Иосиф Сталин. Архивдик сүрөт

Сталин окуп жактырган. "Биздин замандын кишилери" романы тууралуу 10 факты

1073
(жаңыланган 13:00 15.04.2019)
Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы эл башынан өткөн эң оор күндөр жазуучу катары Түгөлбай Сыдыкбековдун ички дүйнөсүнө тынчтык бербей, ошол кездеги Ала-Тоо аймагынын ар түрдүү окуялары, каармандары анын "Биздин замандын кишилери" романынын өзөгүн түздү.

Чыгарма Сталиндик сыйлыкка татып, улуттук адабиятыбызда мурда болуп көрбөгөн улуу жеңишти алып келген. Роман бир нече чет тилге которулду, жазуучунун да аброю өстү. Чыгарма тууралуу 10 факты сунушталат.

Роман сегиз жылдан соң гана китеп болуп жарыяланган. Түгөлбай Сыдыкбеков "Биздин замандын кишилерине" чейин "Кең-Суу" романынын биринчи, экинчи китептерин жазып, "Темир" романын жарыялап, кыргыз журтчулугуна ири эпикалык жанрдын бирден-бир чебери катары таанылып калган. "Биздин замандын кишилерин" 1943-жылдын башында жаза баштаган, айрым үзүндүлөрү "Советтик Кыргызстан" (кийинки "Ала-Тоо") журналына жарыяланган.

Кыргызча жазылган роман эң алгач орусча чыккан. Ал кезде кырдаал ушундай татаал, кооптуу болчу. Ошондуктан К.Рахматуллин, кийин 1946-жылда ал каза болуп калган соң Абушахметов чыгарманы орусчага сөзмө-сөз которушкан да, Москвадан Горбунов деген котормочу менен сүйлөшүп, 1947-жылы текст орусчага которулуп даяр болуп 1948-жылы "Советсий писатель" басмасынан чыгып кетет. Китеп болуп чыкканга чейин эле 1947-жылы Москвада "Литературная газетага" (26-июнь), Ташкентте "Звезда Востока" журналына (№6) макалалар басылган. Романдын түп нускасы, башкача айтканда, кыргызчасы 1949-жылы гана жарык көргөн. 

Китеп чыга электе талкууга түшкөн. Романдын журналга чыккан үзүндүлөрү кыргыз жазуучулары менен адабиятчылары тарабынан талкууланып, Кыргызстан Жазуучулар союзунда негизинен көп сын пикирлер айтылган, ошон үчүн да Сыдыкбеков китебин Фрунзеден кыргызча бастырган эмес.

Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларынын ичинен эң биринчи СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. "Биздин замандын кишилери" романын чыгарган басма өзү китепти Сталиндик сыйлыкка көрсөтүп, аны автор 1949-жылы алган. Бул окуя кыргыз асманында чагылгандын жаркылдашындай эле болгон. Ал учурда (1941-1954-жылдарда) СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы Сталин атындагы сыйлык деп аталчу жана үч даража менен белгиленчү. Кийин бул сыйлыкка, 1950-жылы Алыкул Осмоновдун "Мой дом" деген жыйнагы, 1952-жылы Касымалы Баялиновдун "Көл боюнда" повести көрсөтүлүп, бирок ала албай калышкан. 1957-1991-жылдарда СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы аталып, даражасы Лениндик сыйлыктан кийинки орунда турган. Тарыхта кийин кыргыз жазуучуларынан бир гана Чыңгыз Айтматов үч жолу татыктуу болгон. Демек, бул сыйлыкты кыргыздардан эң биринчи болуп Түгөлбай Сыдыкбеков алган. "Биздин замандын кишилери" романынын Сталиндин атындагы сыйлыкка жетишүүсү, анын авторун коргоп гана калбастан, анын көптөгөн тилдерге которулушуна шарт түзгөн, ошол эле кезде экинчи жагы айрым кыргыз жазуучуларынын көрө албастыгын ойготкон.

