Ученый-филолог, первая кыргызская актриса Айша Карасаева с мужем филологом, тюркологом Кусейином Карасаевым

Жолдошунун алмаштыргыс редактору болгон. Айша Карасаева жөнүндө 6 факты

2040
(жаңыланган 23:13 08.03.2019)
Бүгүн кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү, актриса Айша Карасаеванын туулган күнү. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги чыгаан окумуштуу, агартуучу жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Айша Карасаева - белгилүү окумуштуу Кусеин Карасаевдин жубайы. 

Атасыз калган секелек. Айша Карасаева (кыз кезиндеги фамилиясы - Түмөнбаева) 1912-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Султаналы өзүнүн айылында мектеп ачып, директор болуп сабатсыздыкты жоюу менен алектенген. 1931-жылы ак жеринен камалып, ошол боюнча дайынсыз болгон. 12 бала төрөгөн энеси Асылкан колунан көөрү төгүлгөн аял экен. 

© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева
Айша Карасаева 1912-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Илимге умтулган кыз. Ата-эненин билим алса деген максатынан улам Айша  11 жашында бир жума бою жол жүрүп борбор калаага келет да, педагогикалык техникумда билим ала баштайт. Жакындарынан алыс жүргөн секелек күндүз сабакка барып, кечкисин жаңы курулуп жаткан жатакана, ашкананын курулуштарына кол кабыш кылып коомдук иштерге активдүү катышат. Ошол жылдары ал Петр Юдахинден сабак алып, белгилүү акындардын ырын окуп, обон созуп, пьесада образ жаратып, айылдагы ата-энесин уят кылбоого болгон аракетин жумшап окуйт.

Тасмадагы башкы каарман. Ташкент менен Москва шаарынан Фрунзеге киночулар келип "Саябан араба" тасмасында башкы каармандын образын жаратууга кыз издешет. Режиссер 13 жаштагы чыйрак Айшанын дайынын угуп,  Фрунзеден атайы Ысык-Көлгө издеп келет. Ошентип Айша кыргыздардан биринчилерден болуп кинодо башкы ролду жараткан. Актерлук билими жок болгонуна карабай, ал образды ийине жеткире ачып берген. 

Ученый-филолог, первая кыргызская актриса Айша Карасаева с мужем филологом, тюркологом Кусейином Карасаевым
© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева
29 жаштагы Кусеин жаш кезинде Айшанын атасынан сабак алып, анын үй-бүлөсүн жакшы таанычу. Бири-бирин жактырып жолугуп жүргөн жаштар бош кошуп, Ленинградга кетишет.

Карасаевдин жүрөгүн ээлеген сулуу. Студент кыздын болочоктогу жолдошу түрколог Кусеин Карасаев 1930-жылы Ленинград шаарындагы окуусунан дипломдук ишин жазуу үчүн бошоп, Кыргызстанга келет. 29 жаштагы Кусеин жаш кезинде Айшанын атасынан сабак алып, анын үй-бүлөсүн жакшы таанычу. Бири-бирин жактырып жолугуп жүргөн жаштар бош кошуп, Ленинградга кетишет. Ал жактан Айша жумушчу факультетинин чыгыш бөлүмүн аяктайт. 

  • Жубайлар 70 жыл чогуу түтүн булатып, үч кызды тарбиялап өстүрүштү
    © Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева
  • Кусеин Карасаев менен Түгөлбай Сыдыкбеков байбичелери менен
    © Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева
  • Ученый-филолог, первая кыргызская актриса Айша Карасаева с мужем филологом, тюркологом Кусейином Карасаевым
    Жубайлар өз жашоосунда бири-бирине колдоо көрсөтүп өмүр сүргөн. Окумуштуунун байбичеси өмүрүнүн аягына чейин жолдошунун бардык илимий эмгектеринин редакторлогон.
    © Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева
1 / 3
© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева
Жубайлар 70 жыл чогуу түтүн булатып, үч кызды тарбиялап өстүрүштү

Кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү. Кийин беш жылдай Москвадагы СССР элдеринин тилдери жана жазмалары боюнча илим изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери болуп эмгектенет. Андан соң кыргыз тилинин стенографиясынын теориясын иштеп чыгып, ал боюнча китебин окурмандарга сунуштайт. Кызыгы, Айша Карасаева ал эмгегин үйдө бала багып жүргөн кезинде жазган. Эмгекчил филолог пенсияга чыкканга чейин 30 жылдай окутуучулукту аркалап, Кыргызстанда бир топ стенографисттерди тарбиялаган. 

