Бишкекте "40 кыз" долбоору башталды

Жазылуу
Долбоордун негизги максаты — чыныгы кыргыз кызынын нукура жүзүн, кыз кишиге тиешелүү баалуулуктарды көрсөтүү.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада "40 кыз" долбоору башталат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Долбоордун негизги максаты — чыныгы кыргыз кызынын нукура жүзүн, кыз кишиге тиешелүү баалуулуктарды коомчулукка көрсөтүү.

"Долбоорду ишке ашыруу үчүн 40 райондон 17-25 жаштагы 40 кызды тандап алдык. Ар биринин кыргыздын каада-салттан кабары бар. Алар үй турмушуна тың, билимдүү жана коомдук иштерден артта калбаган селкилер", — деп түшүндүрдү уюштуруучулардын бири. 

Кечээ борбор калаада Жылдын чоң энеси деп аталган улуттук сынак өттү - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте көркөмдүү байбиче — үлгүлүү чоң энени тандашты. Сүрөт
Ошондой эле ал сынакка катышкан кыздар элдин алдына боексуз, нукура жүзү менен чыгарын кошумчалады.

11-март күнү кыздар "Кыргызтест" мекемесине барып, кыргыз тили боюнча өз билимин текшертишет.

12-мартта "Супара" этно-комплексинде камыр жууруп, кесме кесишет. Ошол эле күнү түштөн кийин жаа атуу боюнча сынактан өтүшөт. 

14-март күнү Кожомкул атындагы Спорт сарайында улуттук кийим менен кызыл килемден өтүп, сынактын жыйынтыгы чыгарылат.

Уюштуруучулардын айтымында, катышуучулардын арасынан мыктылар тандалып, белектер берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0