Салбуруун оюнчусу. Архив

Көчмөндүн духу! Кыргызстандан 1000ге чукул өнөрпоз Сауд Аравияга барат

763
Чыгармачыл топ жана спортчулар менен бирге Кыргызстандан Сауд Аравияга ат, ит жана куштар дагы алып барылат.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Көчмөндөрдүн турмушун көрсөтүү үчүн миңдей кыргызстандык өнөрпоз Сауд Аравиядагы Camel Fest эл аралык этнофестивалына барат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара 9-марттан 23-мартка чейин болмокчу. Анда 90го чукул өлкөнүн өкүлдөрү ырчы, бийчилердин концертин көрүп, каскадерлордун өнөрүнө, салбуурун жана көк бөрү оюнуна күбө болушат.

Чыгармачыл топ жана спортчулар менен бирге Кыргызстандан Сауд Аравияга ат, ит жана куштар дагы алып барылат. Буга байланыштуу бир нече рейс каттай турганын министрликтен кошумчалашты.

"Кыргыз тараптан фестивалды кошо уюштургандардын бири Этно оюндардын дүйнөлүк конфедерациясы болуп эсептелет. Алар Кыргызстанга эң көп — 1000 кишиге квота беришкен", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми жол кире, жатакана, тамак-аш жана байге фондусун кабыл алган тарап каржыламакчы.

763
Белгилер:
турмуш, көчмөн, фестиваль, Сауд Аравиясы
Тема:
2000дей кыргызстандык бара турган Сауд Аравиядагы Camel Fest (41)
Тема боюнча
Кыргызстандын 100дөй улакчысы аттары менен Сауд Аравияга барып көк бөрү ойнойт
Оркестр спектакль учурунда. Архив

Оркестр коллективдери арасында республикалык кароо-сынак жарыяланды

24
Сынакта катышуучулардын жашы, улуту жана сунуштала турган музыкалык чыгармалардын жанрларына чек коюлбай турганы айтылды.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата оркестр (эл аспаптар) коллективдери арасында республикалык кароо-сынак жарыяланып жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, сынактын максаты — Кыргызстандын эл-жерин даңазалаган эл аспаптар оркестрлеринин жаңы чыгармаларын жаратып, аларды кеңири жайылтуу.

"Кароо-сынак эки номинация боюнча өткөрүлөт. Биринчиси эл аспаптар оркестрлери (атуулдук чыгармалар), экинчиси аспапчылык багытта. Чыгармалар оригиналдуулугу, музыканын дал келиши, музыкалык формалардын даана жана так сакталышы, оркестрде иштеп чыгуу критерийлери менен бааланат", — деп айтылат маалыматта.

Сынакта катышуучулардын жашы, улуту жана сунуштала турган музыкалык чыгармалардын жанрларына чек коюлбай турганы кошумчаланды.

"Катышуучулар чыгармаларын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборго "Эгемендүүлүккө 30 жыл" сынагына деп белгилеп жөнөтүүсү керек", — деп айтылат билдирмеде.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык каралган. 1-орун — 50 миң сом, 2-орун — 40 миң, ал эми 3-орунга 30 миң сом ыйгарылат. Сыйлыктарды тапшыруу аземи лауреаттардын гала-концерти менен коштолуп, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турганы кошумчаланды.

24
Белгилер:
байге, маданият, чыгарма, оркестр, сынак
Тема боюнча
Байге фонду 345 миң сом. Эл-жер тууралуу ырлар сынагы жарыяланды
Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

230
(жаңыланган 18:05 14.06.2021)
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков соңку учурда манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилгенин белгиледи.

Манасчылык мектебин ачуу менен эпостогу коошпостуктар жөнгө салынат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, буга чейин манасчылык боюнча жалгыз Тыныбек Жапый уулунун гана мектеби болгон.

