Белгилүү композитор, КРдин Эл артисти Калыйбек Тагаев

Калыйбек Тагаев: немистердин өлгөн балдарынын кийимин жыртып чоңойдук

1337
(жаңыланган 12:03 15.04.2019)
Мирбек Сакенов
Бүгүн белгилүү композитор, КРдин эл артисти Калыйбек Тагаевдин туулган күнү. "Элмира", "Долон", "Ат-Башым" өңдүү өзүнүн мыкты обондору менен көпчүлүктүн жүрөгүн багындырган инсан 79 жашка толду.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы залкарды туулган күнү менен куттуктап, аны менен маек курду.

Сексен жашка жакындап калган обончу  Ат-Башы районунун Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде туулган. Учурда кирип-чыгып обон жазуу менен алек. Жаңы жараткан чыгармаларын радио менен телеканалдардын фондуна өткөрүп берсем деп убара.

— Туулган күнүңүз менен, агай! Ден соолугуңуз жакшыбы, үйдө эмне менен алектенип жатасыз?

— Кудайга шүгүр, жакшы. Пенсияга чыгып үйдө элемин. Мурун эртең мененки тогуздан алтыга чейин жан тынбай иштеп жүргөндө "пенсияга чыгып жыргап эс алсам" дечү элем. Бул курак бекерчинин иши экен, кирип-чыгып коюп жүрөбүз. Кээде бир нерсе жазымыш этебиз, бирок ден соолук болбосо ал дагы кыйын болуп кетет экен да. Ооруканага жатып чыгып, үйдө отурмай.

Жаш кезде күнү-түнү эргүү келип, күн сайын бирден обон жаратчубуз. Мисалы, "Элмира" деген чыгарманы поездде баратып 15 мүнөттө жазгам. Азыр бир жарым саат отурсаң да бир кайрык келбейт. Ден соолук жакшы болбогондон кийин көңүл чаппай калат окшойт. Ошентсе да элге отчет берип коеюн деп өткөн жылы концерт бердим. Жаңы ырларды сунуштаган чыгармачылык кече болду. Жөн отура албайсың, өз кесибиң болгон соң эрмектейт экенсиң. 

Известный композитор, народный артист КР Калыйбек Тагаев на отдыхе
© Фото / из личного архива Калыйбека Тагаева
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Калыйбек Тагаев 150гө жакын ырга обон жазган

— Обон жаратуу үчүн сезим эле керекпи же аракет жетиштүүбү?

— Көпчүлүгү эргүү керек деп калышат. Бирок илхам келет деп эле тиктеп отура берсе, даяр обон өзү келбейт да. Илхамды өзүң издеп табышың керек. Белгилүү бир тема жөнүндө жазайын деп тандап, жакшылап ой жүгүртүп, акынга мазмунун кенен айтып берип ыр саптарын жазуу үчүн буюртма бересиң. Анан ошол даяр болуп келген текстке жараша обон жаратыш керек. Ага болгон дитиңди коюп көп ойлонушуң абзел. Себеби башканын обонуна окшошуп, кайрыктары туура эмес келип калышы мүмкүн. Мындан сырткары, чыгарманы ким аткарат деген маселе бар. Анын үнүнүн диапазону, манерасы, тембрин эске алып ылайыктап жазасың. Ошондо гана обон өзүн актайт.

— Обончу канчалык деңгээлде акындар менен иштеше билиши керек? Сиз деле мыкты ыр саптарды издесеңиз керек?

— Мен ыр саптары жок обончулук менен такыр алектене албайм. Чыгармачылыгымда Турар Кожомбердиевдин 20дай ырына обон жаздым, мурунку акын-жазуучулар менен көп иштештим. Азыркылар менен анчалык иштеше албай жатам. Эки-үч жолу атайын "Нуска" китеп дүкөнүнө барып, жакшы ыр таба алган жокмун. Көпчүлүгү жеңил-желпи, сөздүн кудурети жок чыгармалар. Анан тойдун ырлары көп чыгып жатат, ал чыгармалар көп жашабайт, бир ай эле ырдалат. Андайга обон жазуунун кажети жок. 

Известный композитор, народный артист КР Калыйбек Тагаев с семьей
© Фото / из семейного архива Калыйбека Тагаева
Композитор үй-бүлөсү менен

— Балалыгыңыз жөнүндө сөз кылалы, кичинекей кезиңиз Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келиптир. Кыйын эле болсо керек...

