Жаргылчак тартып жаткан аялдар. Архив

Көкүрөгүңүз абалкы кептерге чаңкап, сөзүңүз мокоп турабы? Архаизмдер топтому

1383
(жаңыланган 16:02 02.04.2019)
Кээде маектешкен адамың айта турган оюн туура жеткире албай иренжитип коет. Пикирин көрктүү, бир сөзүн он кайталабай сүйлөгөн кишини угуп туруунун өзү керемет эмеспи. Ал эми ара-чолодо колдонула калчу абалкы сөздөр кептин маңызын арттырары шексиз.

Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында архаизм сөздөрдү тизмектөөнү эп көрдүк. Материалдар "Манас энциклопедиясы" (1995-жыл) китебинен алынды.

Азалоо, азала — жакын адамы өлгөндө куда-сөөгү, көңүлү жакын адамдары мал жетелеп же башка бир нерсе алып барып көңүл айтуу (мурунку заманда көбүнчө мал берилген);

Азар-түмөн — эпосто көптүктү (аскер, эл, мал жана башкалар) туюндуруучу сан эсебинде эсепсиз, сансыз деген мааниде көп колдонулат. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында "Алтын-күмүш зар калды, Аңдабай күттүм жалганды, Айры менен нар калды, Азар-түмөн мал калды" деп айтылат;

Ай мүйүз — жакшы тилек үчүн аталып союлган бодо мал. Эпостун негизги варианттарындагы айрым окуяларында сыйынуу, табынуу жана жакшы тилек тилөө ырым-жырымдарына байланыштуу эскерилет;

Ай туяк— курмандыкка чалынуучу жылкы. Эпосто мындай жөрөлгө элдик баатырлар жеңишке ээ болгондо, кереметтүү түш жакшылыкка жорулганда, арбакка сыйынганда, куда-сөөк келгенде, аш-той жана башка каада-салттарга байланыштуу өткөрүлгөн;

Айчык, айчыктуу туу — түрдүү түстөгү кездемеге жарым ай түрүндө эмблема түшүрүлгөн туу;

Ак каңкы ээр — ээрдин өзүнчө түрү, алдыңкы кашы жазы жана тегерек формада, анын бети оюу, күмүш менен кооздолот;

Аламан коюу— атчан жоокерлердин душманды жапырт качырып чабуулга өтүүсү;

Боз кисе — биринчи мааниси эр-азаматтын өзүнө гана таандык болгон майда буюмдары тагылуучу кайыш кур. Экинчи мааниси калың кайыштан кооздолуп оттук жана милте салынуу үчүн жасалган баштык. Муну негизинен кисе же кур деп да жалпы жонунан атай берет;

Бокчо — баалуу буюм-терим сакталуучу сандыкча, куржун баштык. Экинчи мааниси бирөөнүн сырын, ал-жайын билүү үчүн жасалган аракет;

Бөкө — балбан, карылуу, алп адам;

Дап — эки бети тең тери менен капталган тегерек алкагына майда темир шакекчелер тагылган, уруп ойноочу музыкалык аспап. Ал уйгурлардын дапына, өзбектердин, тажиктердин (деф) дойрасына, түркмөндөрдүн дайрасына окшош;

Дейилде — кымбат баалуу кездеме. Бул кездемеден баалуу сырт кийим жасалат. Ал сырт кийимдер сый катары ардактуу адамдарга берилет;

Диңсе — кымбат баалуу таш. Кытай, моңгол жана алардын кол алдындагы айрым элдерде төрөлүк даражаны билдирүүчү белги катары баш кийимге тагылган. Төрөлөрдүн кызмат даражасына жараша ар кыл түрдөгү жана түстөгү диңселер колдонулган. Мисалы, кандар, княздар биринчи баскычтагы (алты даража) төрөлөр, тайчы, табунандар сары, кызыл лаал таштарды, андан кийинки баскычтагылар көк, көгүлтүр түстүү маржан, жакуттарды, тоо хрусталын, тунук түстүү асыл таштарды тагынышкан;

Домок — азыркы кыргыз тилинде жаңжал, опуза, коркутуп омуроолоо деген туюмду билдирген лексикалык бирдик;

Жамбы — койдун, жылкынын жана башка малдын туягынын формасындагы ар түрдүү көлөмдө жана ар кандай салмакта уютулган күмүш;

Жесек — чалгын, кароол, сакчылык, күзөт;

Инжи — эпосто кымбат баалуу таштын аты. "Инжиден сайып тиш кылып, жыргатчудай иш кылып" деп айтылат эпосто.

