Сүрөтчү Кадыр Мусаев териден маңкурттун образын жасады

Ысыккөлдүк сүрөтчү териден маңкурттун образын жасады

942
(жаңыланган 18:21 09.01.2019)
Инсталляцияны карап турсаң, маңкурттун бети-башында тырыктар бар. Кыйналып, азап чеккен адамдын образы дароо көзгө урунат.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну, сүрөтчү Кадыр Мусаев териден маңкурттун образын жасап, эмгеги Каракол шаарындагы аймак таануу музейине коюлду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.

Автор бул эмгекти Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөтчүлөрдүн облустук көргөзмөсүнө катышуу үчүн жасап, инсталляция номинациясы боюнча жеңип алган. Мында Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынын башкы каарманы Жоломандын образы алынган.

  • Скульптура художника Кадыра Мусаева
    Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну, сүрөтчү Кадыр Мусаев териден маңкурттун образын жасап, эмгеги Каракол шаарындагы аймак таануу музейине коюлду.
    © Sputnik
  • Скульптура художника Кадыра Мусаева
    Автор бул эмгекти Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөтчүлөрдүн облустук көргөзмөсүнө катышуу үчүн жасап, инсталляция номинациясы боюнча жеңип алган.
    © Sputnik
  • Художник Кадыр Мусаев
    Мында Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынын башкы каарманы Жоломандын образы алынган.
    © Sputnik
1 / 3
© Sputnik
Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну, сүрөтчү Кадыр Мусаев териден маңкурттун образын жасап, эмгеги Каракол шаарындагы аймак таануу музейине коюлду.

"Эмнеге маңкуртту жасадым? Бул учурдун өтө актуалдуу темасы. Азыр биздин өлкөдө арабдашуу, европалашуу, америкалашуу саясаты жүрүп жатат. Маңкурт өз энесин атат. Бул — өз тамырына балта чабууга барабар. Биз ошондой болуп өзүбүздүн ата-тегибизди унутуп баратабыз. Эгер тилибизди, дилибизди унутсак, улут катары жоголобуз", — деди Мусаев.

Инсталляцияны карап турсаң, маңкурттун бети-башында тырыктар бар. Кыйналып, азап чеккен адамдын образы дароо көзгө урунат.

Автор аны жасоодо тери, топоздун жүнү, гипс, зым жана сетка сыяктуу материалдарды колдонгон.

Түп районунун Күрмөнтү айылында 1958-жылы туулган өнөрпоз Бишкектеги Көркөм сүрөт окуу жайын аяктаган. Мусаевдин өзгөчөлүгү — ал иштетилген тери сатып албайт. Эч кандай химикаты жок, бабалардын ыкмасы менен иштетет.

Өз кесиби сүрөтчү-коюучу.  Акыркы жолу Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" фильминде бугунун башын жасап, шамандын ролун ойлогон. Россиялык кинорежиссер Владимир Хотиненконун "Викингдер" аттуу тасмасына төрт ат жасап берген. 

942
Белгилер:
инсталляция, маңкурт, Каракол, Ысык-Көл
Тема боюнча
Балыкчыда жыгач арабанын инсталляциясы жасалды. Сүрөт
Кыргызстандык режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун архивдик сүрөтү

Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Россияда эки сыйлыкка татыды

51
(жаңыланган 10:40 24.10.2020)
Кинофильм залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде 2018-жылы тартылган. Режиссёр фильм тууралуу идея Айтматовдун көзү барында эле жаралганын айтат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" картинасы Россияда өтүп жаткан XXIX "Киношок" ачык фестивалында дароо эки сыйлыкка татыктуу болду. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы киностудиянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Толук метраждуу фильмдердин сынагында калыстар тобу Артур Аманалиевди "Шамбаладагы" баланын образын чеберчилик менен көркөм ачып бергени үчүн сыйлады.

Кыргыз режиссёрлорунун "Акыркы көч" тасмасы Таллиндеги фестивалга катышат

Ал эми "Мыкты музыка" сыйлыгы композитор Мурзали Жээнбаевге ыйгарылды.

"Шамбала" Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.

51
Белгилер:
Артыкпай Сүйүндүков, Кыргызстан
Тема боюнча
"Оскар – 2020": сыйлык ээлери, 44 млн. доллар корогон салтанат
Кинопленка. Архивдик сүрөт

Кыргыз режиссёрлорунун "Акыркы көч" тасмасы Таллиндеги фестивалга катышат

26
"Темные ночи" кинофестивалы — Канн, Венеция жана Берлин кинофестивалдары сыяктуу дүйнөлүк абройго ээ.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Режиссёр Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Акыркы көч" аттуу тасмасы Таллинде өтө турчу "Темные ночи" кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине режиссёр Дастан Жапар уулу билдирди.

