400 кыргызстандык Сауд Аравиядагы Camel Fest фестивалына жөнөп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековЭтнофестивалдын катышуучулары. Архив
Этнофестивалдын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчүлөрдү аэропортко чейин ташуу үчүн жети автобус тартылган.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Сауд Аравиядагы Camel Fest фестивалына катышуу үчүн 400 кыргызстандык учуп кеткенин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, иш-чаранын катышуучулары бүгүн түнкү саат үчтө эски аянттын жанына чогулуп, маданият министри Азамат Жаманкулов менен жолугушуу өткөргөн.

Жүргүнчүлөрдү аэропортко чейин ташуу үчүн жети автобус тартылып, аларды Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери коштоп барган.

III Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан
2000дей кыргызстандык барчу Camel Fest. Сауд Аравиядагы фестивалдын таржымалы
Фестивалга бара турчулар эки рейс менен кеткен. Эртең мененки 8:30да маданият жаатындагы 200 киши, ал эми жарым сааттан кийин спорт тармагындагы 200 адам учуп кеткен.

Эскерте кетсек, Camel Fest фестивалы 9-мартта башталып 23үнө чейин созулат. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнсө, башка мамлекеттерге 15-20дай адамга чакыруу жиберилген. Ал жактан "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалын көрсөтүшөт. Кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравияда 15 гектар жер берилип, учурда ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулат. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0