Кыргызстанда болгон окуянын негизинде триллер тартылды. Трейлер

© Фото / Азамат ШаршеновСъемки триллера "Мурас" ("Наследие") в КР
Съемки триллера Мурас (Наследие) в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Мурас" тасмасы кийинки жумада көрөрмандардын назарына сунушталат.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи ирет триллер жанрындагы "Мурас" аттуу тасма тартылды. Бул туурасында кинонун менеджери Гүлзар Кокенова маалымады.

Аталган тасма кийинки жумадан тарта чоң экранга чыгат. Картина жашоодо болгон окуянын негизинде тартылганы айтылат.

"Сюжетте жаш үй-бүлөнүн оош-кыйыш турмушу баяндалат. Келинчеги чет жакка иштөө үчүн кетүүгө аргасыз болот. Күйөөсү арзаныраак батир издеп, бир кемпирдин эски үйүн табат. Батирдин ижарасы арзан, тынч сезилгени менен кошуналары кайып боло баштайт. Кийинчерээк мунун себебин түшүнөт... Картинада бүгүнкү күн менен Улуу Ата Мекендик согуш учуру чагылдырылган" — деп жазылат маалыматта.

Тасманын режиссеру Азамат Шаршенов. Ролдорду Азиз Мурадиллаев, Данияр Өмүрбеков, Тынара Абдразаева, Азамат Арыков баштаган актерлор жараткан. Хронометражы 1 саат 40 мүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0