Акибаев: кыргыздар катышкан Camel Fest фестивалын 2,5 млрд. адам көрдү

© AFP / FAYEZ NURELDINE2000дей кыргызстандык бара турган Сауд Аравиядагы Camel Fest
2000дей кыргызстандык бара турган Сауд Аравиядагы Camel Fest - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Camel Fest фестивалы 9-23-март күндөрү Эр-Рияд шаарында өткөн.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргыздар катышкан Camel Fest этнофестивалын дүйнө боюнча 2,5 миллиард адам көрдү. Бул туурасында уюштуруучу, Этнооюндар конфедерациясынын президенти Аскат Акибаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара учурда да жалпыга маалымдоо каражаттарында көрсөтүлүп жатат. Фестивалды 1500 маалымат булактары чагылдырган.

"Жалпылап киришсек, элдердин маданий жана тарыхый баалуулуктарын сактап эле калбастан, аны бүгүнкү күндүн ыргагы менен өнүктүрө да аларыбызга ишендик. 2, 5 миллиард адам бул дүйнө элинин 30 пайызын түзөт", — деди Акибаев.

Сауд Аравиясында кыргыздар "Көчмөндөр ааламы" фестивалын тартуулаган. Анын режиссеру Алтынбек Максутов фестивалдын ачылыш аземин көрүүгө 12 миң адам келгенин айтты.

Церемония закрытия этнофестиваля Camel Fest в Эр-Рияде - Sputnik Кыргызстан
Аравиядагы элечекчендер, калпакчандар. Абылгазиев Төө фестивалын жапкан сүрөттөр
"Негизи ал ипподром 4000 кишиге ылайыкталган экен, ага карабай адам көп келди. Кыргыздардын көрсөткөн оюндары дүйнө элинин кызыгуусун жаратып, башка өлкөлөрдөн өзгөчөлөнүп турду. Биз уюштуруучулардын катарында болгонубуз да коңшу мамлекеттердин таң калуусун жаратты", — деди Максутов.

Camel Fest фестивалы 9-23-март күндөрү Эр-Рияд шаарында өттү. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында өнөрүн тартуулаган. Ага 2000дей кыргызстандык катышып, "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалын көрсөтүштү. Кыргызстандан барган делегацияга атайын 15 гектар жер берилип, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылган. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0