Жумадыловду жандаган жаркындар. Базаровдун тасмасындагы таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Кыргыз кино жылдызы Айтурган Темирова, Советбек Жумадылов жана Гүлсара Ажыбекованын сүрөтү 1986-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ал жылы белгилүү режиссер Геннадий Базаров өзүнүн кезектеги тасмасынын үстүндө эмгектенген. Ошол учурду ал мындайча эскерет:

"Советбек Жумадылов "Приют для совершеннолетних" тасмасында нарколог дарыгердин ролун аткарган. Кыргыз киносунун чоң классиги эле. Мага сүрөттөгү Жумадылов, Темирова, Ажыбекова менен иштешүү өтө жеңил болчу. Жада калса репетиция да кылчу эмеспиз. Режиссер катары аларды өзүм тандачумун. Бири-бирибизди өтө жакшы түшүнчүбүз. Ошондуктан алар менин көп тасмамда тартылышты. Эмгегибизди кийин көрүүчүлөр да жакшы кабыл алган. Анткени ошол учурда мамлекет алкоголдук суусундуктарды ичүүгө толук тыюу салган эле. Кино жакында Москвада да көргөзүлүптүр, элден уктум. Биздегилер эмнеге социалдык көйгөйлөрдү чагылдырган ошол фильмди көргөзбөй жаткандыгын түшүнбөйм", — деди Базаров.

Ошондой эле ал тасмада Эдилбек Чокубаев, Николай Марусич, Борис Гитин, Марат Алышбаев, Марианна Катаева, Мария Абакирова, Димаш Ахимов, Эмил Борончиев да образ жараткан.

Коомдогу аракечтик көйгөйүн чагылдырган социалдык фильм бир жыл аралыгында Бишкек шаарында тартылып бүтүп, кийинки жылы бардык союздук республикаларда көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0