Балдардын Жаш канат хореографиялык ансамбли. Архивдик сүрөт

"Жаш канат" бий тобу Сочиде өткөн конкурста баш байгеге татыды

119
(жаңыланган 11:27 12.03.2019)
Кыргызстандыктар өздөрүнүн бийи менен калыстар тобун таң калтырган.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Балдардын "Жаш канат" хореографиялык ансамбли Россиянын Сочи шаарында өткөн "ФестЛайф" эл аралык конкурсунда биринчи орунду алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

© пресс-служба мэрии города Бишкек
Балдардын "Жаш канат" хореографиялык ансамбли Россиянын Сочи шаарында өткөн "ФестЛайф" эл аралык конкурсунда биринчи орунду алды

Жаш кыргызстандыктар бийи менен калыстар тобун таң калтырган. Ага катар "Фактор успеха" сынагында баш байгеге жана 1-орунга ээ болгону айтылат. "Золотая Ника" конкурсунда да биринчи болуп, "Танцевальная орбита" сынагында биринчи жана экинчи орунга татыган.

Калыстар тобу И.Моисеев атындагы академиялык бий ансамблинин, "Березка" мамлекеттик хореографиялык ансамблинин, "Тодес" шоу-балетинин жана "Гжель" бий театрынын өкүлдөрүнөн түзүлгөнү маалым болду.

119
Белгилер:
балдар, хореография, Сочи, Россия, бий
Тема боюнча
Кувейтте кыргыз ырлары менен бийлеринин концерти өттү. Сүрөт