Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейи. Архив

Живопистин бардык жанрын багындырган. Айып Алакуновдун көргөзмөсү өтөт

107
Иш-чара 15-марттан 31-мартка чейин уланат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Айып Алакуновдун көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу музейдин сайтында жазылды.

Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн 15:00дө башталат.

"Айып Алакунов живопистин тарыхый, портреттик, пейзаж сыяктуу бардык түрүн багындырган. Көргөзмөдөн ар кыл темада тартылган чыгармаларга күбө болосуздар", — деп жазылат маалыматта.

Сүрөт көргөзмөсү 31-мартка чейин уланат. Кирүү акысыз.

107
Белгилер:
иш-чара, Сүрөт, көргөзмө
Тема боюнча
Бишкектеги филармония миллиондогон сомго оңдолот. Жасала турган иштер