Ученый-филолог, первая кыргызская актриса Айша Карасаева
© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева
Айша Карасаева 2014-жылы 103 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан

70 жыл бирге түтүн булатып... Жубайлар өз жашоосунда бири-бирине колдоо көрсөтүп өмүр сүргөн. Окумуштуунун байбичеси өмүрүнүн аягына чейин жолдошунун бардык илимий эмгектерин редакторлогон. Карасаевдер үч кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн. Улуусу Люция чейрек кылымдан ашык физикадан сабак берип иштесе, Галина химия илимдеринин кандидаты болгонго чейин жетишкен. Ал эми кичүү кызы Алтынай медицина илимдеринин докторлугуна чейин жетишип, эл аралык деңгээлдеги окумуштуу боло алган. Айша Карасаева 2014-жылы 103 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.

2040
Белгилер:
Айша Карасаева, факты, актриса, филология, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (381)
Тема боюнча
Айтматов Пушкин, Толстойдон эмне үйрөнгөн? Орус адабиятынын таасири тууралуу 5 факты
Акын, жазуучу, сценарист... Аалы Токомбаевдин уулу Улан жөнүндө 5 факты
Атасы 60 жашында көргөн тун бала. Төлөгөн Касымбеков тууралуу 8 факты
Кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Жусуп Абдрахманов тууралуу 9 факты
Залкар ырчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Өмүрканованын жалгыз кызы Айнура Канжаева

Мыскал Өмүрканованын кызы Айнура: апам мени кайындарынан ала албай өкүттө калыптыр

1330
Залкар ырчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Өмүрканованы билбегендер аз. 1958-жылы Москвадагы декадада Өмүрканова "Алымканды" үч мүнөт созгондо Никита Хрущев тура калып кол чапкандыгы туурасында айтылып, жазылып жүрөт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Мыскал Өмүрканованын жалгыз кызы Айнура Канжаева менен залкарды эскерүү максатында чакан маек уюштурган. Улуу талант эне катары кандай адам болгон жана ал кишинин өкүтү, тилеги тууралуу кызы айтып берди.

— Мыскал Өмүрканованын бала чагындагы урунттуу окуяларга кайрыла кетсек...

— Апам ортозаар жашаган адамдын кызы болот. Ал кичине кезинде эле ырдачу экен. Таятамдыкына айтылуу Куйручук олуя конокко келгенде атасы кызын сынатат. Ал кезде апам секелек кыз экен, келген меймандарга кайсы бир ырды аткарып берет. Ошондо Куйручук атабыз: "Дүйнөгө таанымал коңур үндүү кыз болот. Маңдайында чырагы жанып турат, бул баланы башка чаппагыла", — дептир. Убагында муну көп элес албаганы менен кийинчерээк гана апам бул тууралуу айтып калып жүрдү. Ошентип жүрүп, 13 жашында жетим калган апамды бир-эки жылдан кийин эле турмушка берип коюшкан. Биринчи турмушу — Сагыналы атабыз кийин согуштан кайтпай калганы белгилүү. Экөө бир уулдуу болушкан. Ал агам да кырсыктап каза болуп калат. Апам бир туугандарын кийин Бишкекке өзүнүн жанына алып келиптир. Эки сиңдиси Токон менен Нускал Чүйгө турмушка чыккан. Бир иниси Токмокто турчу эле, ал да кайтыш болуп кетти, бир агасы согуштан кайтпай калат. Мага келгенде Жумгалга барып келгендигин, төркүндөрүнүн жаңылыктарын, ал-акыбалын айтып берчү. Бир туугандарына абдан карамдуу эле. Баарына каттап турчу.

Народная артистка Киргизской ССР, певица Мыскал Омурканова с семьей
© Фото / предоставлено Айнурой Канжаевой
Айнура Канжаева: Илгери башкармалар айылга келген меймандарды үйүнө чакырып сыйлашчу. Ошондо атам апамды жактырып калып, өз үй-бүлөсүн таштап артынан борборго кетип калат.

— Экинчи турмушу, сиздин атаңыз менен кандайча баш кошуп калган?

