Атадан жаман туулса, адашып калган көчкө окшош. Нурмолдонун кеп казынасы

Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Жазгыч жана төкмө акын, ойчул, агартуучу Нурмолдо Наркул уулу 1838-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун, Кош-Терек айылында төрөлгөн. Тогуз жашында кыштактагы мечиттен сабатын жойгон. Аны окуткан молдо баланын зээндүү жана идирек экенин байкап, эки жылдан кийин Намангандагы кыргыз медресесине жиберет. Нурмолдо медреседе окуп жүрүп эле балдарга сабак бере баштаган. Айылдарга мечит курдуруп, балдарды окуткан.

Нурмолдо ырларын кагазга түшүргөн жана төгүп ырдаган акын эле. Анын "Замана", "Молдо кыргыз медресесиндеги ыр" аттуу чакан эки китеби жарык көргөн. Акын 1920-жылы каза болуп, сөөгү Кош-Терек мазарына коюлган.

Акындын насыят ырларынан:

Шарият айтпа жунупка (арамга)
Насаат сөздү унутпа.
Болбос адам түнт болот,
Боруму окшош дудукка.
Азезилге алдатсаң,
Түштүм деп ойлон кудукка.
Эсирип жүргөн нааданды,
Бука менен кошокто.
Мусулмандын баласы,
Калбасын эгер тозокто.
Эси жок жаман ургандар,
Элүүгө чыкса чоңойбойт.
Акылы жок адамдар
Алтымышка чыкса да,
Сүйлөгөн сөзү оңолбойт.

***

Акылы жок, жел көөдөң,
Айланбаш болгон неске окшош.
Бузукту жолго салган бар,
Куруп койгон тезге окшош.
Атадан жаман туулса,
Адашып калган көчкө окшош.
Акындардан сөз чыгаар,
Күйүп турган мешке окшош.
Көкүрөк туюк кээ адам,
Сокур болгон көзгө окшош.
Абайлагын сөзүмдү,
Ага, ини, карындаш,
Чыгып кетсе чымын жан,
Издеген менен табылбас.
Ажал жетсе, кар болуп,
Ар жерде калаар алтын баш.
Баркыңды билген тууганга
Бастырып барып амандаш.
Атаңдай сыйлап карыны,
Астынан чыгып саламдаш.
Угуту жок урганга,
Убара болот кайран баш.

***

Түнт кишинин пейили,
Дүлөй болгон кулактай.
Эсиң болсо эр жигит,
Этият болгун, көп күлбө,
Эсиргенсип кеп айтып,
Оозуңду көптүрбө.
Аңдабай жаман сөз менен,
Атаңды бошко сөктүрбө.
Алтын такка минсең да,
Ааламды бүт билсең да,
Армансыз болбойт бу дүйнө.
Оокатың колдо аз болсо,
Тезек терип, от үйлө.
Асыл жаның өткөн соң,
Сөөгүң көрдө упурап,
Көзүң тирүү турганда,
Кыласың оокат кыбырап.

Жаңылыктар түрмөгү
0