Карыбекованын "Аалам сулуусунда" купальник жана кечки көйнөк кийип чыккан видеосу

© AFP / Lillian SUWANRUMPHAБегимай Карыбеков на конкурсе "Мисс Вселенная — 2018"
Бегимай Карыбеков на конкурсе Мисс Вселенная — 2018 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сулууларды эл кол чаап коштоп турду.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бангкокто "Аалам сулуусу — 2018" эл аралык сулуулук конкурсунда купальник жана кечки кийимдердин таймашы өттү.

РИА Новости агенттигинин билдиришинче, IMPACT көргөзмө-спорт комплексинде өткөн иш-чарага келгендер 93 катышуучунун бардыгын дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алды.

Сахнага алты кыз катары менен чыгып, микрофонго өзүлөрүн тааныштырды. Андан кийин купальникчен сахнага чыгышты. Кыргызстандын атынан катышкан Бегимай Карыбекова да сахнага чыккан учурундагы видеону Instagram баракчасына жарыялады.

Андан соң бийкечтер кечки көйнөк кийип чыгышты. Кыргызстандык сулуу өз видеосун Instagram баракчасы аркылуу бөлүштү.

Маданий иш-чаранын соңунда катышуучулардын бардыгы сахнага чыгып, залда отургандар тура калып кол чабышты.

Бир нече күн мурда Кыргызстандын атынан катышкан Бегимай Карыбекова улуттук кийим менен чыгып, көпчүлүктүн купулуна толгон

67-жолу уюштурулуп жаткан "Аалам сулуусу — 2018" конкурсунун финалы 17-декабрда Бангкок шаарындагы Impact Arena көргөзмө борборунда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0