Сталинге жаккандыгы айтылып келет. Такталбаган маалыматтар боюнча романдын орусча сөзмө-сөз котормосун сыйлык берерде Сталин өзү окуп чыккан экен. Анан жардамчыларынан "бул киши партияга мүчөбү" деп сураптыр. Коммунист эмес экенин билген соң "партияга тез кабыл алгыла" дегени айтылып келет. Бирок жазуучу партияга өтпөй, өмүр бою "безпартийный" болуп жашады.

Татаал жылдардын тар жолунан аман чыккан. "Биздин замандын кишилери" романы жарык көргөн жылдарда советтик идеологияда жана саясатта адабият менен искусствону "жат элементтерден тазалоо", "саясатташтыруу" жүрүп, ВКП(б) Борбордук Комитетинин "Звезда", "Ленинград" журналдары жөнүндөгү токтомуна негизделинип көптөгөн китептер, анын ичинде Ташым Байжиев менен Зияш Бектенов жазган мектептер үчүн окуу китептери, Тазабек Саманчиндин диссертациясы, монографиясы, "Бир туугандар" деп аталган аңгемелер жыйнактары, дагы башка көптөгөн эмгектер колдонуудан алынып, "Манаска" чабуул башталып турган. Мына ушул адабиятка партиялык жетекчиликтен улам "Биздин замандын кишилеринин" конфликтилери жумшартылып, саясий, интернационалдык руху күчөтүлгөн да, алар коммунисттик партия талап кылган мүдөөлөргө ылайык келип калган.

Роман кыргыз айылын дүйнөгө таанытты. Кыргыз адабиятындагы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына чейин чет тилдерге эң көп которулган чыгарма ушул роман болгон. Орус тилинде "Люди наших дней" деген ат менен 1949, 1950, 1951, 1955, 1957, 1987-жылдарда көп нускада басылат. Латыш (1949), казак (1950), өзбек (1951, 1952, 1953), украин (1953), түркмөн (1958), литва (1958), тажик (1959), азербайжан (1962), румын (1951), венгер (1951), поляк (1951), чех (1951), словак (1952), кытай (1956, 1959), болгар (1958) ж.б. тилдерде китеп болуп чыгат.

Кытайга кеткен жазуучунун инилери роман менен алгач казак тилинде таанышкан. Сыдыкбековдун Кең-Суудагы туугандарынын бири, кийин таанымал жазуучу болгон Аман Саспаев Пекиндеги Борбордук улуттар институтунда окуп жүрүп, китепканадан Түгөлбай Сыдыкбековдун "Биздин замандын кишилери" романынын казак, "Тоо балдары" романынын уйгур тилиндеги котормолорун таап, ошолордон өз айлынын картинасы менен бөтөн жерде, бөтөн тилдерде таанышкан.

