Ош — түрк элдеринин маданий борбору. Ири иш-чарага даярдык көрүлүүдө

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш — Түрк элдеринин маданий борбору. Ири иш-чарага даярдык көрүлүүдө
Ош — Түрк элдеринин маданий борбору. Ири иш-чарага даярдык көрүлүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салтанатка карата мэрдин демилгеси менен борбордук стадиондо, "Алымбек датка" этнографиялык борборунда оңдоо иштери жүрүп, борбордук көчөлөрдүн түнкү жарыктандыруу системалары жаңыланды.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде "Ош — түрк элдеринин маданий борбору" аттуу эл аралык салтанаттуу иш-чара өтө турганын аталган шаардын мэриясы билдирди.

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВ Оше проверили подготовку объектов к международным мероприятиям по Программе "Ош - культурный центр Тюркского мира"
Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде Ош — Түрк элдеринин маданий борбору аттуу эл аралык салтанаттуу иш-чара өтө турганын аталган шаардын мэриясы билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде "Ош — Түрк элдеринин маданий борбору" аттуу эл аралык салтанаттуу иш-чара өтө турганын аталган шаардын мэриясы билдирди
© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВ Оше проверили подготовку объектов к международным мероприятиям по Программе "Ош - культурный центр Тюркского мира"
Кечээ вице-премьер Алтынай Өмүрбекова даярдык иштерин көрдү - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кечээ вице-премьер Алтынай Өмүрбекова даярдык иштерин көрдү
© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВ Оше проверили подготовку объектов к международным мероприятиям по Программе "Ош - культурный центр Тюркского мира"
Маалыматта салтанаттын негизги бөлүгү 20-апрелде өтөрүн, ага президент Сооронбай Жээнбековдун катыша турганы айтылат. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Маалыматта салтанаттын негизги бөлүгү 20-апрелде өтөрүн, ага президент Сооронбай Жээнбековдун катыша турганы айтылат.
1/3
Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде "Ош — Түрк элдеринин маданий борбору" аттуу эл аралык салтанаттуу иш-чара өтө турганын аталган шаардын мэриясы билдирди
2/3
Кечээ вице-премьер Алтынай Өмүрбекова даярдык иштерин көрдү
3/3
Маалыматта салтанаттын негизги бөлүгү 20-апрелде өтөрүн, ага президент Сооронбай Жээнбековдун катыша турганы айтылат.

Кечээ вице-премьер Алтынай Өмүрбекова даярдык иштерин көрдү.

Маалыматта салтанаттын негизги бөлүгү 20-апрелде өтөрүн, ага президент Сооронбай Жээнбековдун катыша турганы айтылат.

"20-апрелде майрамдык сүмөлөк, мэрдин расмий конокторду кабыл алуусу, "Түрк дүйнөсүнүн этномаданияты" фестивалы, "Элдик каада-салттар", "Этномузыка", "Этномода" иш-чаралары өтөт. ОшМУнун башкы корпусунда илимий-практикалык конференция болмокчу. "Алымбек датка" этнографиялык борборунда "Түрк элдеринин маданияты Сулайман-Тоодо" аталышындагы эл аралык маданий иш-чарасынан кийин түрк элдеринин "Сулайман-Тоо ынтымак жүрүшү" болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Салтанатка карата мэрдин демилгеси менен борбордук стадиондо, "Алымбек датка" этнографиялык борборунда оңдоо иштери жүрүп, борбордук көчөлөрдүн түнкү жарыктандыруу системалары жаңыланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0