Ысык курут жеп, самоордун чайын ичип кетиңиз! Бишкекте өзгөчө иш-чара өтөт

Жазылуу
Иш-чара "Маданият төңкөрүшү" долбоорунун алкагында уюштурулат.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Борбор калаада "Сүмөлөк" деп аталган өзгөчө иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уюштуруучулардын бири Айдай Асангулова билдирди.

Анын айтымында, иш-чара "Маданият төңкөрүшү" долбоорунун алкагында уюштурулат.

"30-март күнү түшкү саат 12:00дө сүмөлөк жасалып, эртеси даяр болот. Мындан сырткары, накта кыргыз боорсогу жасалып, жаргылчак тартылып, талкан көөлөнөт. Баткендин ыкмасы менен ысык курут жасалып, илгерки жез самоорлорго чай кайнатылат", — деди Асангулова.

Уюштуруучулар каалоочуларга эшик ачык экенин кошумчалады.

"Маданият төңкөрүшү" 24-марттан 7-апрелге чейин созулат. Долбоордун максаты — Кыргызстанды саясий революциялардын мекени катары эмес, маданияттын очогу, өзүнүн кылымдар бою келе жаткан үрп-адаты, салт-санаасы бар улуу улут катары таанытуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0