"Биздин замандын кишилеринин" сюжети жана композициясы. Роман Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы бир колхоздун тылдагы эмгектерин, адамдардын сүйүүсүн, жаштар менен карылар мамилесин, калктын жеңиш үчүн талбай иштөөсүн, кайраткерлигин, майтарылбастыгын көрсөтөт. Окуя Ысык-Көлдүн боюндагы бир колхоздун тынч турмушун сүрөттөө, жаңы замандын бактылуу адамдарынын эл-жер көрүүсү, кыргыз жериндеги өзгөрүүлөрдү өз көзү менен байкаган саякаттарын чагылдыруу менен башталат. Ошол кезде эмгекчилер электр станциясын курууга камынып жаткан. Жумушка шымаланып баары чыккан күнү согуш кабары угулат. Колхоз башкармасы Шамбет, аны менен курбулар Элебес, Сергей кан майданга аттанат. Эми ээнсиреген тылдагы колхоздо калган кары-картаңдар, кыз-келиндер Чаргын башкарманын жетекчилиги менен күнү-түн эмгектенип, жеңиш үчүн жан аябай күрөшөт. Бир айылдын адамдары бүт эмгекке тартылат: Дмитрий карыя устаканада, Акман карыя жылкы четинде, жети жашар Салморбек достору менен танк үчүн темир сыныктарын жыйноодо, жаш кыз Гүлнар эсепчиликте иштешет, аялдар жер айдашат, чөп чабышат, чөп жүктөшөт, түнү бошой калганда аскерлерге кол кап, байпак токушат. Башкы каарман - карапайым, ак көңүл, иштемчил, мекенчил жигит Чаргын. Ал колхоз башкармасы. Анын сүйүктүүсү бир сырдуу, ачылып сүйлөбөгөн Батма. Ошол кездеги саясатка ылайык улуу жеңиштин кыймылдаткыч күчү болгон эл достугу Метрей менен Акман карыянын, Любанын образдары аркылуу чагылдырылат. Каркылдак, Чегиртке сыяктуу каармандар алсыз жана каршылаштарына тез эле жеңилип берет. Романда негизги окуя согуш жылдарындагы бир айылдын турмушун көрсөтүүгө арналса да, жапа тырмак колхозго кирүү тууралуу Мыскалдын, фронт жөнүндө Сергейдин, өз өткөнү тууралуу Чегирткенин баяндары ж.б. эскерүүлөр сюжеттик сызыкты ары-бери буруп турат. Бир катар образдар психологиялык тереңдик менен ачылгандыгы, жаратылыш көрүнүштөрүн чебер берүү, адам мүнөздөрүн таамай тартуу жагынан кыргыз романындагы ийгилик болгон. Ошол эле кезде азыркы окурмандын ой жүгүртүүсү менен караганда, саясатка ылайыктап жасалма интернационализм жаратуу, публицизм, айрым учурда фольклордук таасирден арыла албоочулук, ошол кездеги советтик адабияттагы "конфликтсиздик теориясынын" таасири  сыяктуу көрүнүштөр оркоюп чыгып турат.

1956-жылдагы талкууга жем таштаган. "Ала-Тоо" журналынын 1956-жылдын июль айындагы санына Аалы Токомбаевдин "Бетме-бет кеңири кеңешели" деген макаласы жарыяланып, "Биздин замандын кишилери" романы катуу сынга алынган. Ошондон кийин Кеңешбек Асаналиев, Киреше Иманалиев, студент Камбаралы Бобулов бул чыгарма тууралуу ойлорун ортого салган. Журналдын №12 санына Сыдыкбековдун "Аалы Токомбаевге ачык кат" деген макаласы басылган. Бул роман ошол жылдарда кыргыз адабиятынын тарыхындагы кызуу талкуулардын бирине жем таштагандыгы менен да эсте калган.

1073
Белгилер:
роман, факты, Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (366)
Тема боюнча
"Алиппенин" автору. Ленинге кат жазган Ишеналы Арабаев тууралуу 7 факты
"Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" тууралуу 10 факты. Айтматов идеяны кайдан алган?
Кыргызстандык виолончелистка Нурмира Салимбаева

Музыка менен АКШны багынткан кыргыз кызы: ыйлаган күндөрүм көп болду

1145
(жаңыланган 17:33 17.10.2020)
Азыр дүйнөнүн ар бир бурчунан кыргызстандыктарды табууга болот. Кай бирлери жумуш издеп кетсе, айрымдары минтип койгон кыял-максаттарынын артынан барып, ийгиликти багынтып отурат. Арасында бактысын тапкандар да аз эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттиги музыка менен Американы багынткан кыргыз кызы Нурмира Салимбаевадан маек алган.

Нурмира Салимбаева виолончелде мыкты ойнойт. АКШдагы музыка жана искусство жаатында дүйнөгө белгилүү университеттин магистратурасын аяктаган. Учурда үй-бүлөсү менен Нью-Йорк шаарында жашайт.

— Өзүңүз тууралуу кыскача окурманга маалымат берсек?

