Бүгүн миңдеген кыргызстандык Сауд Аравияда өнөрүн тартуулайт

© Фото / пресс-служба Всемирной Конфедерации ЭтноигрПодготовка к этнофестивалю Camel Fest в Эр-Рияде
Подготовка к этнофестивалю Camel Fest в Эр-Рияде  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы саат 20:00дөн тарта 22:00гө чейин болот.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бүгүн кыргызстандыктар Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтө турчу Camel Fest фестивалынын алкагында "Көчмөндөр ааламы" фестивалында өнөрүн тартуулайт. Бул туурасында иш-чараны кыргыз тараптан чогуу уюштуруп жаткан Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган конфедерациянын Facebook баракчасында иш-чаранын салтанаттуу ачылышы саат 20:00дөн 22:00гө чейин боло турганы айтылат.

"Кечээ артисттер, каскадерлор жана спортчулар фестивалга карата башкы даярдыктан өтүштү. Алар лагерге келген күндөн тарта эртеден кечке чейин иш-чарага камынып жатышты", — деп айтылат билдирмеде.

Всемирный фестиваль эпосов народов мира в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Боз үй, тай казан... Сауд Аравиядагы кыргыз айылы жана ипподромдун видеосу
Эске сала кетсек, Camel Fest фестивалы 9-мартта башталып 23үнө чейин созулат. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнгөн. Кыргызстандыктар үчүн 15 гектар жер бөлүнүп, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган.

Camel fest фестивалына Кыргызстандан топоз, тайган, бүркүттөрдү алып кетишкен.

Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0