Кыргызстандыктар жети саат бою комуз угат. 5-апрелде Күү күнү болот

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок "Кырчын"
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комузчу, күүчүлөр бир студияда "Камбаркан", "Ботой", "Шыңгырама", "Кербез" баш болгон өлбөс – өчпөс күүлөрдү чертет.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 5-апрелде Кыргыз радиосунда саат 10:00дөн 17:00гө чейин "күү күнү" өтөт. Бул туурасында аталган радиодон билдиришти.

"Программанын алкагында замандын залкарлары менен учурдун чыгаандары, комузчу, күүчүлөр бир студияда "Камбаркан", "Ботой", "Шыңгырама", "Кербез" баш болгон өлбөс – өчпөс күүлөрдү чертишет. Улуулардан калган уюткулуу жолду улантып келе жаткан жаш комузчулар күү таймаш курушат", — деп айтылган маалыматта.

Кыргыз кайрык долбоорунун жетекчиси Айбек Байымбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Байымбетов: эски күүлөрдү жаңыча форматта иштеп чыктык
Күү күнүнө СССРдин эл артисти Самара Токтакунова, КРдин эмгек сиңирген артисти Намазбек Уралиев, комузчулар Рахат Көчөрбаев, Жусуп Айсай, Нурзат Орозалиева, "Акак" жана "Сезим" комузчулар ансамбли, "Камбаркан", "Ордо сахна" фольклордук - этнографиялык ансамблдеринин комузчулары, "Өмүр" тобу катышат.

Мындан сырткары, Кыргыз радиосунун "Алтын казынасында" сакталган залкар комузчулардын күүлөрү жаңырат.

Иш-чара радионун социалдык тармактардагы баракчаларынан түз эфирде чагылдырылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0