— Бишкек шаарында туулгам. Апам көп жылдан бери Мамбет Мамакеев атындагы республикалык ооруканада врач болуп эмгектенет. Атам кесиби боюнча инженер. Тогуз жашымда ата-энем мени Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатка алып келип киргизишкен. Ал жактан үнүмдү текшерип "музыканы кабыл алып, байкоосу жакшы. Манжалары узун, колдору чоң экен. Чоңураак музыкалык аспапта ойносун" дешип колума виолончелди карматып коюшту. Алгач виолончель көзүмө менден да чоң көрүнүп, ыйлаганым эсимде. Бирок бул аспаптын жагымдуу үнүн угаарым менен аны сүйүп калгам. Мугалимим Фёдор Якунин азыр деле Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта сабак берет. Бул адамдын колунан 17 жашыма чейин билим алдым. Алгачкы устатым абдан мыкты окутуучу. Кийин Улуттук консерваторияда окудум. Ал жактагы окутуучум Зинона Бегалиева да музыканы сүйүүгө чоң түрткү берип, бар күчүн жумшап аябай мыкты билим берди. Консерваториянын акыркы курсунда окуп жүргөндө "Мээрим" фондунун стипендианттары фонд менен бирге Москваны, Түркияны, Швейцарияны кыдырып концерт койгон элек.

Виолончелистка из Кыргызстана Нурмира Салимбаева, которая проживает в Нью-Йорке
© Фото / из личного архива Нурмиры Салимбаевой
Нурмира Салимбаева: Алгач виолончель өзүмдөн да чоң көрүнүп, ыйлаганым эсимде. Бирок бул аспаптын жагымдуу үнүн угаарым менен аны сүйүп калгам.

— Америкага кандайча барып калдыңыз?

— Котормочу болуп иштеген тууган агам АКШга бир конференцияга кетип жатып, барып "виолончель ойноп бересиңби?" деп сурангандан дароо макул болдум. Ошол кезде 21 жашта болчумун. Америкада мага атайын тур уюштуруп беришип, виолончелим менен көп концерттерге катыштым. Кийин менин музыкалык аспапта ойногонум жергиликтүү музыканттарга жагып, Америкада калып билим алуума сунуштар түштү.

— Окууга өттүңүзбү?

— Алгач Нью-Йорктогу музыка жана искусство чөйрөсүндө дүйнө жүзүнө белгилүү Жульард (Juilliard School — ред.) музыкалык консерваториясына сынак тапшырдым. Виолончель жана музыка боюнча эки сынактан өтүп, англис тилинен TOEFL тапшыра албай койдум. Тил билбесең бардык эшиктер жабык экенин түшүнүп, ошондон кийин болгон күчүмдү тил үйрөнүүгө жумшадым. Башында кыйналдым. Төрт жыл англис тилин аябай окуп, күнүнө алты-жети сааттан курстарга барып турдум.

Беттеги бырышты кетире албай убарасызбы? Скульптуралык массаж тууралуу маек

— Өзүңүз концертке катышууга барып эле АКШда калып калсаңыз. Чоң шаар, бөтөн элде кантип жан бактыңыз?

— Ал убакта жанымда акчам да жок, бөтөн жерде эч кимди тааныбайм же тил билбейм. Колумда виолончелим менен бир чемоданым эле боло турган. Баарын башынан башташ керек болду. Албетте кыйналдым. Бир гана кудайга ишендим. Мени чоң музыкант болуу кыялым жана талбаган эмгек абалдан сууруп кетти деп ойлойм. Курска баруу үчүн алгач бала багуучу, ит сейилдетүүчү, театр жана үй тазалоочу болуп иштеп жүрдүм. Кичинеден окууга акча чогулта бердим. Бир күнү Жульард мектебинин мугалими чалып: "Нью-Йорк абдан кымбат шаар. Бул жактан сегиз сааттык аралыкта жайгашкан Рочестер шаарындагы Рочестер университетинин Истмен музыка мектебине (Eastmen School of Music— ред.) барып тапшыр. Ал дагы дүйнөгө белгилүү жана музыкалык аспаптар жаатында абдан күчтүү консерватория", - деген кеңешин берди. Албетте, бул сунушту туура кабыл алдым, анткени Жульард мектебинин окуусун төлөөгө менде каражат жок болчу.

