"Дарак ыры" тасмасы Бангладештеги конкурста мыкты аталды

© Фото / Централ Азия фильмАйбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасынан кадр. Архив
Айбек Дайырбековдун Дарак ыры тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданий иш-чарада 72 мамлекеттен келген 220 кино көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы Дакка шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Азиядагы тасмалар" негизги конкурстук программада "Эң мыкты" аталды. Бул тууралуу кинонун продюсери Толкун Дайырбекова билдирди.

Ага ылайык, сыйлык тапшыруу аземи 18-январда өткөн. Ал эми конкурс 10-18-январда болгон.

Баш байгени Signal Rock (Филиппин) киносу алды.

Фестиваль Rainbow кино коомчулугу тарабынан уюштурулуп, Бангладеште жогорку искусствону өнүктүрүү болуп саналат.

Маданий иш-чарада 72 мамлекеттен келген 220 кино көрсөтүлгөн. Бангладештеги эл аралык кинофестивалына Кыргызстандын атынан беш тасма катышкан. Алар:

— "Азиялык тасмалар" номинациясына — Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы;

— "Кыз-келиндер режиссерлук кылган тасмалар" секциясына — Елизавета Стишованын "Сулайман тоо" жана Чолпонай Бөрүбаеванын "Өмүр" тасмалары;

— "Руханий азык" номинациясына — Айзада Алымбек кызынын "Өзөк" тасмасы;

— "Кыска метраждуу тасмалар" секциясына — Асел Чоткараеванын "Периште" эмгеги.

"Дарак ыры" тасмасынын авторлору менен болгон маекти бул жактан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0