— Атам мен үч айлык кезимде согушка кетиптир. Ошол бойдон көргөн жокмун, атамдын агаларынын колунда өстүм. Апам 21 жашында жесир калып, турмушка чыкпай эки баланы тарбиялап, 90 жашка чыгып көз жумду. Ачарчылык эле, бизге кичинекей баштык тигип беришчү. Биз ага комбайндан калган арпа, буудайды жерге жатып сойлоп терип машактачубуз. Антип убара болгонуң бир тең да, жолдон бирөөлөр кармап алып кырманга төктүрүп салганы бир тең эле. Канча ыйладык... Кийим-кече деле жок, бир көйнөк, бир дамбал менен эле чоңойдук. Бут кийим такыр кийчү эмеспиз, жыңайлак эле жүрчүбүз. Эсимде, согуш аяктап бизге кийим таратты. Топчулары жылтырайт, биз аны кайра-кайра сүртүп кийип жүрдүк. Көрсө, бизге немистердин өлгөн балдарынын кийимдерин тараткан экен. Ошентип жаманчылыкты көрүп чоңойдук.

— Бир маегиңизде учкуч, бийчи болгонго жакшы мүмкүнчүлүк болуп, бирок апаңыз макул болбой көп нерседен баш тартууга мажбур болгондуңугузду айткан жайыңыз бар...

— Кичинекей кезимде эле мектептеги хор ийримине катышып, ырларды айтып, орус, украин бийлерин аткарчумун. Ал кезде Ленинград шаарынан келип тандап кетчү. Ошолордун көзүнө илинип, мени алып кетмек болушкан. Анда Фрунзе эмес, Нарынга чанда барчубуз, Ат-Башыдан чыкчу эмеспиз да.

Кийин Нарын шаарына келип авиаклубга катышып калдым. Ал жактан учактын түрлөрүн жасап, республикалык сынактарга катышчумун. 5-6 жылдай алектенип учкуч болом деп калдым. Тамбов шаарына барып окумай болгом, анда да үйдөгүлөр макул болбой калып калгам. Мени менен чогуу окугандар кийин учкуч болуп кетишти. Ошентип Нарында Жумамүдүн Шералиевдин колунда жүрүп, өздүк көркөм чыгармачылык менен алектенип кеттим. 

Известный композитор, народный артист КР Калыйбек Тагаев с артистами
© Фото / из личного архива Калыйбека Тагаева
Ырчы Токтобек Асаналиев, обончу Калыйбек Тагаев жана аткаруучу Улан Качкыналиев

— Кийин Караколдо окуп, обончулук менен профессионалдуу алектенип калган турбайсызбы?

— 1957-жылы мектепти аяктап жашоо-шартка байланыштуу институтка тапшыра албай калдым. Жетишпеген турмуш, атам жок, апам кийим тигип иштейт. Анан Нарындагы дене тарбия бөлүмүндө окуп калдым. Окуучулук кезде жеңил атлетика, лыжа, бокс менен машыгып калгам. Ошентип ал окуу жайды бүтүрүп, Караколдо музыкалык бөлүм ачылып жатат деп гезиттен окуп калып, түнү менен 4-5 бала жүк ташуучу унаага түшүп алып кетип калдык. Ал жакка кичинекей кезде алган грамоталарды көрсөтүп окууга өтүп кеттим. 3-курста окуу жабылып Ошко которулду. Мен болсо мектепте мугалим болуп иштеп, андан соң Нарын театрында 10 жылдай иштедим. Кийин маданият министри Күлүйпа Кондучалова өзү борборго келип оку деп, ошентип Искусство институтунда билим алдым.

— Айтор, бардык тепкичти басып өткөн турбайсызбы...

— Ананчы. Азыркы чыгармачылыгымдын жемиши - ошол мезгилдин мөмөсү. Дегеним, менин ырларымды аткарбаган деле адам калган жок го. Болот Миңжылкыевден баштап Дарика Жалгасынова, Кайыргүл Сартбаева, Майрам Дүйшекеева, Гүлзат Байзакова, Токтобек Асаналиев, Гүлнур Сатылганова, Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиевага чейин. 