Виолончелистка из Кыргызстана Нурмира Салимбаева, которая проживает в Нью-Йорке
© Фото / из личного архива Нурмиры Салимбаевой
Нурмира Салимбаева: Кыргызстанда музыканттарды баалап, көңүл бурушпайт. Музыкант болуу чоң эмгекти, казып окууну, терең билим алууну талап кылат.

— Анан кантип Америкада ийгиликтүү музыкант болууга жетиштиңиз?

— Америкада ийгиликтүү музыкант болуу үчүн белгилүү бир окуу жайын аяктоо өтө маанилүү. Ошол себептен мыкты университетке өтүүгө болушунча жан үрөдүм. Буга чейин Кыргызстанда деле чоң концерттерде ойноп, бир нече мамлекетти кыдырып концерт берсек да бул жактан баарын башынан баштоого туура келди. Нью-Йоркко дүйнө жүзүнөн менмендеген музыканттар келет. Андыктан көп эмгектенүү абзел. Анан да сонун адамдардын моралдык колдоосу болду. АКШдан таанышкан Эний жана Лима Күнөрдүн үй-бүлөсү менен абдан жакындашып, өз кишилердей болуп калдык. Окуумдан эс алууга чыккан сайын алардын үйүнө барчумун. Ошондой эле классикалык музыканы баалаган көп адамдарга жолуктум. Алар мага жаңы виолончель сатып алуума да жардамын аяган жок.

— Жолдошуңуз менен кантип таанышып калдыңыз?

— Истмен музыка мектебинин магистратурасында окуп, оркестрда ойноп жүргөндө жолдошум бизге дирижёр болуп келди. Ал мени биринчи көргөндө эле жактырып калыптыр. Бирок япон кызы деп ойлоп, өз алдынча япон тилин үйрөнүп жүргөн экен. Бир жолу орусча сүйлөп жатканымды угуп, Борбордук Азиядан экенимди баамдаптыр. Себеби кичинесинде балдар хорунда ырдап көп мамлекеттерди кыдырган. Кыргызстан тууралуу да билчү экен. Андан кийин таанышып, сүйлөшүп кеттик. Жолдошум америкалык еврей. Абдан таланттуу музыкант жана англис тилинен тышкары үч-төрт тилде эркин сүйлөйт.

Ошол магистратураны аяктап жатканда апам АКШга үч айга келип, мени Кыргызстанга алып кетмек болгон. Ата-энемдин Кыргызстандан турмушка беребиз деген ойлору бар эле. Бирок Клей (жолдошу Клей Гринберг) апамдан колумду сурап, калтырып кетүүсүн өтүнүп туруп алды. Акыры ата-энем макулдугун берип, апамдын кетерине үч күн калганда тоюбузду бердик. Дароо эле Нью-Йоркко көчүп келип, Манхэттен Чембр Мюзик (Manhattan Chamber Music — ред.) оркестринде, Опералык Хауста (опералык театр), Бродвей шоуларда (англ. Broadway theatre же жөн гана Бродвей — ред.) виолончель ойноп жүрдүм. Ошондой эле Нью-Йорктогу эки белгилүү музыкалык мектеп жумушка алышты. Балдарга виолончелден жана скрипкадан сабак берип иштедим. Клей Кыргызстанды абдан жакшы көрөт. Эли меймандос, мээримдүү деп көп айтат.

Google, Amazon, Apple компанияларына кирүүдө үч этап бар. Кыргыз жигиттин маеги

— Үч баланын ата-энеси болупсуздар...

— Ооба, улуу кызыбыздын аты Софья-Айсулуу 10 жашта, уулубуз Элайже-Ильяз сегиз, ал эми кичүү кызыбыз Амилия-Сайкал бешке чыкты. Апамдын аты да Сайкал болгондуктан небересине таенесинин ысымын ыйгарганбыз. Балдарым абдан жайдары, боорукер. Балдарды тарбиялоодо кыргызча менталитетти да колдонуп алгач улууларды жана өзүн сыйлоого үйрөтөбүз. Экинчиден, бирөөгө бой көтөрүү жаман адат экенин билишет. Күйөөм экөөбүз балдарды башка балдарга салыштырбайбыз. Бул, менимче, туура тарбия. Анан да биз, ата-энелер, балдарды көбүнчө "ыйлаба" деп урушабыз. Бул бир аз туура эмес. Себеби балдардын ыйлап алуусуна, оюн айтуусуна мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Мен өзүмдү балдарымдын адвокатымын деп коём. Аларга дайыма жакшы көрөрүмдү айтып турам.