Канжа — тамеки салып тарта турган түтүк. Эпосто көбүнчө кытай-калмак баатырларынын (мисалы, Макел дөө, Коңурбай) түрү сууктугун, алптыгын көрсөтүү үчүн алардын өздөрүнө таандык опсуз зор буюм катары сүрөттөлөт;

Кан талоон — артында эрезеге жеткен туягы жок кан өлгөндө анын малы-жанын талап кетүү салты;

Кан тартуу — достошом деп келгенге ызат көрсөтүү менен алдына ашкан күлүк ат, кымкап тон, мыкты жоо-жарак тартуулоо салты;

Картык — ооруган жерден кан алууга, канды, ириңди, денеге туруп калган желди сордуруп таштоого колдонуучу табыптардын уйдун мүйүзүнөн жасалган аспабы, түтүкчө.

1383
Белгилер:
кыргыз тили, архаизм, Манас эпосу, тибиртке
Тема:
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (75)
Тема боюнча
Урпактарды "чыйпылдак", "быйпылдак" деген уят! Тилдеги аша чапкандык
Чавадан, жылаажын, баргек, түрпү... Сейрек сүйлөнгөн сөздөргө саякат
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов. Архив

16 миллион сомго китеп чыгат, сунуш кылгыла! Министр Жаманкулов элге кайрылды

415
(жаңыланган 20:35 08.08.2020)
Министрлик басылмадан чыгарылган кыргыз тилиндеги адабияттарды өлкө аймагындагы китепканаларга таркатат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 16 миллион сомго түрдүү адабияттарды басып чыгарат. Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, азыр чыга турган китептердин тизмеси түзүлүүдө, учурдан пайдаланып китепкөй жарандар өз сунуштарын бере алат.

Автор 30 жыл изилдеген. Исхак Раззаков жөнүндө китеп жарык көрдү. Сүрөт

"Быйыл министрликке китеп чыгарууга 16 миллион сом бөлүндү. Ал үчүн атайын комиссия түзүлүп, бир катар талкууларды жүргүзүп, адабияттар тандалды. Анан биз китепкөй жарандардын да ой-пикирин угууну эп көрдүк. Каалоочулар кыргыз авторлорунун, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды жана көптөгөн мамлекеттерде популярдуу болгон китептерди 10-августка чейин сунуштагыла. Соңунда сунуш-пикирлер эске алынып, китептер чыгарыла баштайт", — деди Жаманкулов.

Ал ошондой эле жарык көргөн китептер өлкө аймагындагы китепканаларга таратыла тургандыгын кошумчалады.

415
Белгилер:
китеп, Азамат Жаманкулов, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиядагы эң белгилүү жана заманбап чыгарманы аныкташты

Молдовада кыргыздын боз үйлөрү коюлган лагерь пайда болду. Видео

521
Молдовада этнографиялык кыштакча пайда болуп, анын ичинде кыргыз боз үйлөрү коюлду. Көчмөндөрдүн үйү кандайча ал жакка жайгашканын Sputnik Молдова агенттиги тарткан видеодон көрүңүз.

Калараш аймагындагы экзотикалык лагерди молдовалык Лариса Амбросий менен кыргызстандык Анар Жолдон иштеп чыккан. Алар 20 жыл мурун Ирландияда таанышып, достошкон. Өткөн жылы күзүндө чыгыш маданиятын элге көрсөтүүнү пландаштырышкан.