Известный композитор, народный артист КР Калыйбек Тагаев
© Фото / из личного архива Калыйбека Тагаева
Калыйбек Тагаев: азыр обондорду да уурдамай башталды

— Жүздөн ашык чыгарманы обонго салган инсан катары азыркы чыгып жаткан ырлар жөнүндө сизден сурабай кое албайбыз. Кандай сын-пикир айтат элеңиз?

— Мурун көркөм кеңеш иштечү, анын курамына белгилүү акын-жазуучулар, композиторлор кирчү. Алар ар бир чыгарманын маанисин ийне-жибине чейин карап радио, телевидениеге чыгарчу. Автор бир обонду жаратуу үчүн канча күч-аракет жумшайт. Автордук укук сакталбайт, обондор уурдала баштады, көзөмөл жок. Элге сунушталганда авторлордун аты айтылбайт, же оозунун желин аяшабы, билбейм. Жөн эле сөзүн бул, обонун баланча жазган деп айта алышпайт. Ушундай бир деңгээлге түшүп кеттик. Маселелер толтура, фонограмманын айынан эл музыка уккусу келбей иренжип бүттү. Мисалы, Атай Огонбаев, Муса Баетовдун ырлары азыркыга чейин ырдалып жүрөт. Аткаруучулар итче үрүп, мышыкча мыёолоп ар кандай ырдап, сонун ырларды бузуп бүттү. Обончулар сүйүүдөн башка эч нерсе жазбай калды, эми темалар толтура го. Мейли, сүйүүнү да жазсын. Бирок ал дагы жеңил-желпи болуп жатпайбы.

— Чыгармачылык менен 60 жылдай эмгектендиңиз. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ала элексиз да?

— Ал сыйлыкка эки жолу көрсөтүлдүм. Мен Карамолдо Орозов атындагы академиялык оркестр, симфониялык жана камералык оркестр менен үч чоң концерт койдум. Ошол кезде Тууганбай Абдиев да көрсөтүлгөн, ага да берилген жок. Ошондой залкар адамга бербей, Саламат Садыкова менен Анарбек Ибраевге ыйгарышты. Жок дегенде бирөөсүн төкмө акын Абдиевге берип, экинчисин жаштардын бирөөсүнө берип койсок болмок да. Анан ушул калыстыкпы, сыйлык деле жең ичинен сүйлөшүлүп кетет деп угуп калдым. Бир нерсе бериш керек экен да. 

Известный композитор, народный артист КР Калыйбек Тагаев с исполнителем Аскатом Мусабековым
© Фото / из личного архива Калыйбека Тагаева
Белгилүү обончу ырчы Аскат Мусабеков менен

— Буюрса аманчылык болсо, кийинки жылы 80 жашка чыгасыз. Кандай белгилейин деп жатасыз?

— Өмүрү туулган күнүмдү белгилеп көргөн эмесмин, андай адатым жок. Көрөбүз, жаңы ырларды жазып концерт берип калышым мүмкүн. Бирок азыр концерт коюш деле укмуш экен. Өткөн жылы филармонияда чыгармачылык кече өткөрдүм деп жатпаймынбы, ошондо 110 миң сомго чыгым болуп, отуруп калдым. Элестеткиле, эки саат ижарасы эле 40 миң сом, жарык берүүсүнө өзүнчө 25 миң, салыгы бар экен 10 миң 200 сом, сүрөтчүгө 8600 сом, эшик тоскон балдарга 3000 болуп отуруп бир топ акча чыгып кетти. Билет тараткандар дагы эле акчасын бербей качып жүрүшөт. Эл артисти, пенсионер катары ижарасын деле жөн койсо болот эле го, тим эле күйүп кеттим. Анысы аз келгенсип, Ак үйдөн деле бирөө басып келип койгон жок. Бизде маданиятка мамиле ушундай. Анан кантип көңүлүң көтөрүлсүн да, кантип иштегиң келсин?..

1337
Белгилер:
маек, композитор, Кыргызстан
Тема боюнча
Замирбек Үсөнбаев: өмүрүмдө бир да жолу арак ичип, чылым тарткан жокмун
Түмөнбай Колдошовдун айылга каты. Көк-Ташым, эртедир-кечтир сага барабыз...
Төкмө акын Изат Айдаркулова: эркектер менен "катуураак" айтышып алам