Виолончелистка из Кыргызстана Нурмира Салимбаева, которая проживает в Нью-Йорке
© Фото / из личного архива Нурмиры Салимбаевой
Нурмира Салимбаева: Котормочу болуп иштеген байкебиз АКШга конференцияга жөнөп жатып, “барып, виолончель ойноп бересиңби?” деп суранганда дароо макул болгом.

— Кыргызстанда музыканттар анча бааланбайт эмеспи. Америкада бул жагы кандай?

— Кыргызстанда музыканттарды баалап, көңүл бурушпайт. Музыкант болуу чоң эмгекти, казып окууну, терең билим алууну талап кылат да. Эсимде 17 жашымда Кыргызстанда өткөн республикалык сынакты утуп алдым. Анан ошол эле жылы мугалимим Зинона Бегалиева Москвадагы консерваторияга алып барып, өзүнүн окутуучусу Мария Чайковскаяга музыкалык сынак (прослушивание) тапшырткан эле. Кыргызстандан барган үчөөбүз тең өтүп кеттик. Кайра келгенде материалдык жактан мүмкүнчүлүк жоктугунан окууга барбай калгам. Апам жардам сурап барбаган жери калган жок. Маданият министрлигине барса, жардам берүүдөн баш тартып коюшуптур. Натыйжада ошол үчөөбүздүн ичинен бирөө эле Москвага окууга кеткен. Ошондо аябай ызаланып ыйлап, биздин өлкөдө өзүңө гана ишенүү керек экенин түшүнгөм. Үч-төрт жылдан кийин аталаш агам "Америкага жүрү" дегенде эч нерсени карабай, бир-эки саатта эле чемоданымды чогултуп кете бергенимдин себеби да ошол болду окшойт. Бирок чет жерде кыйынчылыктар көп эле болду. Башында Кыргызстанды, нанынын жытын, абасын, эл-журтту сагынып жүрдүм. Ыйлаган күндөрүм көп болду. Азыр дагы музыка тармагында гана эмес, Кыргызстандагы кырдаалга да жүрөгүм ооруйт. Өлкөдө реформа болушун каалайм.

Бизге ызы-чуунун кереги жок! АКШдагы кыргызстандыктар менен маек

— Кыргызстандык жаш музыканттарга эмне айтар элеңиз?

— Музыкасыз жашоо — бул караңгыда калгандай. Кандай күнгө туш болсоңор да токтоп калбагыла. Кыялыңарга карай эмгектене бергиле. Музыканын жараатыңды айыктыра турчу сыйкыры бар. Алгач эмне үчүн музыканы тандап алганың тууралуу ойлон, өзүңө суроо бер. Бирөөгө жагуу же белгилүү болуу үчүн эмес жан дүйнөнү толтуруу үчүн тандасаң ийгилик болот.

Виолончелистка из Кыргызстана Нурмира Салимбаева, которая проживает в Нью-Йорке
© Фото / из личного архива Нурмиры Салимбаевой
Нурмира Салимбаева: Кыргызстандык музыканттар Нью-Йорктогу белгилүү маданий жайларда кыргыз композиторлору Калый Молдобасановдун, Муратбек Бегалиевдин, Абдылас Малдыбаевдин классикалык музыкаларын ойноп турабыз.

— Нью-Йоркто Азамат Сыдыков аттуу кыргызстандык белгилүү пианист жигит да жашачу эле...

