Кыргызстандык бийчилер Түркиядагы балет конкурсунда 6 медаль алышты. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Бишкекского хореографического училищаIII Международный детский балетный фестиваль-конкурс
III Международный детский балетный фестиваль-конкурс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке төрт мамлекеттен келген 283 бийчи катышкан. Кыргызстандын атынан 16 адам барган.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар балет боюнча III эл аралык балдар фестиваль-конкурсунда алты медалга ээ болду. Бул туурасында Бишкек хореографиялык училищесинен кабарлашты.

Сынак 6-7 апрель күндөрү Анталья (Түркия) шаарында өттү. Ага Түркия, Россия, Кыргызстан жана Украина мамлекеттеринен 8-17 жаш курактагы 183 бала катышкан. 

© Фото / пресс-служба Бишкекского хореографического училища Кыргызстандыктар балет боюнча III эл аралык балдар фестиваль-конкурсунда алты медалга ээ болду
Кыргызстандык бийчилер Түркиядагы балет конкурсунда 6 медаль алышты. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар балет боюнча III эл аралык балдар фестиваль-конкурсунда алты медалга ээ болду

Кыргызстандыктар төмөнкүдөй орундарды камсыздады:

  • 1-орун "классикалык бий профи соло" категориясы боюнча (14-17 жаш) — Ясмина Жанбатаева (педагогу Аида Акматалиева);
  • 1-орун "классикалык бий профи соло" категориясы боюнча (11-13 жаш) — Адинай Эмилбекова (педагогу Ирина Исаева);
  • 1-орун "классикалык бий профи группа" категориясы боюнча (11-13 жаш) — "Орус бийи" (педагогу Ирина Исаева);
  • 2-орун "классикалык бий профи группа" категориясы боюнча (11-13 жаш) — "Вариация графинь Вишенок" (педагогу Аида Акматалиева);
  • 2-орун "модерн профи соло" категориясы боюнча (11-13 жаш) — София Говязина (педагогу Ирина Исаева);
  • 3-орун "классикалык бий профи соло" категориясы боюнча (14-17 жаш) — Александр Грин (педагогу Нурзат Шаршеев).

Фестивалдын башкы демөөрчүсүнүн сыйлыгын Алина Дүйшеева алды (педагогу Марипа Садыкбаева).

Жаңылыктар түрмөгү
0