Кечээ борбор калаада Жылдын чоң энеси деп аталган улуттук сынак өттү

Бишкекте көркөмдүү байбиче үлгүлүү чоң энени тандашты. Сүрөт

142
(жаңыланган 09:47 12.02.2019)
Сынакта кыргызстандык чоң эне эми дүйнөлүк масштабга чыгып, "Ааламдын чоң энеси - 2019" сынагына катыша турган болду.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кечээ борбор калаада "Жылдын чоң энеси" деп аталган улуттук сынак өткөндүгүн Sputnik Кыргызстандын кабарчысына иш-чаранын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова билдирди.

  • Накануне в столице прошел национальный конкурс красоты Бабушка года
    Кечээ борбор калаада "Жылдын чоң энеси" деп аталган улуттук сынак өттү
    © Sputnik / Азамат Кылычев
  • Накануне в столице прошел национальный конкурс красоты Бабушка года
    Кыргызстандын ар кыл облустарынан 21 байбиче келген
    © Sputnik / Азамат Кылычев
  • Накануне в столице прошел национальный конкурс красоты Бабушка года
    Сынактын аягында калыстар тобу жылдын мыкты чоң энеси деп Гүлнура Мамбетакунованы аныктаган
    © Sputnik / Азамат Кылычев
  • Накануне в столице прошел национальный конкурс красоты Бабушка года
    Биринчи вице-мисс Раиса Усенакунова, экинчи орунга Паризат Айтманбетова чыккан
    © Sputnik / Азамат Кылычев
  • Накануне в столице прошел национальный конкурс красоты Бабушка года
    Алгачкы эки жеңүүчүгө диплом жана атайын белек — Дубайга жолдомо тапшырылды. Калгандары Ысык-Көлгө барып эс алып келе турган болушту.
    © Sputnik / Азамат Кылычев
1 / 5
© Sputnik / Азамат Кылычев
Кечээ борбор калаада "Жылдын чоң энеси" деп аталган улуттук сынак өттү

Анын айтымына караганда, Кыргызстандын ар кыл облустарынан 21 байбиче келген.

"Алардын эң жашы 40та, ал эми улуусу 80 жашта экен", —деп Намазбекова айтып берди.

Сынактын аягында калыстар тобу жылдын мыкты чоң энеси деп Гүлнура Мамбетакунованы аныктаган. Биринчи вице-мисс Раиса Усенакунова, экинчи орунга Паризат Айтманбетова чыккан.

Алгачкы эки жеңүүчүгө диплом жана атайын белек — Дубайга жолдомо тапшырылды. Калгандары Ысык-Көлгө барып эс алып келе турган болушту.

Ушул эле конкурста сулуулардын эл аралык — "Ааламдын чоң энеси - 2019" сынагынын катышуучусу тандалып, дүйнөлүк масштабдагы таймашка Кыял Рысбаева аттана турган болду.

142
Белгилер:
сулуулук сынагы, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бетинин отун азайтпай... Кыргыз аялдары колдонуп келген сулуулук каражаттары