Сүйүнчү! Ак калпакты жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОго кирди

Эс алуучу жайдын аймагында анча оң эмес 12 боз үй коюлган. Лагердин менеджери Бектур Саламатов Молдова менен Кыргызстанды меймандостук бириктирип турарын белгилеген.

"Биз бул өлкөнүн жашоочуларына көчмөндөрдүн жашоо-турмушун, салт-санаасын жана маданиятын көрсөткүбүз келет. Молдова менен Кыргызстандын эли меймандос жана кичипейил келишет эмеспи", — деген Саламатов.

Кыштакка келгендер чыгыш маданиятынын элементи менен тааныша аларын кошумчалаган.
Боз үй — көчмөн элдеринин эң ыңгайлуу турак-жай курулушу. Ал оңой жана тез тигип-чечкенге ылайыкташкан, ат, төө жана дөңгөлөктүү унаа менен ташып көчүрүү оңой. Анын кийиз жабуулары суу өткөрбөйт жана шамалдан коргойт.

Боз үйдүн түзүлүшүн, курамдык бөлүктөрүн жана тигүү иретин Sputnik инфографикасынан караңыз.

521
Белгилер:
видео, лагерь, Боз үй, Кыргызстан, Молдова
Тема боюнча
Шымдары бир жылкыга бааланган. Кыргыздын эркектери кандай кийинген?
Белоруссиянын Президенти Александр Лукашенко Минск шаарындагы шайлоо участогунда добуш берип турат

Белоруссия: президенттик шайлоодо Лукашенко алдыда. Exit poll, БШКнын жыйынтыгы

42
(жаңыланган 00:05 10.08.2020)
Президент аталган өлкөдө беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бул сапар эң көп добуш алган адам 2025-жылга чейин Белоруссияны башкарып турмакчы.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Белоруссияда өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко добуштардын 82 пайызын алды. Бул туурасында БШКнын төрайымы Лидия Ермошинага шилтеме кылып Sputnik Ближнее зарубежье кабарлады.

"БШКнын алгачкы маалыматы боюнча, Лукашенко беш аймакта биринчи келе жатат, добуштардын саны 82 пайызды көрсөттү. Тихановскаяныкы 5 пайызга жакын", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүн Белоруссияда мамлекет башчыны тандашты.  Борбордук шайлоо комиссиясы  президенттик шайлоо өттү деп түшкө чейин эле тааныды. Алардын маалыматында жергиликтүү убакыт боюнча 12:00гө карата шайлоочулардын 54 пайызы болочоктогу мамлекет башчыга добуш берген.

Социалдык иликтөөлөрдү жүргүзгөн Жаштар лабораториясы добуш бергендер арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Exit poll  320 тилкеде 12 миң адамды камтыгандыгын Sputnik Беларусь жазды.

Ал эми exit poll жыйынтыгы бир аз айырмаланат: 

  • Александр Лукашенко — 79,7 пайыз
  • Светлана Тихановская - 6,8 пайыз;
  • Анна Канопацкая - 2,3 пайыз;
  • Андрей Дмитриев - 1,1 пайыз;
  • Сергей Черечень - 0,9 пайыз.

Exit poll берген маалымат боюнча, шайлоочулардын 9,2 пайызы баарына каршы добуш берген.

БШКдан Белоруссиядагы президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы жума күнү чыга тургандыгын айтышты.

Президент аталган өлкөдө 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул сапар эң көп добуш алган адам 2025-жылга чейин бийликтин башында турмакчы. Бул эгемендүүлүк алгандан тарта Белоруссияда өткөн президенттик алтынчы шайлоо. 

Капа болом. Лукашенко кайрадан президенттик шайлоого катышат

Бүгүн талапкерлердин ичинен эң көп добуш алган Лукашенко Белоруссияны 26 жылдан бери башкарып келет.

42
Белгилер:
добуш берүү, президенттик шайлоо, Александр Лукашенко, Белоруссия
Тема боюнча
Бүгүн Белоруссияда президенттик шайлоо болуп жатат
Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын кожоюндары кимдер? Тизме