Кинопленка. Архивное фото

"Кызыл алма", "Кентавр", "Түнкү кырсык". Минскиде кыргыз кинолору көрсөтүлөт

120
Жумалыкты Белоруссиянын Маданият министрлигинин колдоосунда Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилиги уюштурууда.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Белоруссияда кыргыз киносунун жумалыгы өтөрүн Кинематографты колдоо фондусунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргыз режиссерлору тарткан тасмалар 4-6-март күндөрү Минск шаарында көрсөтүлөт.

Белорус кино сүйүүчүлөрү бул күндөрү Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма", Актан Арым Кубаттын "Кентавр" жана Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" фильмдерин көрө алат.

Жумалыкты Белоруссиянын Маданият министрлигинин колдоосунда Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилиги уюштурууда.

 

120
Белгилер:
Кыргызстан, кино, жумалык, тасма
Тема боюнча
"Дарак ыры" тасмасы Бангладештеги конкурста мыкты аталды
"Ак Илбирс — 2019" кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды
КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары Айбек Мусаев

Мусаев: "Кыргыз радиосунун" 90 жылдыгы мамлекеттик масштабда өтөт

8
(жаңыланган 12:36 14.05.2021)
КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары Айбек Мусаев "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү мерчемделип жатканын маалымдады.

"Кыргыз радиосунун" 90 жылдан бери эфирден жаңырып, коомдун саясий-экономикалык, адабий, маданий жана башка турмушун чагылдырып келет. Уктуруулар атайын архив болуп саналган алтын казынада сакталып турат. Бул тууралуу Айбек Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Мусаев: "Кыргыз радиосунун" 90 жылдыгы мамлекеттик масштабда өтөт

Анын айтымында, интернеттин өнүгүүсү менен радио пассивдүү маалымат каражаты саналганы менен заман талабына жараша ыңгайлашуу мүмкүнчүлүгү бар.

"Өз кезегинде дүйнөдө ыкчам маалымат таратуучу каражат катары радио саналып келсе, учурда салттуу ЖМК катары эсептелет. Радио угармандар маалымат алуучулардын 72 пайызын түзөт деп айтылганы менен учурда башка маалымат каражаттарына караганда пассивдүү болууда. Ошентсе дагы ал өзүнүн салттуу багытын сактап келе жатат. Заманбап техниканын көмөгү менен визуалдашып, интернет аркылуу эфирге чыгып, оперативдүү, ыкчам маалымат таратууга ыңгайлашууда. КТРКнын "Кыргыз радиосу" FM жыштыгынан турган жалгыз радио болгон. 90 жылдан бери коомдун саясий-экономикалык жашоосун, адабият, маданият жана башка элдин турмушун чагылдырып келет. "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык мааракеси пандемияга туш келип калды. Ошого карабастан эпидемиологиялык абал жакшырса, күзгө чукул илимий-практикалык конференциялар пландалууда. Ал иш-чара эл аралык деңгээлде болсо деген максаттар бар. Учурда КТРКнын карамагында "Биринчи радио", "Кыргыз радиосу" жана "Миң кыял" болуп, үч түрдүү контенти бар. Кылымга тете убакытта "Кыргыз радиосунун" эфирден кеткен архиви алтын казынасында сакталып турат. Мындан тышкары, "Балдар FM" жана "Достук" деген редакциялар бар болчу. Алардын угармандары азайып, тийиштүү деңгээлде натыйжа бербегендиктен эки радиого чачыратылып, реорганизация жасалган. Мамлекет каржылап, мүмкүндүк түзүлсө балдар үчүн радио түзүү зарылдыгы бар. Учурда "Келечек" деп аталган радионун программалары иштелип чыккан", — деди Мусаев.

Ошондой эле ал радио-спектаклдерди кайрадан жаздыруу жөнгө салына баштаганын кошумчалады.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:

8
Белгилер:
маараке, КТРК, радио, Айбек Мусаев
Тема боюнча
Орокчиев: көзү өтүп кеткендердин маегин угуп "бул тирүү экен" дегендер болгон

Өкмөт үйүнүн алдындагы комбайн, тракторлор. Фрунзедеги таберик сүрөт

73
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Өкмөт үйүнүн алдындагы комбайн, тракторлор. Архив
© Sputnik / Александр Федоров

Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын борбордук аянтына тынчтык демонстрациясына чыккан эл менен айыл чарба техникаларынын сүрөтү 1970-жылдары тартылган.

Сүрөттүн автору Александр Федоровдун айтымында, шаар тургундары жыл сайын Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүндө чогулушчу. Ал жылдары советтик жарандар 1-майда тынчтык демонстрациясына чыгып, 7-ноябрда аскердик техникалардын парады уюштурулуп турчу.

