Актриса, КРдин эмгек сиңирген артисти Сайрабүбү Мырсалиева

Актриса Сайрабүбү Мырсалиеванын 60 жылдык юбилейине карата бенефиси өтөт

76
Иш-чара 17-18-апрелде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Актриса, КРдин эмгек сиңирген артисти Сайрабүбү Мырсалиеванын 60 жылдык мааракеси белгиленип, бенефиси өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Иш-чара 17-18-апрелде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.

Актрисанын күйөрмандары бенефиске күбө болгончо, азербайжан жазуучусу Эльчин Эфендиевдин "Рахмат сага, Шекспир" спектаклинин бет ачарын да көрө алышарын уюштуруучулар билдиришти.

76
Белгилер:
иш-чара, маараке, спектакль
Тема боюнча
Чемоданда чоңойгон. Актриса Шайыр Касымалиева тууралуу 8 факты