Сузак районундагы өзбек тилдүү №2 мектебинде эмгектенген мугалим Махамаджан Мадаминов өз каражатына коомдук ишмер Шабданбай Абдыраманов атындагы Адабият, искусство, музыка музейин ачты

Патефон, 119 жыл мурда чыккан гезит. Сузактык мугалимдин жеке музейиндеги кызыктар

512
(жаңыланган 10:24 09.02.2019)
Элеттик мугалим өзү иштеген мектепке чейин 10 чакырым аралыкты жөө басып келет

ЖАЛАЛ-АБАД, 9-фев. – Sputnik. Сузак районундагы өзбек тилдүү №2 мектебинде эмгектенген мугалим Махамаджан Мадаминов өз каражатына коомдук ишмер Шабданбай Абдыраманов атындагы "Адабият, искусство, музыка" музейин ачты.

  • Сузак районундагы өзбек тилдүү №2 мектебинде эмгектенген мугалим Махамаджан Мадаминов өз каражатына коомдук ишмер Шабданбай Абдыраманов атындагы Адабият, искусство, музыка музейин ачты
    Сузак районундагы өзбек тилдүү №2 мектебинде эмгектенген мугалим Махамаджан Мадаминов өз каражатына коомдук ишмер Шабданбай Абдыраманов атындагы "Адабият, искусство, музыка" музейин ачты
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Чыгармачылыкка кызыккан 69 жаштагы элеттик мугалим күн сайын 10 чакырым алыстыкта жайгашкан кошуна айылдагы мектепке келип, окуучуларга музыка сабагынан билим берип келет
    Чыгармачылыкка кызыккан 69 жаштагы элеттик мугалим күн сайын 10 чакырым алыстыкта жайгашкан кошуна айылдагы мектепке келип, окуучуларга музыка сабагынан билим берип келет
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Ал аталган музейди түптөөнү 1996-жылы баштап, 21 жыл өткөн соң 2017-жылы апрель айында ачты
    Ал аталган музейди түптөөнү 1996-жылы баштап, 21 жыл өткөн соң 2017-жылы апрель айында ачты
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Махамаджан Мадаминов музейди түптөө үчүн бир топ тер төгүүгө туура келгенин айтат.
    Махамаджан Мадаминов музейди түптөө үчүн бир топ тер төгүүгө туура келгенин айтат.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Сузак районундагы өзбек тилдүү №2 мектебинде эмгектенген мугалим Махамаджан Мадаминов өз каражатына коомдук ишмер Шабданбай Абдыраманов атындагы "Адабият, искусство, музыка" музейин ачты

Чыгармачылыкка кызыккан 69 жаштагы элеттик мугалим күн сайын 10 чакырым алыстыкта жайгашкан кошуна айылдагы мектепке келип, окуучуларга музыка сабагынан билим берип келет.

Ал аталган музейди түптөөнү 1996-жылы баштап, 21 жыл өткөн соң 2017-жылы апрель айында ачты.

Өз өмүрүн балдарга билим берүүгө арнаган агартуучу кыргыз-өзбек акындарынын жана жалпы эле өнөр адамдарынын музейин түптөө үчүн мектептин бир бөлмөсүн оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Учурда бул музейде 400гө жакын китеп, 40тан ашуун классик жазуучулардын сүрөттөрү, 1930-жылдан 1970-жылга чейинки облустагы маданият тармагына байланышкан сүрөттөр, 1950-жылы колдонулган патефондор бар.

Мындан сырткары, 20дай музыкалык жабдыктар менен аспаптардын түрү да коюлган. 1950-жылдарга таандык грампластинка жана мындан 119 жыл мурда чыккан "Искра" гезитинин алгачкы саны экспонаттардын катарын толуктап турат. Ошондой эле Жалал-Абад облусунан чыккан 450дөй чыгармачыл инсандын тарых-таржымалы, алардын 300дөй эмгектери да бар.

Махамаджан Мадаминов музейди түптөө үчүн бир топ тер төгүүгө туура келгенин айтат.

"Чындыгында экспонаттарды топтоо бир топ кыйынга турду. Себеби бардык экспонаттарды өзүмдүн пенсияма, айлыгыма жана жеке каражатыма алдым. Мындан сырткары, дос, ага-инилерим да жардам көрсөтүп, музейдин ачылышына себепчи болушту", — деди ал.

Анын айтымында, музыкалык эски аспаптарды өз каалоосу менен бекер бергендер акыркы жылдары жокко эсе боло баштаган. Ошол себептен өз каражатына болсо да музейди ачууну максат кылган.

Элеттик мугалим өзү иштеген өзбек тилдүү мектепте мамлекеттик тилдеги маданий китептерге, баалуулуктарга басым жасап келет.

Анын айтымында, мындай кадам балдардын музыкалык сабатын гана жойбостон, аларды мамлекеттик тилди сүйүүгө да тарбиялайт.

Махамаджан агайдын ар бир сабагы Кыргызстандын гимни менен башталат. Ал өзбек тектүү окуучуларды мамлекеттик тилде сүйлөөгө ыр аркылуу үйрөтүп келет. Анын бул ыкмасы окуучуларга да жагат. Өзү негиздеген музейиндеги экспонаттар менен окуучуларга чыгармачыл чөйрөнүн алптарынын өмүр жолун да тааныштырып турат.

512
Белгилер:
тил, экспонат, музей, мугалим, Жалал-Абад облусу
Тема боюнча
Рахманкул хандын алтын жана пилдин сөөгүнөн жасалган мөөрү. Үй-музейге саякат
Солтобаев: музейге экспонатты болгарка менен кесип киргизишиптир