— Жолдошу согушка кетип келбей калганда апам он жылдай өз алдынча ырдап жүргөн экен. Бир жолу азыркы Москва районуна концерт коюп келишет, ал кезде атам ошол жерде башкарма экен. Бирок ал кезде эки балалуу, үй-бүлөлүү болот. Илгери башкармалар айылга келген меймандарды үйүнө чакырып сыйлашчу. Ошондо атам апамды жактырып калып, өз үй-бүлөсүн таштап артынан борборго кетип калат. Турмуш дейбизби, сүйүүбү, айтор, экөө баш кошуп жашап калышкан экен. Эки уул, бир кыздын ата-энеси болушат. Кийин гана эки башка жолго түшүшкөн. Менин балалык чагым Москва районунда өттү. Убагында апам бир тууган таякелериң менен тааныштырсам жакшы болот эле деп койчу. Анда көп маани бербептирмин, кийин гана тайларым менен таанышып катышып жүрдүм. Апамдын 100 жылдыгынын өтүүсүнө ошол төркүндөрү, таякелеримдин жардамы зор болду. Өзүмдүн эркек бир туугандарым кайтыш болуп кеткен. Журналист Айбек Шамшыкеевдин атасы менен менин таятам бир тууган. Айбек апам тууралуу тартылган тасмадагы аты аталган адамдарды изилдеп, баардыгын толуктап китеп кылып чыгарды.

Айнура Канжаева, дочь народной артистки Киргизской ССР, певицы Мыскал Омуркановой
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айнура Канжаева: Анан турмушка чыккандан кийин эне-бала бир беткей катташып калдык. Апам ошондо мага аялзатына керектүү көп таалим-тарбиясын берди.

— Кичине кезиңизде көп байланышпай калыпсыз, бирок эне катары кандай инсан эле?

— Эне деген абдан ыйык да. Турмуштун кыйындыгын карабайсыңарбы, мени айылда алып калып, эрте турмушка бергендери аз келгенсип кичинемде апама да жиберишчү эмес. Апам айылга концерт койгондо гана жолугуп жүрдүк. Мен 9-классымда чоң энемдин көзү өтүп кетти. Анда деле "кой эми, өз апасына барсын" деп жиберишсе деле болмок. Ошентип, мектепти бүтөрүм менен күйөөгө берип коюшту. Турмушка чыкканга чейин уурданып апама бир келдим. Атайын издеп таап бардым. Ошондогу ал кишинин ыйлаганын, абалын эч нерсеге салыштырып жеткире албайм. "Эмнеге сени жибердим экен", — деп сыздап, ошондо болгонун болгондой айтып берген.

— Апаңызга таарыныч болдубу?

— Жок, болгон жок. Чынында кайын журтунан мени жулуп кетүү ал кишинин колунан келген эмес. Анткени ошол мезгилде улуу кишилерге сый-урмат күчтүү болчу да. Бирок качып келгеним билинип калгандан кийин: "мындан кийин кызым мага келип турат, жибергиле", — деп апам да талап койду. Ошондон кийин гана өз энеме айына эки жолу барып турдум. Анан турмушка чыккандан кийин эне-бала бир беткей катташып калдык. Апам ошондо мага аялзатына керектүү көп таалим-тарбиясын берди. Өзү сахна адамы болгону менен аялзатка тийиштүү оокаттарды, сары май, каймак, сүт өңдүү жайлоонун жашоосунун жөнүн жакшы билчү. Күйөө баласын аябай жакшы көрчү эле. "Мал менен жүрөт" деп жолдошума радио, бизге телевизор алып берген. Ал кезде айылдагы бир коңшунун үйүндө эле телевизор болор эле. Аякка да шылтоо менен барганда эле көрүп калбасак, телевизор көрүш кайда. Бирок кыраакы киши баарын байкаган экен. Ал убакта радио, телевизор алуу кыйын болчу. Анан жолдошума саяк уруусундагылардын ар кандай күлкүлүү окуяларын айтып берип күлдүрүп калчу. Мен "кызыксыз го, өзүңүз жактын сырын да айтасызбы?", — деп таң калсам, "чындыгы ушундай болуп жатпайбы", — деп күлчү. Мүнөзү аябай жумшак адам болгон. Келген сайын кайната-кайненеме да ар кандай белек-бечкектерди көтөрүп келчү. "Балам балалуу болгондо билесиң", — дейт. Көрсө, "кызым турмушка жаш чыкты, кайын-журту жакшы карашса, жылуу мамиле жасашса экен", — деп ойлочу турбайбы.

