Кыргызстандык ырчы Египеттеги сулуулар сынагына катышууда. Сүрөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүФинальный тур конкурса "Краса Казани -2010"
Финальный тур конкурса Краса Казани -2010 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сулуулар таймашы март айынын аягына чейин уланат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. "Кыз Бурак" тобунун мурдагы солисти Азалия Дүйшөналиева Египетте өтө турган Miss Eco International — 2019 сынагына катышууда. Бул тууралуу иш-чаранын расмий сайтында жарыяланды.

Ушул аптанын алгачкы күндөрү башталган сынактын финалы 29-мартка белгиленген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Miss Eco International (@missecointernational)

Кыргызстандык кыз дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн келген сулуулар менен ат салышып жатат.

Кыздар бир нече шаарды кыдырып, сынактын кезектеги этабынан өтөт. Алар: "Улуттук кийим", "Таланттуу сулуу", "Топ-модель", "Пляж модасы" жана "Мыкты экокостюм".

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Азалия Дюшен / Azalia Diushen (@azzalia_duishen)

Дүйшөналиева өзү сынактагы жаңылыктар менен Instagram баракчасынан бөлүшүп жатат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Азалия Дюшен / Azalia Diushen (@azzalia_duishen)

Учурда өз алдынча ырдап жүргөн Азалия Дүйшөналиева "Кыз Бурак" тобунда төрт жыл эмгектенген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Азалия Дюшен / Azalia Diushen (@azzalia_duishen)

Баса, ырчы былтыр Малайзияда өткөн Miss Cosmopolitan World -2018 сулуулук сынагына дагы катышкан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0