Дооронбек Садырбаев тарткан фильмдердин жумалыгы өтөт. Тасмалардын тизмеси

© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваНародный артист КР Дооронбек Садырбаев
Народный артист КР Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кино жумалык 2019-жылдын 1-5-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы Кино үйүндө өтмөкчү.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Коомдук саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын эл артисти Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгына арналган кино жумалык өтөт. Бул туурасында Кинематография департаментинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кино жумалык 2019-жылдын 1-5-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы Кино үйүндө өтүп, "Арман" кинокартинасы менен ачылат.

1-апрель, саат 13.00 — "Арман"
2-апрель, саат 15.00 – "Махабат дастаны"
3-апрель, саат 15.00 – "Түркүн тагдырлар"
4-апрель, саат 15.00 – "Акбаранын көз жашы"
5-апрель, саат 15.00 — "Арман".

Народный артист КР Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан
Кайран элге күйгөн, Tico айдаган Доке. Дооронбек Садырбаев тууралуу 7 факты
Дооронбек Садырбаев — белгилүү кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Эл Баатыры. 1939-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган.

Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн. 70тен ашуун даректүү тасмалардын, "Арман", "Махабат дастаны", "Акбаранын көз жашы" өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0