Айнура Канжаева, дочь народной артистки Киргизской ССР, певицы Мыскал Омуркановой
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айнура Канжаева: Апам мени "окута албай калдым" деп көп арман кылар эле.

— Арманы, өкүтү болдубу?

— Апам мени "окута албай калдым" деп көп арман кылар эле. Кийин мен турмушка чыкканда үйүмө мейман болуп келип калганда аны уккан элдин аягы үзүлчү эмес. Жаш экенмин апам менен өзүмчө калып сырдашып, бирге жүргүм келчү окшойт. Биз деле сүйлөшүп отурчубуз, бирок конокко чакыргандар, үйгө келип ыр угабыз дегендер көп эле. Ошондуктанбы, экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурсак дей берчүмүн. Апам болсо эч кимдин көңүлүн кыя албаган жумшак адам эле. Мени дайыма "комуз үйрөнүп ал" дей берчү. Бирок өзүң бир үйдүн келини болсоң, кайдан үйрөнөсүң? Үйдө кайнене, кайнатам бар болчу. Ыйба кылчумун.

Ооба, өкүтү да болду. Ал кишинин элүү жашын белгилегенден кийин эле дароо ардактуу эс алууга жиберип коюшкан. Элүү деген жаш эле курак да. Апам иштей берсе дагы далай ырларга өмүр тартуулап, канчалаган чет мамлекетте өлкөнүн атын чыгарып барып, концерт коюуга жарайт болчу. Ошол кезде эле көрө албастык, бут тосуулар болуптур. Эрте ырдабай калганы, экинчи турмушунан тигинтип ажырашып кеткени жана уулунун токко урунуп каза болгону апамды өкүткө салып койду. Бирок "мен элимдин кызматында болгонума кудайыма ыраазымын", — деп аябай топук кылар эле. Ал баарынан эли-журтун биринчи орунга койгон адам болгон.

— Ал кишинин Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине эки жолу депутат болгону белгилүү. Ал кезде саясий чөйрө да башка болчу. Бирок саясатка кандайча аралашып калды экен?

— Ооба, ал кезде заман башка эле. Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып иштеп тургандагы иштери, карапайым адамдарга жасаган жакшылыктары зор болгон экен. Жумгалдагы Баш-Кууганды айылына апамдын эстелигин тургузганы барганда ал кишинин элге жасаган жакшылыктарын бааладым. Баары эле мени менен учурашып, аксакал кишилер: "Мыскалдын кызы турбайбы" дешип апамдан көргөн жакшылыктарын айтып отурушту. Негизи апамдын убагында жасаган жакшы иштеринин көбүн мен элден эми угуп жатам.

Айнура Канжаева, дочь народной артистки Киргизской ССР, певицы Мыскал Омуркановой
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айнура Канжаева: Ал кишинин элүү жашын белгилегенден кийин эле дароо ардактуу эс алууга жиберип коюшкан.

— "Мыскалдын кызы" деп азыр барган жердегилер урматташарын айттыңыз. Бирок сиз бала кезде эле апаңыз Мыскал Өмүрканова болчу да. Ошол кезде сизге жоопкерчилик же жеңилдик болгону сезилчү беле?

— Мен окуп жүргөндө эле ырдачумун. Мени "ии, Мыскалдын кызы, чык, ырда" деп турушчу. Ошол убакта эле уюштуруучулукка да абдан шыктуу элем. Айылдаштарым мени "ырчы кыз" деп койчу. Анан айылга апам менен кошо белгилүү артисттер концерт коюп келгенде баары мени тегеректеп эркелетип, көтөрүп жатканын көргөндөр "аа-иий" деп суктанып калышчу эле. Азыр айылдык аксакалдар сотунда да иштейм. Ушул жактан да түрдүү маселелер менен келгендер арбын. Төркүнүнөн үлүш жер талашкан кыздарды көрөм. Ушундай үй талашкан бир туугандардын, ата-баланын маселеси өңдүү иштерди карап калабыз. Бирок дайыма калыс пикир, чечим билдиргенге далалаттанам. Анан да айылдык, райондук, облустук деңгээлдеги маданий иш-чараларга активдүү катышып келдим. Ушуга чейин апамдын арты менен эл арасында "Мыскалдын кызы" деген сый-урмат мамилеге туш болуп келем. Ошого ыраазымын.

