Актан Исабаев: оокат кылуу үчүн эле ырчылыкка келгендер бар

© Sputnik / Табылды КадырбековФинал официального конкурса красоты "Мисс Кыргызстан — 2018"
Финал официального конкурса красоты Мисс Кыргызстан — 2018 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздын белгилүү маданият ишмерлери Чалагыз Исабаев менен Самара Токтакунованын уулу Актан Исабаев да ата-энесинин жолу менен кеткен. Азыр Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти продюсерлик борбор ачып, жаштарды тарбиялап, ырчылык өнөрдү аркалап келет.

Көптөгөн эл аралык сынактардын лауреаты жакында эле 47 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аны туулган күнү менен куттуктап, маек курду.

— Өтүп кеткен туулган күнүңүз менен. Учурда чыгармачылыкта эмне менен алек болуп жатасыз?

— Чоң рахмат. Азыр "Элес" тобунун программасын жасап, өзүбүздүн продюсерлик борборду иштетип жатабыз. Жакында эле A Studio менен биргеликте концерт койдук. Көрүүчүлөр сынчы да. Казакстандык топтон кем калышпайт экенсиңер деген баасын берди.

— Жаш муунга арналган китептерди чыгарып, тасмада продюсер болгондугуңузду билебиз. Мындайча айтканда, ар тараптуу болууга аракет кылат экенсиз.

— "Мурас" деген фондубуз бар. Ата-бабабыздан калган баалуулуктарды унутпайлы, сактап калалы деп китептерди чыгарып келгенбиз. Азыр түрдүү себептер менен токтоп турат, ишин жандандырууга аракет кылып жатабыз. Ал эми тасма жөнүндө айтсам, бир киного катышып калдым. Тааныштарымдын продюсер болуп бериңиз деген өтүнүчүн четке какпай жардам бергем. Тартуу иштерине көп деле катышкан жокмун. Бул тармак деле көп аракет, каржыны талап кылат. Мындан сырткары, улуттук баалуулуктарга, элди жакшылыкка үндөө боюнча иштелип чыккан 24 долбоор бар. Аларды да ишке ашырабыз деп жүрөбүз. 2000-жылдан бери клип тартабыз. Жеке тараптар менен расмий иштешип, каржылоо, сценарий жазуу, идеяларды жаратуу биздин жумуш. Бул жаатта чет элдиктердин долбоорлоруна катышууга аракет жасап жатабыз. Буюрса, Түркия, Араб Эмирлигинде өкүлчүлүк ачылат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Актан Исабаев (@aktan.isabaev)

— "Элес" тобу жөнүндө сөз кылбай койсок болбойт. Жаңы топ кантип атат? Сиз ал топтун мүчөсү дагы болуп калдыңыз.

Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, КРдин эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Муратбек Бегалиев: музыка деп айылдан ыйлап качып чыккам
— Чындыгында "Элес" кезинде аябай катуу чыккан. Ошол кездеги балдардын мээнети менен ошол даражага жеткен. Топто күчтүү профессионалдар эмгектенген. Кыргызстан гана эмес, эл аралык деңгээлге чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн карай баштаган. Бирок кийин чачырап кетти. Азыркы "Элес" анын уландысы болуп калды окшойт. 2000-жылдардын башында мүчө болгон балдар кийин кезигип, сүйлөшүп, иш кайра башталып кетти. Ошентип иштеп жатабыз. Азыр Нурлан Мамбетов, Нурлан Алымбеков бар. Алар учурунда Казакстандагы "Бангор", "Орда" тобунда иштеп, кайра Кыргызстанга келишкен. Эки жылдан бери  аракеттенип, учурда башка өлкөлөрдөгү угуучуларга чыгармачылыгыбызды тааныштыралы, фонограммасыз ырдайлы деп турабыз.

— Сиз чыгармачылыкта көптөн бери жүргөн кесипкөй музыкантсыз. Эмнеге бизде эл аралык деңгээлдеги күчтүү, таланттуу ырчылар чыкпай жатат? Мисалы, казакстандык Димаш Кудайберген дүйнө кезип концерт берүүдө. Биздин ырчылар Кыргызстандын ичиндеги эле, өзүбүздүн эле казанда кайнап жаткандай.

— Биринчиден, коңшу Казакстанда музыканттардын уюму түзүлгөн. Бир иш-чара өткөрө турган болсо, аксакалдарына чейин чакырып, бири-бирин колдоп турушат. Кыргыздар бул жагынан артта калып калдык. Мына мен орто жаштагы ырчыларга кирем. Азыр жаштар улуу муун эмес, бизди сыйлабай калышты, алып-учуп көзгө илишпейт. Экинчиден, албетте, бизде таланттуу балдар жок эмес, толтура. Ошолорду түртмөлөп колдогон ынтымактуу топ жок. Анын баарын жолго салып, атайын долбоор иштелип чыкпай жатат. Бир учурда алгачкы кадамдар ташталган, ал тез эле токтоп калды. Мындан сырткары, ырчылыкка оокат кылуу үчүн гана келгендер жок эмес. Аларга чет өлкөгө чыгуу, эл аралык сынактарга баруунун кереги жок. Кыргызстандын ичиндеги тойлордо эле жүрсө болду.

— Атаңыз Чалагыз Исабаев да, апаңыз Самара Токтакунова, экөө тең кыргыз маданиятына опол тоодой эмгек сиңирген аттуу-баштуу инсандар. Устатыңыз ким эле?

Төкмө акын Изат Айдаркулова - Sputnik Кыргызстан
Төкмө акын Изат Айдаркулова: эркектер менен "катуураак" айтышып алам
— Сөздүн ачыгы, ата-энебиз жаныбызда болгон эмес. Бир жылда эки ай биз менен болсо болуп, болбосо гастролдоп жүрүшчү. Аябай күтчүбүз. Менин руханий жактан ушул даражага жеткениме ата-энемдин эмгеги зор. Атам мугалимдик, тил табыша алгандыгы, меймандостугу жагынан мыкты адам болчу. Ошол атамдын устаттык өнөрү күчтүү болгондуктан апам залкар комузчу болуп чыкты. Ошондуктан мен үчүн экөө тең чоң устат, алардын бири-бирине кылган мамилеси да устат.

— Чыгармачылыкта узак убакыттан бери жүрөсүз, шакирттериңиз көп болсо керек?

— Ооба. Айрымдары 2-3 айга келип сабак алып, кеп-кеңешимди угуп кетишет. Дагы бири өлкө аймактарында чыгармачылыгын элге тартуулап келсе, чет өлкөдө жашап ийгиликтүү иштеп жүргөндөр да бар.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Актан Исабаев (@aktan.isabaev)

— Сиз мурда берген бир маегиңизде тойдо такыр ырдабайм дептирсиз. Андан бери көп убакыт өтүп кетти, азыр тойлордо кызмат кыласызбы?

— Ооба. Адам убакыттын өтүшү менен тажрыйба алып, такшалып, көп нерсени көрүп, анан аргасыздан бүгүнкү шартка ылайыкташат экен. Тойго чыкпай эле койсокпу дейбиз, бирок бул биздин менталитет экен. Бизде эле эмес, Россия, Казакстанда да ушинтип иштешет. Той азыр кирешенин негизги булагы болуп калды, чыкпасаң болбойт экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0