Бишкекте Төлөмүш Океевдин сейрек сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтөт

© Sputnik / Александр Федоров"Миражи любви" или Как сирийцы требовали эротику
Миражи любви или Как сирийцы требовали эротику - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданий иш-чара эки жумага чейин уланмакчы.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Белгилүү режиссер Төлөмүш Океевдин жаркын элесине арналган сүрөт көргөзмөсү өтө турганын уюштуруучулар билдиришти.

Актриса Таттыбүбү Турсунбаева - Sputnik Кыргызстан
Таттыбүбү Турсунбаеванын сандыктагы сүрөттөрү! Өң-түскө жуурулушкан талант
Маалыматка ылайык, маданий иш-чара Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейинде 19-апрелде башталып 5-майга чейин уланат. Анда СССРдин эл артисти өзү 70 жыл мурун тарткан сейрек сүрөттөр көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, кинематографисттин тасма тартуу учурундагы, замандаштары менен чогуу болгон ирмемдери коомчулуктун назарына сунушталат.

Кыргыз киносунун түптөөчүлөрүнүн бири Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жарыкка келген. Ал "Бакайдын жайыты", "Уркуя", "Көк серек", "Кызыл алма", "Алтын күз", "Кожожаш" тасмаларын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0