— Ооба, азыр Азамат (Сыдыков) кыргызстандык музыканттарды колдоо боюнча атайын фонд ачкан. Ошол фонддун иштерине катышып турам. Кыргызстандык музыканттар Нью-Йорктогу белгилүү маданий жайларда кыргыз композиторлору Калый Молдобасановдун, Муратбек Бегалиевдин, Абдылас Малдыбаевдин классикалык музыкаларын ойноп турабыз. Америкалыктарга кыргыз обондору абдан жагат. Анткени назик, терең, тарыхы бай, кооз болот. Кыргыз күүлөрүн ойногондо эл кээде туруп алып кол чабышат. Америкада дагы бир мыкты музыкант, комузчу Перизат Копубаеванын атын айта кетким келет. Ал дагы Мукаш Абдраев атындагы мектепти бүткөн. Жолдошу белгилүү ырчы Эрлан Андашев. Мындан тышкары, Кайыр Кошоева деген пианист, Назгүл Бектурова аттуу виолончелде ойногон кыз бар. Баарыбыз катышып, бирге концерт коюп, кыргыз күүлөрүн Америкада жаңыртып турабыз.

1145
Белгилер:
Кыргызстан, жумуш, музыка, АКШ
Тема боюнча
Студенттерди чет өлкөгө окууга даярдаган ишкер: 5 нерсени эстен чыгарбаш керек
Кыргыз кыздар чет элдиктерден эмнеси менен айырмаланат? Суктандырган жигиттин маеги
Дарыгер-клиникалык фармаколог, косметолог Перизат Салянова

Адис скульптуралык укалоонун артыкчылыгын айтып берди

154
Дарыгер-клиникалык фармаколог, косметолог Перизат Салянова скульптуралык укалоонун жыйынтыгы дароо билинбегендиктен аялдар ийне сайдырууга кетип калышарын айтты.
Адис скульптуралык укалоонун артыкчылыгын айтып берди

Скульптуралык массаж бетинде жарасы, безеткиси барларга, артериалдык кан басымы жогоруларга, мээден жаракат алгандарга, гормоналдык көйгөйлөрү, көзү чалыр же көз оорулары барларга жана богок менен ооругандарга сунушталбайт. Бул тууралуу Перизат Салянова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Эндокринолог: уйку гормону бузулган адам бат картаят

Анын айтымында, скульптуралык укалоонун жашартуучу лимфодренаждык, миофасциалдык ыкмалары бар. Ар бир техникага жараша массаж май менен же май колдонулбай жасалат. Азыр майсыз укалоо жакшы жыйынтык берип жатат.

"Биз адамдарга ден соолугуна кам көрүү үчүн багыт берүүчүбүз. Массажга келген адам эгер өзү да аракет кылып, ден соолугун, келбетин жакшыртуу боюнча адистер менен чогуу иштесе, анда жакшы натыйжа болот. Бул ошол эле туура тамактануу, уктоо жана дене тарбия менен машыгуу. Укалоо дегенди укканда "ой жөн эле массаж турбайбы, кантип бырышты кетирмек эле" деп ийне сайдырганга ашыгышат. Албетте, укалоо дароо жыйынтыгын бербейт. Ал үчүн бир нече процедурадан өтүү керек. Бирок анын кийин кесепети жаман болбойт. Ал эми ботокс, филлер бул зыяндуу нерсе. Ал депрессияга алып келет. Булчуңдун иштешин жокко чыгарып, аны тоңдуруп салгандыктан канчалаган кан айлануучу жана лимфатикалык кан тамырлар иштебей калат. Булчуңдардын арасында толтурулган гель 3-6 айдан кийин күчүн жоготуп, беттеги булчуңдар мурдагы эле калыбына келет. Жаш кыздар келечекте эне болушат. Ботокс балалуу болууга канчалык зыяны бар экенин аңдап биле беришпейт. Ооба, бизде жакшы косметологдор бар, бирок алардын баары эле ботокстун зыяндуулугун айта беришпейт", — деди Салянова.

Дарыгер адамдардын сулуулугуна аппараттык косметология менен кам көрүүгө билими, мүмкүнчүлүгү болгонуна карабай табигый укалоону тандаганын кошумчалады.

154
Белгилер:
скульптура, ботокс, укалоочу
Тема боюнча
Дерматолог жаш кезде бырышты алдын алуунун сырын ачып берди
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

171
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

171
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы