"Кыргыз кереметин" жараткан залкарлар. "Улан" тасмасындагы таберик сүрөт

782
(жаңыланган 18:26 26.12.2018)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Съемки фильма Улан
© Фото / Александр Федоров

Кыргыз киносунун өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошкон инсандардын сүрөтү 1977-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Биринчи катарда оңдон солду көздөй турган "Улан" тасмасынын директору Валерий Скрыльников, экинчи режиссер Константин Орозалиев, сүрөтчү-коюучу Совет Агоян, оператор Кадыржан Кыдыралиев, Кыргыз ССРинин Кинематография мамлекеттик комитетинин төрагасы Марклен Баялинов, жазуучу Чыңгыз Айтматов, актриса Гүлсара Ажыбекова, режиссер Төлөмүш Океев турат. Ал эки экинчи катарда оңдон солду карай отурган драматург Эркин Борбиев, актер Советбек Жумадылов жана Сүймөнкул Чокморов.

Ал жылы режиссер Төлөмүш Океев "Улан" тасмасын тартып, бир топ белгилүү инсандардын башын бириктирген.

Ошол учурду фотограф Александр Федоров мындайча эскерет:

"Мен "Улан" тасмасына башынан аягына чейин катышып калдым. Сүрөттөгү учур Бишкек шаарындагы атайын ижарага алынган бардын ичинде камерага түшүрүлгөн. Спирттик ичимдиктер пайдаланылган атайын бир эпизод тартылган. Анда Чокморов аракты аябай катуу ичкен жери бар болчу. Төлөмүш Океев жазуучу Чыңгыз Айтматовду мейманга чакырат. Ал киши жалгыз келбей дагы бирөөнү ээрчите келет. Андан соң режиссердун достору келип эл толуп калган. Мен аларды ошондо сүрөткө тартып калгам. Соңунда алар атайын кинону тартуу үчүн жайылган досторконго отурган эле. Негизи тасмада көптөгөн кызыктуу окуялар болгон. Мисалы, Сүймөнкулдун сентябрь айында сууга түшкөн эпизоду тартылыш керек болуп калды. Дублерго кайра-кайра арак куюп берип, сууга түшүрүп жатып керектүү кадрды тартканбыз. Күн бир топ эле сууктап кеткен, оорубасын дегенбиз", — деди Федоров.

Аракечтикти чагылдырган тасмада Сүймөнкул Чокморов, Вацлав Дворжецский, Асанкул Куттубаев, Арсен Өмүралиев, Советбек Жумадылов, Жапар Садыков, Наталья Аринбасарова, Жамал Сейдакматова, Гүлсара Ажыбекова, Леонтий Полохов, Мария Курманалиевалар образ жараткан.

1978-жылы Еревандагы Бүткүл союздук XI кинофестивалда Төлөмүш Океев мыкты режиссёрлук иши, ал эми Сүймөнкүл Чокморов эркектин ролун өтөсүнө чыгара аткаргандыгы үчүн сыйлыкка ээ болгон. Андан сырткары, Ташкенттеги V Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалында ошол эле номинациялар боюнча жеңишке жетишкен.

782
Белгилер:
актер, Сүрөт, режиссер, "Улан" тасмасы, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (103)
Тема боюнча
Арыкта аккан кан, өксүгөн Күйүкова. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Кожожаштын суйкайган Айкеси. "Ак илбирстин тукумундагы" таберик сүрөт
Ричард Тайсон менен кылыччан кыргыз балдар. "Чыңгыз хандагы" таберик сүрөт
Гүл кармап турган адам. Архив

Улуттук сүрөт өнөрүн көтөргөн Кыргыз эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды

57
Баатыр Жалиевдин чыгармалары Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда сакталып турат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 85 жаш курагында живописчи, график, КР эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирип, ага жазылган некрологду жарыялады.

Жалиевдин чыгармачылыгы өнөр жай жана айыл чарба темасына арналган. Ал өлкөдөгү эпкиндүү курулуштарды, элет жерлериндеги өзгөрүүлөрдү көркөм чагылдырып, мезгилдин кеңири полотносун жараткан. Сүрөтчүнүн "Өнөр жайлуу Ош" (1966), "Ош курулуп жатат" (1972), "Хайдаркан комбинаты", (1974) аттуу чыгармалары түштүк жергесиндеги кубаттуу ишканаларда иштеп жаткан жумушчуларды, алардын эмгегин, көркөм образын жаратып, кыргыз жумушчуларынын эсте каларлык галереясын түзгөн. Жанрлуу-портреттүү "Тогуз коргоол" (1974) чыгармасы Баатыр Жалиевдин чыгармачылык чоң жетишкендиги болуп эсептелет.

Баатыр Жалиевдин көркөм сүрөттөрү республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарга арзыган. Сүрөтчүнүн чыгармалары Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда сакталып турат.

Сүрөтчү көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал кыргыз интеллигенциясынын эсте каларлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн бийик деңгээлге көтөргөн.

Жалиев графика жаатында мыкты картиналардын циклин жаратты. Сүрөтчүнүн дүйнө таанымы, көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал кыргыз интеллигенциясынын эсте каларлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн бийик деңгээлге көтөргөн.

Сүрөтчүнүн көп жылдык изденүүсү аркылуу улуттук сүрөт маданиятында "Сизизм" көркөм формасы жана агымы жаралган. Бул агымдын негиз салуучусу катары улуттук сүрөт өнөрүнө жаңы дем кошуп, өзүнүн сүрөтчүлүк "мектебин" жараткан. Сүрөтчүнүн эмгектери учурда өзүнүн үй-музейинен орун алган. Баатыр Жалиевдин өз демилгеси менен негиздеген үй-музейи 2012-жылдан бери иштеп келет.

Баатыр Жалиевдин сүрөтчүлүк таланты жогору бааланып, "Эмгектеги артыкчылык" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ага КР эл сүрөтчүсү ардактуу наамы ыйгарылган.

Баатыр Жалиевдин тажиясы 2020-жылдын 31-майында Ош шаарында өтөт.

57
Белгилер:
Баатыр Жалиев, чыгармачылык, өмүр баян, өлүм, сүрөтчү
Тема боюнча
Таланттуу опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова көз жумду. Некролог
Видеоператор жумуш учурунда. Архив

Балдардын "Карек" кинофестивалына тасмалар кабыл алына баштады

57
Кинофестивалга 10-17 жаштагы окуучулар катыша алат. Алар каалаган жанрында "Мен жана коом", "Мен жана менин үй-бүлөм", "Бул менин дүйнөм" деген темаларда камерага же телефонго 10 мүнөткө чейин кыскаметраждуу кино тартышы керек.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Республикада балдар жана өспүрүмдөр арасындагы "Карек" кинофестивалы тасмаларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу "Карек" балдар кинофондунун жетекчиси Толкун Дайырбекова билдирди.

Анын айтымында, конкурска 10-17 жаштагы окуучулар катыша алат. Балдар каалаган жанрында "Мен жана коом", "Мен жана менин үй-бүлөм", "Бул менин дүйнөм" деген темаларда камерага же телефонго 10 мүнөткө чейин кыскаметраждуу кино тартышы керек.

"Катышуу акысыз. Эмгектер 2020-жылдын 5-октябрына чейин www.karek.kg сайты аркылуу кабыл алынат. Балдар тарткан кинолорду Кыргызстандын белгилүү киноишмерлери баалайт",— деди Дайырбекова.

Жеңүүчүлөр "Мыкты көркөм тасма", "Мыкты анимациялык тасма", "Мыкты документалдык тасма", "Мыкты режиссёр", "Мыкты оператор", "Мыкты сценарист", "Мыкты монтажер", "Мыкты жаш актёр", "Мыкты жаш актриса", "Калыстардын атайын сыйлыгы" номинациялары боюнча аныкталып, статуэтка, диплом жана баалуу белектер менен сыйланары кошумчаланды.

57
Белгилер:
кино, режиссер, кинофестиваль, балдар
Тема боюнча
Өмүрүн киного арнаган Геннадий Базаров 78 жашка толду. Сүрөттөгү ирмемдери
Жол кырсык. Архивдик сүрөт

Тамтыгы калбай калыптыр! Кантта кагышкан үч автоунаанын видеосу

0
Жол милициясынын берген маалыматы боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Эки киши жабыркаганы айтылды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кантта үч автоунаа кагышкан жол кырсыгы катталганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя болгон жерден тартып алынган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Жол милициясынын билдирүүсү боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Эки киши жабыркаганы айтылды. Каза болгондор жок.

Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыкка Honda Odyssey, ВАЗ 2107 жана Hyundai автоунаалары кабылган.

Кадрдан окуяга күбө болгондор капталына оодарылып калган Honda Odyssey машинасын тургузуп жатканын көрүүгө болот.

Ушу тапта ЖКККББ кызматкерлери иштеп жатышат, кырсыктын себеби такталууда.

0
Белгилер:
окуя, күбө, милиция, Кант, жол кырсык
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Түндө Кубакы ашуусундагы автокырсыктан бир аял каза тапты
Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Күбөнүн видеосу
Тосмого урунган автоунаа. Бишкектин чок ортосундагы жол кырсыгынын видеосу