Ошол кезеңди ата мекендик айыл чарба тармагынын ардагери, окумуштуу Жамин Акималиев мындайча эскерет:

"Убагында 1-Май майрамы жалпы элдик, эч кандай саясаты жок майрам эле. Катардагы жумушчу, жарандардан баштап, коммунист, партиянын катарында болбогондор деле катышчу. Ар бир мекеменин жамааты колуна ар кандай чакырыктарды көтөрүп алып, түрдүү ураандарды чакырып шаардын четинен чок ортосуна жетүү үчүн эки-үч саатка чейин жөө басып койчубуз. Ошондо көңүлү ачык, тынчтыкты эңсеген эл көчөгө бала-бакырабыз менен кошо чыкчубуз. Параддарга катышкан айыл чарба техникалары борбор калаанын тегерегиндеги колхоз, совхоздордон атайын айдап келинчү, ал кезде аларда техникалары арбын болчу. Азыр ошондой майрамды аябай сагынам, мамлекет уюштурса экен деп тилейм. Анткени биз колубузга гүл көтөрүп, башкаларды көрүп шыктанып, бир майрамдын алдында биригет элек", — деди Акималиев.

Илимпоз, ошондой эле, көчөгө чыккан эмгекчилердин сап башында СССРдин баатырлары Дайыр Асанов, Калыйнур Үсөнбеков, Социалисттик эмгектин баатыры Керимбүбү Шопокова, СССРдин эл артисти Сайра Кийизбаева, Муратбек Рыскулов жана өндүрүштүн алдыңкылары турганын кошумчалады.

73
Белгилер:
таберик сүрөт, парад, майрам, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Жусуп Мамай, Айтматов, Баекова, Жакиев. "Манас" мааракесинен таберик сүрөт
Согуштун балдары. Океев, Жакиев жана Байжиевдин таберик сүрөтү
Якутияда бугу издеген Болот Шамшиев, Жолон Мамытов, Айтурган Темирова. Таберик сүрөт
Centerra Gold Inc. компаниясынын алтын тазалоочу заводу. Архив

Канада менен Улуу Британиянын элчиликтери Кумтөр боюнча билдирүү жасады

0
(жаңыланган 13:17 14.05.2021)
Эки элчилик акыйкаттуу ишкерлик чөйрөсү COVID-19 пандемиясынан кийинки калыбына келтирүү иштеринде өзгөчө чечүүчү мааниге ээ экенин белгилешкен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстандын маанилүү инвестициялык өнөктөшү катары тоо-кен тармагына байланышкан акыркы окуяларга тынчсызданып турабыз. Бул тууралуу Канада менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиликтеринин Кумтөр кени боюнча жасаган бирдиктүү билдирүүсүндө айтылат.

Алар аталган кенге байланышкан окуялардын өнүгүшүнө көз салып турганын билдиришти.

"Биз "Ачык акционердик коомдор жөнүндө" кабыл алынган мыйзамы менен парламенттин 17-майдагы кезексиз отурумуна байланыштуу окуялардын өнүгүшүнө тыкыр көз салуудабыз. Түшүнгөнүбүз боюнча, Жогорку Кеңеш "Кумтөр Голд" компаниясын улутташтыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулайт. Бул эки учур тең Кыргызстанга келе турчу түз инвестицияларга кесепетин тийгизип калышы мүмкүн. Таза, акыйкаттуу ишкерлик чөйрөсү COVID-19 пандемиясынан кийинки калыбына келтирүү иштеринде өзгөчө чечүүчү мааниге ээ. Ал эми соодага жана чет өлкөлүк түз инвестицияга терс таасир берген чаралар кыргыз элинин ансыз да морт болуп турган экономикасына залалын тийгизет", — деп айтылат маалыматта.

Эки элчилик келишпестиктер Кыргызстандын министрлер кабинети жана чет өлкөлүк инвесторлордун сүйлөшүүсү аркылуу тез арада тынчтык жолу менен чечилерине ишеним артарын белгилешкен.

"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүүдөн чыккан чуу

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Президент Садыр Жапаров кол коюу убагында. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишимдин бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

11-май күнү компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман кенде болгон эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон. Анткен менен УКМКнын ала маалыматы боюнча, "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

0
Белгилер:
Улуу Британия, Канада, Кумтөр, Кыргызстан
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
"Кумтөрдүн" тагдырын чечкен комиссияга кимдер кирген. Тизме
Комиссия "Кумтөрдү" 4,2 млрд. долларлык доого жыгып, 106 тонна алтын алууну чечти