Тарых музейи. Архивное фото

Маданият министри тарых музейинин ачылбай жаткан себебин айтты

413
(жаңыланган 11:53 16.04.2019)
Жаманкулов музейдин ачылбай жаткан себеби козголгон кылмыш ишине байланыштуу эмес экенин белгиледи.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Мамлекеттик тарых музейи жакын арада ачылат, бирок так датасы азырынча белгилене элек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, музейдин ачылбай жаткан себеби козголгон кылмыш ишине байланыштуу эмес.

"Тарых музейинин ремонт иштери, ичи толугу менен бүткөн. Германиядан алып келинген атайын жабдуулар бар болчу. Адистер ага программалык камсыздоо иштеп чыгып жатышканына байланыштуу ачылбай жатат. Учурда музейде жарым-жартылай жамааты, тагыраагы, илимий жана археологиялык иштер менен алектенген кызматкерлер иштеп жатат", — деди Жаманкулов.

Эске салсак, 2018-жылдын башында Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштери менен жеринде таанышып, 2018-жылдын март айында ачылары маалым болгон.

Бирок май айында депутаттар Тарых музейин реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп чыгып, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары ал эмеректердин баасын жарыялаган.

Музейди реконструкциялоодон чыккан чырдан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү иштерин баштап, июлда Башкы прокуратура имаратты оңдоого жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгогон.

413
Белгилер:
министр, ремонт, Тарых музейи, Мамлекеттик тарых музейи
Тема боюнча
Бишкектеги Тарых музейи качан ачылары белгилүү болду
770 миң евролук эмерек. Тарых музейин оңдоого кеткен чыгымдын тизмеси