1330
Белгилер:
Айнура Канжаева, СССР, ыр, кыз, Мыскал Өмүрканова
Тема боюнча
Назгүл Насиева: балдар үйүндөгү бөбөктөрдүн кечинде жатканда ыйлаганы жүрөк тилет
Чолпонбек Базарбаевдин уулу Таалай: атам мага баа жеткис мурас калтырып кеткен

Суу астындагы кооздук. Эл аралык фотосынактагы 15 мыкты сүрөт

71
(жаңыланган 18:19 25.02.2021)
Underwater Photographer of the Year 2021 эл аралык сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынакка 68 өлкөнүн фотографтары тарабынан суунун алдынан тартылган 4500 эмгек түшкөн. Катышуучулар бир нече номинациялар боюнча ат салышкан.

Сынактын баш байгесин калифорниялык Рене Капоццола жеңип алды. Ал Франциядагы Полинезия аймагына күн баткан учурда суунун астындагы акулалар менен суу үстүндөгү чардактардын сүрөтүн тартып алууга жетишкен. Рене бул жеңиши менен Британияда жыл сайын өтүүчү абройлуу сынактын жеңүүчүсү деп табылган биринчи аял фотограф болгон.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн калыстар тобу тандап алган эң мыкты эмгектерди көрүңүз.

 

71
  • Сынактын башкы байгесин калифорниялык Рене Капоццола жеңип алды. Ал суунун астындагы акулалар менен суу үстүндөгү чардактарды сүрөткө тартып алган (Франция)

  • Сынакка келип түшкөн норвегиялык Гаолис Харроунун сүрөтү "Макро" номинациясындагы сыйлыкка татыган. Ал өзүнүн эмгегин "Атка окшогон деңиз эргежээли" деп атаган

  • Бул сүрөттү британиялык Кирсти Эндрюс Шотландияга жакын Мулл кысыгында чөгүп кеткен шведдик SS Hispania буу кемесинин ичинен тартып алган. Бүгүнкү күндө суу астындагы бул кооздук дүйнөнүн чар тарабынан миңдеген туристтерди өзүнө тартып турат

  • Британдык фотограф Ян Уэйддин бул сүрөтүнөн суу алдынан жем издеп жаткан ак кууну көрүүгө болот. Сүрөт GoPro камерасы менен тартылган

  • Багам аралдарындагы Нассауда чөгүп кеткен кеме. Бул укмуштуудай сүрөттүн автору германиялык Тобиас Фридрих

  • Малькольм Ниммо кандек балыктын сүрөтү үчүн "Британ сууларындагы мыкты макро" номинациясын жеңип алды

  • Бул сүрөттүн автору орусиялык Олег Гапонюк. Сүрөт былтыр март айында Палау аралында тартылган

  • Британиялык Марк Кирклэнд көлмөдөгү баканын сүрөтү үчүн Британиянын "Суу алдындагы фотограф" сыйлыгына татыды

  • Америкалык фотограф Карим Элайжа бул сынакта эки байгени алды. Анын "Мексикада жогорку ылдамдыкта аңчылык кылган чаар марлин" аталышындагы сүрөтү "Кылык-жорук" номинациясында байгеге татыган

  • Ошондой эле анын дагы бир эмгеги "Деңиз чөйрөсүн сактоо" номинациясында мыкты деп табылды. Бул жолу ал Панаманын Гуна-Яладагы калкы көп аралды бийиктиктен тартып алган

  • Кытайлык фотограф Цзин Гун Чжан өзүнүн эмгегин "Бетме-бет" деп атаган. Сүрөттө чоң ооз деңиз балыктары көрсөтүлгөн

  • Соломон аралдарындагы суу астындагы суучул. Бул өзгөчө сүрөттүн автору австралиялык Диана Ферни

  • "Компакт" номинациясында Жаңы Каледониядан келген Жек Бертомиер жеңүүчү болду. Анын эмгеги "Эгиздер" деп аталат

  • Бул сүрөттүн автору америкалык Мартин Броун. Ал Мексикадагы жер астындагы дарыяны кадрга түшүргөн

  • "Портрет" номинациясындагы жеңүүчүнүн эмгеги. Сүрөттө жапон фотографы суу астындагы губанды тартып алган

Президент Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин Кремлдеги жолугушуу учурунда

Садыр Жапаровдун чет өлкөгө жасаган биринчи сапарынын жыйынтыгы. Сереп

60
(жаңыланган 00:30 26.02.2021)
Президент Садыр Жапаровдун чет өлкөгө жасаган биринчи иш сапары жыйынтыкталды. Материалдан жолугушуулардын урунттуу учурларын окуңуздар.

