БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкекте Япониянын күндөрү өтөт. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара 6-апрелде Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде саат 10:00дө башталат.
Шаардыктарга жана конокторго "Ооэдодайко" барабанчылар тобу өз өнөрүн тартуулайт. Андан сырткары, чай куюу салтанаты, оригами, япондордун жайкы "Юката" кимоносун кийгизүү салтанаты уюштурулат. Ошондой эле япон кинолору көрсөтүлөт.