Жазуучу Токомбаев режиссер Сыдыковдун башынан сылап. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Белгилүү акын, жазуучу Аалы Токомбаев менен режиссер Төлөгөн Сыдыковдун сүрөтү 1984-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ал жылы улуу калемгер жөнүндө тасма тартуу иштери жүргөн.

Ошол учурду эскерген Сыдыков жазуучу туурасында тартылган фильмдин экинчи режиссеру болгонун айтып берди.

"Аалы Токомбаевди кичинекей кезимден эле таанычумун. Анткени Саякбай Каралаев, Иса Ахунбаев, Темиркул Үмөталиев болуп бир көчөдө чогуу жашачубуз. Жазуучу кийин мени адабий катчы болуп бер деп жумушка чакырып калды. Анда бир жарым жылдай иштегем. Сүрөт жөнүндө айтсам, ал жылы Токомбаев жөнүндө атайын тасма тартылган. Мени "Кыргызфильмден" экинчи режиссер болуп бер деп чакыртышкан эле", — деди режиссер.

Кыргыз эл жазуучусу, акын Аалы Токомбаев 1988-жылы 84 жаш курагында каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0