Садыр Жапаров Бишкектен Москвага 24-февралда учуп кеткен. Делегация дээрлик чоң эле болду. Курамына президенттин аппаратынын жетекчиси, эки вице-премьер, жети министр, эки ведомствонун жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу дагы кирди.

Жапаров Россияга учуп кетер алдында Кыргызстан менен Россиянын өз ара мамилелери жана байланыштары жөнүндө "Союздук байланыштар" аттуу макаласын жарыялады. Анда мамлекет башчы тарыхта кыргыз-орус элинин алысташына өбөлгө түзгөн көйгөй жаралбагандыгын белгилеген.

Кийин Россиянын ири маалымат агенттиктеринин бири болгон РИА Новостиге орус-кыргыз мамилесинин абалын, кызматташууда биринчи басым эмнеге жасала тургандыгын айтып берген.

Пандемияга байланыштуу сапар расмий эмес, жумушчу болду. Мындан улам Москванын аэропортунда оркестр жана башка шаан-шөкөт уюштурулган жок.

Кремлден белгилешкендей, жумушчу сапардын программасы мазмундуу болду. Садыр Жапаров Москвага учуп келери менен Россиянын президенти, андан соң Татарстандын башчысы менен жолукту. Кийинки күнгө Россия парламентинин эки палатасынын төрагалары жана өкмөт башчысы менен жолугушуу пландалган.

Бул иш сапар Кыргызстандын жетекчилиги үчүн башкы өнөктөштүн ишенимине кирип, жакшы байланыш түзүүгө жол ачты. Ал эми Россияга алдыда ким менен иштешерин билүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.

Владимир Путин

Россиянын лидери эки мамлекет достук гана эмес, союздук мамиле түзө алганын белгиледи. Ал ошондой эле Россия Кыргызстандагы ички саясий кырдаалын жөнгө саларына үмүт артарын айтты.

Пандемия боюнча дагы маселе козголду. Путин Россия Кыргызстанга буга чейин жардам берип келгенин, мындан ары дагы колдоо көрсөтүү үчүн болгон аракетин жасай турганын билдирди. РФ президенти КР өкмөтүнүн вирусту ооздуктоого күчү жетип жатканын канааттануу менен белгиледи. Путин эки өлкөнүн эриш-аркак жылына пандемия жолтоо болгонун эске салып, абал жакшырса орду толтуруларын айтты.

РФ лидери Кыргызстандын Конституциясына киргизилгени жаткан өзгөртүүлөр боюнча дагы кеп козгоду. Ал алдыга коюлган пландар республикадагы кырдаалды турукташтырып, КРдин өнүгүүсүнө шарт түзүп, Россия менен байланышты бекемдээрине үмүт кыларын билдирди. Мындан сырткары, ал Кыргызстан орус тилинин расмий статусун Конституцияда сактаганы Россия үчүн дагы, кыргызстандыктар үчүн дагы маанилүү экенин кошумчалаган.

Ал эми Садыр Жапаров өтө кыйын болуп турган мезгилде жана пандемия учурундагы көрсөткөн колдоого өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун алкагында кызматташуу ниетинде экенин айтты. Ал ошондой эле коронавируска каршы россиялык вакцинанын майнаптуулугун жана коопсуздугун дүйнө коомчулугу таанып жаткандыгын белгилеп, жакынкы арада Кыргызстан дагы эмдөө кампаниясын баштайт деген үмүттө экенин кошумчалады.

Рустам Минниханов

Андан кийин Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолукту. Жолугушуу таанышуу мүнөздө өттү. Президенттер эки элдин ортосундагы экономикалык жана маданий байланышты күчөтүү зарылдыгын айтышты.

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время встречи с президентом Татарстана Рустамом Миннихановым в рамках визита в РФ
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Андан кийин Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолукту

Парламенттик деңгээл

Кийинки күнү Жапаров Федералдык кеңештин (парламенттин жогорку палатасы) төрайымы Валентина Матвиенко менен көрүштү. Анда кыргыз-орус кызматташтыгы тууралуу пикир алышуу болду. Матвиенко Жапаровдун чет өлкөгө жасаган алгачкы эле сапарында Россияга келишин эки мамлекеттин мамилеси жогорку деңгээлде экенин айгинелегенин белгиледи. Путин сыяктуу ал дагы Кыргызстанда орус тилинин расмий макамынын сакталышынын маанилүүлүгүн айтты.