Анын айтымында, фестиваль 18-ноябрдан 29-ноябрга чейин Эстонияда өтөт.

"Акыркы көч" тасмасы "Кыргызфильм" киностудиясы жана "Билимкана" коомдук фонду менен биргеликте тартылды. Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу белгилүү актёрлор роль жаратты", — деди Жапар уулу.

Белгилей кетсек, "Темные ночи" кинофестивалы 2014-жылдан тарта "А" категориясына кирген. Башкача айтканда, Канн, Венеция жана Берлин кинофестивалдары сыяктуу дүйнөлүк абройго ээ.

Москвада кыргыз театрын ачкан Козубаева: репетиция батиримдин бир бөлмөсүндө өтөт

2018-жылы белгилүү режиссёр Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы аталган кинофестивалда баш байгени жеңип алган.

26
Белгилер:
сынак, режиссер, тасма, кинофестиваль, Таллин
Тема боюнча
Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды
Кыргызстан тууралуу тасма эл аралык фестивалда гран-при алды. Видео
Киберкоопсуздук. Архивдик сүрөт

Медведев БУУ аянтчасындагы киберкоопсуздук боюнча келишимге чакырык жасады

0
(жаңыланган 18:15 24.10.2020)
Медведев Россия дүйнө коомчулугун киберкылмыштуулукка каршы биргеликте күрөшүп жана маалымат айдыңда коопсуздукту камсыздап алууга бир нече ирет чакырык таштагандыгын айтты.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Эл аралык киберкоопсуздук боюнча архитектура азыркы заманбап чакырыктарга эле жооп берип чектелбестен, технологиялык прогресстин келечегин да эске алышы керек. БУУнун түзүмдөрү бул жааттагы коопсуздукту камсыздоодо эл аралык келишимдердин аянтчасы болуп бере аларын РФтин Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары Дмитрий Медведев БУУнун 75 жылдыгына арналган макаласында жазды.

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын макаласын толугу менен RT телеканалынан таанышууга болот.

Дүйнө чарчады. Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү

"Глобалдуу маалымат айдыңында коопсуздукту камсыздоо принципиалдуу мааниге ээ болуп бара жатат. Эл аралык киберкоопсуздук боюнча архитектура азыркы заманбап чакырыктарга эле жооп берип чектелбестен, технологиялык прогресстин келечегин да эске алышы керек", — деп айтылат макалада.

Медведев бул боюнча кылмыштардын арбып бара жаткандыгын да жазган.

"Санариптин өнүгүшү, тилекке каршы, маалыматтык айдыңда кылмыштардын арбышын жаратат (анын пандемия учурунда көбөйүп кеткендигин байкоого болорун белгилей кетели)", — деген ал.

Медведев Россия дүйнө коомчулугун киберкылмыштуулукка каршы биргеликте күрөшүп жана маалыматтык айдыңда коопсуздукту камсыздап алууга бир нече ирет чакырык таштагандыгын айтты.

Ал БУУнун Башкы Ассамблеянын 73-сессиясында көпчүлүк добуш менен россиялык резолюция кабыл алынгандыгын эске салды.

Медведев пандемия маалындагы мамлекеттердин башкы милдети тууралуу айтты

"Аталган резолюциянын зарылдыгы улут аралык мүнөздөгү чакырыктар эл аралык коомчулуктун жапа тырмак катышуусунда гана майнаптуу болорунда турат. БУУнун түзүмдөрү бул жааттагы коопсуздукту камсыздоодо эл аралык келишимдердин аянтчасы болуп бериши мүмкүн. Ал эл аралык укуктун ченемдерине, принциптерине таянат, маалымат тармагындагы жалпы кызыкчылыктарга жооп берет", — деп айтылган макалада.

Медведевдин айтымына караганда, мындай нерсе "эл аралык тынчтык менен коопсуздукту колдоону арттырып, аны менен катар эле эл аралык укукта макулдашылбаган технологияларды колдонууга жол бербейт".

0
Белгилер:
резолюция, киберкылмыштуулук, пандемия, Дмитрий Медведев, БУУ, Россия
Тема боюнча
Медведев БУУда "өзөктүк бештиктин" жеке саммитин өткөрүүнү сунуштады