Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бишкекте дүйнөгө аты чыккан артисттер "Тоска" операсын коёт

© Sputnik / Табылды КадырбековПредновогодний Бишкек. Подготовка к Новому году в столице
Предновогодний Бишкек. Подготовка к Новому году в столице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданий иш-чара 13-14-декабрда Улуттук академиялык опера жана балет театрында болот. Учурда артисттер Бишкекке келип, даярдык көрүүдө.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бишкекте дүйнөлүк кадыр-баркка ээ музыканттар Жакомо Пуччининин "Тоска" операсын шаардыктарга тартуулайт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Виктория Юртаева Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

Маданий программа 13-14-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында болот. Учурда артисттер Бишкекке келип, даярдык көрүүдө.

Долбоордун музыкалык жетекчиси — Валентин Урюпин. Музыкалык конcультант — грек примасы Медея Ясониди. Ал Карнеги Холлунда, Прага операсында, Болоньедеги Элеонора Дуза театрында ырдаган.

Башкы партияны аткаруучулар:

— Пермь академиялык опера жана балет театрынын солисти Лариса Келль;

— Өзбестандын эл артисти, "Культура" телеканалындагы "Большая опера" долбоорунун финалисти, өзбектердин "Большой театрынын" солисти Рамиз Усманов;

90 лет Чингизу Айтматову - Sputnik Кыргызстан
Улуттук адабият күнү Айтматовдун чыгармалары менен белгиленет
— Түркиянын Ankara State Opera and Ballet театрынын солисти, баритон Умут Косман;

Опера Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри, Улуттук опера жана балет театрынын академиялык хору хормейстер Карагул Тиленчиевдин катышуусу менен өтөт. Андан сырткары, Шералиев атындагы балдардын маданият мектебинин тарбиялануучулары коштойт.

"Бишкекке келүү боюнча сунуш абдан кызыктуу болду, мен грек болгонум менен Советтер Союзунда туулгам. Макул болуума көптөгөн себептер бар. Биринчиден мекенимди көргүм келди, андан сырткары, өзүм жактырган операны жасагым келди. Жакшы команда чогулду", — деди Медея Ясониди.

Операда бир эле аял солист — Лариса Келль бар. Анын айтымында, бул роль ар бир драмсопрано үчүн маанилүү. Артист бул опера классика эмес, чектен ашкан түшүнүк экенине токтолду.

Ал эми Рамиз Усманов "Тоска" операсы чоң чыгарма деп эсептейт.

"Аткаруучулардын бир гана ырдап коюу эмес, сезимдерин билдирүүсү, оюнда ойношу талап кылынат. Кудай буюрса, баары жакшы болот", — деди Усманов.

Артисттер даярданып жатышканын жана Кыргызстанда көптөгөн таланттуу аткаруучулар бар экенин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0