"Мектептерде "Манас таануу" сабагы кирип жатканына карабастан манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилди. Тарыхта манасчылык боюнча бир эле мектеп болгон. Ал чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунуку. Маселен, Сагынбай Орозбаков, Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов), Молдобасан Бусурманкулов, Байбагыш, Деңизбай сындуу залкар манасчылар ошол мектептен өткөндүктөн, алардын "Манасында" эпостун окуясы системалуу түрдө, иреттүү, көркөм берилген. Мектептен таалим алгандар менен андан өтпөгөн манасчылардын варианты кескин айырмаланат. Бул манасчылык деңгээлдин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип, кийинки муунга көркөм, бай варианттагы эпосту калтырат. Албетте, ар кимдин өзүнүн варианты бар. Маселен "Манастын" — 80, "Семетейдин" 50гө чукул, "Сейтектин" 23төй варианты айтылып жүрөт. Ушулардын ар биринин сюжетинде айырмачылык бар. Эл кайсынысын кабылдап, кимисиникин туура деши керек? Бул бир мектептен окубагандыктан улам келип чыгууда. Мына ушул кемчиликти жоюп, системалуу түрдө иш алып баруу үчүн манасчылык мектебин ачуу мерчемделүүдө", — деди Талантбеков.

Ошондой эле мектептен окууну каалагандар азыртадан даярдык көрүп баштоосу керектигин кошумчалады.

230
Белгилер:
эпос, мектеп, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Манасчы Баянгали Алимжанов үчилтикти бириктирип казак тилинде китеп чыгарды
Бишкек ТЭЦинин кызматкрелери. Архив

Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты

0
(жаңыланган 14:55 16.06.2021)
Министр тарифтик жаңы саясат иштелип жатканда бардыгы эске алынгандыгын айтты. Ал энергосистемада каатчылык жок деп билдирди.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстанда эч кандай энергетикалык кризис жок деп билдирди. Ал журналисттерге маалымат берип жатып, энергетиктер кадимки режимде иштеп жаткандыгын айтты.

"Энергетикалык эч кандай кризис жок. Буга силерди ишендирип кетмекчимин. Эгерде бизде баары жаман дей берсек, ошондой болот. Өлкөдө электр энергиясы да өчүрүлгөн жок. Ооба, күзгө-кышка даярдыктын алкагында өчүрүүлөр болот, бирок алар оңдоп-түзөө иштери үчүн алдын ала пландалып жасалат. Кээде чукул кырдаалдар болуп калат, бул эми жашоодогудай эле көрүнүш. Машина кетип баратып өчүп калгандай эле нерсе", — деп түшүндүрдү Бекмурзаев.

Ал министрликтин электр кубатына болгон тарифти көтөрүү долбоору туурасында да айтып берди.

Анын маалыматына караганда, министрлик бул маселеде эл үчүн орток вариантты тапканга аракет кылган.

"Биз бардык алгоритмдерди эске алдык. Кененирээк дагы айтып беребиз. Киреше тапкан деңгээлге чыгаруу үчүн бүгүн биз баарын энерго тармакка салышыбыз керек. Бирок азыркы маалда киреше туурасында сөз жок. Себеби азыр колубузда турган нерсени эртең өнүктүрө тургандай кылып сактап калышыбыз керек", — деди министр.

Долбоордо эл үчүн бирдей тарифти (1,09 сом) коюу сунушталган. Анткен менен акырындап көтөрүү пландалган. Элге жана насостук станцияларга электр энергиясынын тарифин 2022-жылы 17,5 пайызга, 2023-жылы 15 пайызга көбөйтүү каралууда. Ал эми 2024-жылдан баштап калк үчүн тариф иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын деңгээлине карата түзөтүлүп турары айтылган.

0
Белгилер:
тариф, электр кубаты, Доскул Бекмурзаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Сунушталган 1,09 сомдук тарифти жыл сайын көбөйтүүнү айтышууда. Канчага өсөт?
Өзбекстанда жеке компаниялар электр энергиясын сааттап сата баштайт