахаты эмнеде?

— Дал ошол кыйындыгында. Машыгуу учурунда кыйналасың, ызаланасың, кээде ыйлаган күндөрүң да болот. Эмне үчүн спортту тандадым, жөнөкөй жашоо менен эле жашасам болбойт беле дейсиң. Бирок ошончо кыйынчылыктардан кийин ийгиликке жетүү эң сонун нерсе. Аракетиң жакшы жыйынтыкталып, ар күнкү машыгууларың түшүмүн берип байге тепкичине чыккан кезде баарын унутасың. Бул сөз менен айтып жеткире алгыс ырахат.

— Жеңил атлетика менен алектенгиси келген жаш спортчуларга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Эч кандай кыйынчылыктарга карабай алдыга умтулуп, койгон максаттарыңарды жарым жолдо таштабагыла дейт элем. Спорттун бардык түрлөрү сыяктуу жеңил атлетиканын да оорчулугу бар. Бир окуя эч эсимден кетпейт. Мен өзүм айылда чоңойгон кызмын. Үчүнчү класста окум жүргөн кезимде алгачкы жолу шаарга мелдешке келип калдым. Мелдеш өтчү жерде биринчи жолу спорттук кийимдерди көрдүм. Билесиздер, жеңил атлеттер кыска, денеге жабышкан кийимдерди кийишет. Спортчулардын баары ошондой форма менен жүрсө, мен жөнөкөй күнүмдүк кийим менен эле келгем. Аларды алгач көргөндө сууда сүзүүгө арналган кийим деп ойлоп, дароо базарга барып өзүмө сатып келдим. Аны кийип чуркай баштаганымда башкалардын шылдыңдап жатканын байкадым. Бирок буга окшогон майда жана чоң тоскоолдуктарга көңүл бурбай, талыкпай машыга бердим. Мээнетке жараша жыйынтык келерине ишенем. 

Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова после победы на соревновании
© Фото / из личного архива Гулшаны Сатаровой
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова

— Күндө чуркаган жөнөкөй жарандар көп кеңеш сурашса керек?

— Ооба, өтө көп. Күнүмдүк жашоодо ден соолукту чыңдоо үчүн чуркоо өтө пайдалуу. Бирок өзүңдү катуу кыйнабаш керек. Көпчүлүк адамдар башында кызыгуу күчтүү болгондуктан эки-үч күн катуу чуркап алышат. Эртеси катуу кыйналгандыктан көңүлү калып таштап коюшат. Андыктан денеге, өзгөчө жүрөккө күч келтирбей тургандай кылып жай баштоо керек. Акырындык менен көнүккөн соң таштабаганга аракет кылып уланта берсе, чуркоо ден соолукка эң пайдалуу спорт.

— Спортчу үчүн машыктыруучунун орду чоң да. Тренериңиз тууралуу айта кетсеңиз?

— Ар бир спортчуну ийгиликке жетелей турган адам — бул машыктыруучу. Өзүм эле даярданып ийгиликке жетишем деген болбогон нерсе. Менин спорттук карьерамда гана эмес, жашоомдо да өзгөчө орду бар тренерлерим бар. Алардын бири  — Өзбекстандагы алгачкы агайым Жаныш Абдусаттаров. Мени спорт мектебине киргизип, ушул жаатта алгачкы кадамымды таштоого түрткү болгон. Азыр ойлоп көрсөм, мен үчүн өтө чоң жакшылык кылган экен. Мектепте Галыбжан Эргашев деген агайдын колунда алты жыл машыктым. Ал да мага эбегейсиз жардам көрсөттү. Анткени башкаларга окшоп жатаканада эмес, анын үйүндө жашачумун. Ошондой эле азыркы машыктыруучум Абдылла Төрөжановду айта кетер элем. Он жылдан бери биргебиз. Мамилебиз аябай жакшы. Бири-бирибизди бат түшүнүп, маанайыбыз кандай экенин дароо байкап, ошого карата мамиле жасайбыз. Чынын айтсам, канча жакшы сөз айтсам да жетишсиз.

0
Белгилер:
ден соолук, машыктыруучу, чуркоо, жөө күлүк, жеңил атлетика, спорт
Тема боюнча
Эки жуманын ичинде кантип арыктаса болот? Фитнес-моделдин кеңештери