Министр — бий, мэр — бек. Илгери эл башындагыларды кантип аташкан

© Sputnik / Табылды КадырбековКультурные мероприятия в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын
Культурные мероприятия в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарыхта эркектердин саясий-коомдук ишмердүүлүгүндө алган наамдары убакыттын өтүшү менен өзгөрүп келген. Маселен, азыркы мамлекет башкаруучу президент болсо, илгери каган, кан, хан жана ажо деп аталган. Ошондой эле шаарды, урууну, айылды тескегендер өзгөчө наамга татыган.

Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасы дал ушул темада болот. Материалды даярдоого тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Илимдер академиясынын Тарых институтунда кыргыз элинин келип чыгышын иликтөө боюнча адис Рыскул Жолдошев көмөктөштү.

Каган — орто кылымдарда түрк элдери, анын ичинде кыргыздар мамлекет башкаруучуну атаган;

Кан, хан — "каган" сөзүнүн бара-бара кыскартылып айтылышы. Бул сөз өлкө башчыларына тиешелүү;

Ажо — мамлекет башкаруучу;

Атчан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туягынан от чыгып... "Манас" эпосундагы аргымактарды билесизби? 1-бөлүк
Бий — кыргыздын нукура сөзү, ал "бийлейт", "башкарат" дегенди түшүндүргөн. VIII-IX кылымдарда бийлер урууларды тескеген, азыркы тил менен айтканда "министр" дегенди туюндурат;

Акалакчы бий – майда урууларды тескеген адамдар;

Кашка — уруу башкаруучу же уруудан, жоокерлердин арасынан чыккан мыкты жетекчи, билгич адам;

Бек — бул наам да эл башкарган адамдарга берилген. Бекеринен кыргыздардын ысымдарынын аягы "бек" менен бүтпөйт;

Султан — XIII-XV кылымдарда ислам дининин таасиринен улам журт башында тургандар аталып калган. Султан - арабча "башкаруучу" дегенди түшүндүрөт;

Төрө — эл башкарган адам. Аталган сөз жуңгар-монгол тилдеринен кирген;

Баатыр — журт башчы. Түпкү мааниси "күчтүү" дегенди айгинелесе, XVII кылымдын орто ченинде эл башчылары жоокердик заманда көргөзгөн эрдиги үчүн "баатыр" атала баштаган. Мисалга Эсенгул баатыр, Атаке баатыр жана Шапак баатырды алса болот. XIX кылымдарда "баатыр" сөзү "мырза" сөзү менен тете болуп калган, маселен, "кел, баатыр", "отур, баатыр деп" айтып жүрүшөт;

Этно фестиваль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алтын жатын, кызыл камчы, төшөк салар... Көөнө сөздөргө көңүл коебуз
Манап. XVI- XVII кылымдарда сарыбагыш уруусунан чыккан Манап аттуу бий болгон. Ал элин жаңы тартипте башкарган. Тагыраагы, мал багып, эгин эгип, короо салган эмес. Таза кийинип, сылык-сыпаа сүйлөп этиканы жогору баалаган. Байлардан керектүү учурда союш алып, ошолордун эсебинен жашаган. Анан Манапты көргөндөр, "Мен дагы Манап болом, Манаптай болом" деп бийдин жолун жолдоп, бул кийинчерээк калк арасындагы ак сөөктүк катмар катары калыптанган. Манапчылык Россия Кыргызстанды каратып алгандан тартып кысымга алынып, Октябрь революциясынан кийин биротоло тап катары жоюлган;

Болуш (волость — ред.) — орус падышалыгынын Кыргызстанга киргизген аймактык-административдик бирдиги. Бир волосттун курамында 1000 түтүнгө чейин киши болгон. Аймактарды волосттук башкармалыктар тескеген. Аларды кыргыздар өз тилинде "болуш" деп аташкан;

Кокон хандыгындагы наамдар

Он башы — аскердик титул, он адамдан турган аскер бөлүгүн башкарган киши;

Паңсат — беш жүз аскердин башчысы;

Датка — бир чакан аймактын башчысы, адамдардын арыз-муңун, датын жеткирип турган киши;

Бек — шаардын башкаруучусу;

Парваначы — чоң аймакты башкаргандар. Азыркы тил менен губернатор;

Миң башы — миң адамдан түзүлгөн аскер бөлүгүн башкарган киши. Мамлекеттик жогорку кызмат;

Кушбеги — аскердик кошуунду тескеген адам. Мамлекеттик жогорку кызмат;

Увазир — хандын башкы кызматкери. Азыркыча айтканда премьер-министр;

Хан — мамлекет башчысы;

Аталык — хан жаш болсо, ал эрезеге жеткенге чейин хандын атынан мамлекетти башкарган адам.

Жаңылыктар түрмөгү
0