Улуттук адабият күнү Айтматовдун чыгармалары менен белгиленет

Жазылуу
Анда "Айтматовду окуйбуз" деп аталган сынак, викторина жана алп жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган кинофильмдер көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызстанда өтө турган улуттук маданият күнү алп жазуучу Чыңгыз Айматовдун 90 жылдыгына арналат. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Иш-чаранын максаты — балдардын, ата-энелер жана коомчулуктун арасында китеп окуу маданиятын жайылтуу. 6-12-декабрь күндөрү өлкөнүн бардык мектептеринде жана китепканаларда иш-чаралардын цикли өтөт.

Улуттук адабият күнү Чыңгыз Айтматовдун "Ала-Тоо" аянтындагы эстелигине гүл коюу менен башталат. Балдар жана өспүрүмдөрдүн республикалык китепканасында бул күндүн расмий ачылышы болот. Анда "Айтматовду окуйбуз" деп аталган сынак, викторина жана алп жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган кинофильмдер көрсөтүлөт. Мындан сырткары, "Бугу эне" уламышынын негизинде балдардын сүрөт конкурсу уюштурулат.

"Мен Айтматовду эмне үчүн жакшы көрөм?" деген суроого аталган окурмандардын жооптору жаңырат.

Москвада Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Москвада Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. Видео
Быйыл улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата чет жакта жана Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги бир катар маданий иш-чаралар уюштурулууда.

Кыргызстанда 12-декабрь Айтматовдун урматына улуттук адабият күнү катары жарыяланган. Ал 2011-жылдан тарта өкмөттүн чечиминин негизинде белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0