Ага чейин Кыргызстандын өлкө башчысы Россиянын Мамлекеттик Думасынын (парламенттин төмөнкү палатасы) төрагасы Вячеслав Володин менен жолуккан. Алар эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашкан. Володин ошондой эле Кыргызстанда жакында эле өткөн президенттик шайлоо тууралуу кеп салып, АКШдагы шайлоого караганда бир кыйла ачык өткөнүн айтты.

Михаил Мишустин

Садыр Жапаров буга чейин Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү менен Россиянын башка жетекчилери сыяктуу аны менен да алгачкы ирет көрүштү. Россия өкмөтүнүн башчысы эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин айтты.

Өз кезегинде Жапаров пандемия учурунда гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам көрсөткөн колдоосу үчүн Россия өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы бардык потенциалды толук ачып берүүгө умтулаарын кошумчалады.

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров встретился с председателем правительства России Михаилом Мишустиным в рамках своего визита в Москву
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Садыр Жапаров буга чейин Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү менен Россиянын башка жетекчилери сыяктуу аны менен да алгачкы ирет көрүштү

Мигранттар менен жолугушуу

Жапаров Путин менен жолугушкандан кийин эле Москвада иштеп, жашап жүргөн мекендештер менен кезикти. Ал мигранттардын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы чоң экенин белгилеп, аларды мекенге кайтаруу үчүн шарт түзүүгө убада берди.

Президент сүйлөп жатып, үй ээлери салык төлөөдөн качып мигранттарды каттоодон баш тартышаарын, мындан улам келип чыккан миграциялык каттоонун көйгөйү жөнүндө билерин айтты. Президент маселени чечүү жолдорун да атады.

Кыргызстанцы проживающие в России на встрече с президентом КР в рамках его рабочего визита в РФ
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Жапаров Путин менен жолугушкандан кийин эле Москвада иштеп, жашап жүргөн мекендештер менен кезикти

Россиянын бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу

Россиядан инвестиция алып келүү иш сапардын маанилүү милдеттеринин бири экенин Жапаров Москвага жөнөй электе айткан. Жолугушууга россиялык 40ка жакын ири компаниялардын башчылары катышты. Президент ишкерлерди тигүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, логистикалык борборлорду куруу сыяктуу тармактарга каражат салууга чакырды.

 Президент Кыргызстана Садыр Жапаров встретился с представителями крупного российского бизнеса в Москве в рамках своего визита в РФ
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Россиядан инвестиция алып келүү иш сапардын маанилүү млдеттеринин бири экенин Жапаров Москвага жөнөй электе айткан. Жолугушууга россиялык 40ка жакын ири компаниялардын башчылары катышты

Жыйында болгон сүйлөшүүлөр тууралуу конкреттүү маалыматтар айтылган жок. Деген менен президент жана өкмөт мүчөлөрү россиялык ишкерлердин суроолоруна жооп берди.

Эки күндүк иш сапардын соңунда кыргызстандык делегация Кремлдеги белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында каза болгондорду эскерип бир мүнөттүк аза күтүштү.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эки күндүк иш сапардын соңунда кыргызстадык делегация Кремлдеги белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында каза болгондорду эскерип бир мүнөттүк аза күтүштү

Кандай документтерге кол коюлду?

Иш сапардын аякташы менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту. Алар төрт документке кол коюшту:

  • КР өкмөтү менен РФ өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандагы идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо системасын түзүү максатында Россия тарабынан Кыргызстанга кайтарылгыс техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
  • КР Коргоо министрлиги менен РФ Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргызстандын аймагында пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу жөнүндө протокол;
  • КР менен РФтин 2021-2025-жылдарга карата коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосундагы аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасы;
  • КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен РФ Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба продукциясын жеткирүү жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму.
60
Белгилер:
Вячеслав Володин, Михаил Мишустин, Валентина Матвиенко, Владимир Путин, кызматташуу, документ, Москва, иш сапар, Садыр Жапаров, президент, Россия, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга экономиканы көмүскөдөн чыгарууга 623 млн. сом берет
Путин: Россия Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтөт
Кызматташууну бекемдейбиз. Жапаров Путин менен жолукканда эмне деди