Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору долбоору ишин баштап, иш-чаралар өтүүдө

Сүмөлөк, ыр-күү. "Ош түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" долбоору башталды. Сүрөттөр

303
(жаңыланган 13:38 20.04.2019)
Сүмөлөктү ачуу алдындагы көрүнүштөр, айтылчу каалоо-тилектер келген конокторго маалымат иретинде айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. "Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" долбоору ишин баштап, иш-чаралар өтүүдө.

Алгач 19-апрелде ачылыш аземинде расмий коноктор үчүн Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында "Коркут ата" спектакли коюлду.

  • "Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" долбоору ишин баштап, иш-чаралар өтүүдө.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Алгач 19-апрелде ачылыш аземинде расмий коноктор үчүн Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында "Коркут ата" спектакли коюлду.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Андан соң Ош шаарындагы Жаштар эс алуу багында "Кадыр түн тосуу" кечеси өткөрүлдү.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Майрамдык иш-чарада эл аралык салтанатка келген конокторго кыргыз элинин каада-салты, ыр-бийлери көрсөтүлдү.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Кечеге катышкан коноктор жакшы максат менен жасалып жаткан сүмөлөктүн даярдалуусуна күбө болуп, каалоо-тилектери менен бөлүштү.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Ал эми иш-чаранын экинчи күнү бүгүн, 20-апрелде, ошол эле эс алуу багында энелер кайнаткан сүмөлөк ачуу шааниси менен ачылды.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Бул иш-чарага күбө болуп жаткан конокторго сүмөлөктү ачуу алдындагы көрүнүштөр, айтылчу каалоо-тилектер маалымат иретинде айтылды.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 7
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
"Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" долбоору ишин баштап, иш-чаралар өтүүдө.

Андан соң Ош шаарындагы Жаштар эс алуу багында "Кадыр түн тосуу" кечеси өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарада эл аралык салтанатка келген конокторго кыргыз элинин каада-салты, ыр-бийлери көрсөтүлдү. Кечеге катышкан коноктор жакшы максат менен жасалып жаткан сүмөлөктүн даярдалуусуна күбө болуп, каалоо-тилектери менен бөлүштү.

Ал эми иш-чаранын экинчи күнү бүгүн, 20-апрелде, ошол эле эс алуу багында энелер кайнаткан сүмөлөк ачуу шааниси менен ачылды. Бул иш-чарага күбө болуп жаткан конокторго сүмөлөктү ачуу алдындагы көрүнүштөр, айтылчу каалоо-тилектер маалымат иретинде айтылды.

Кийинки иш-чаралар Ош шаарынын борбордук аянтында уланууда.

Бул долбоордун алкагында "Түрк дүйнөсүнүн этномаданияты" фестивалы, "Элдик каада-салттар", "Этномузыка", "Этномода" иш-чаралары өтөт. ОшМУнун башкы корпусунда илимий-практикалык конференция болмокчу. "Алымбек датка" этнографиялык борборунда "Түрк элдеринин маданияты Сулайман-Тоодо" аталышындагы эл аралык маданий иш-чарасынан кийин түрк элдеринин "Сулайман-Тоо ынтымак жүрүшү" өтөт.

Иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов катышууда. Андан сырткары, Түркия, Казакстан, Македония, Сербия, Азербайжан, Өзбекстан, Башкырстан, Тува Республикасынын чыгармачыл жамааттарынын келиши күтүлүүдө.

303
Белгилер:
маданий күндөр, Ош, Кыргызстан
Тема боюнча
Иранда өтчү эл аралык кинофестивалда "Дарак ыры" көрсөтүлөт
Ошто Роза Рымбаева баштаган ырчылардын концерти болот. Кирүү акысыз
Улуу акын Александр Сергеевич Пушкиндин эстелиги. Архивдик сүрөт

Дүйнөнүн атактуулары Пушкиндин чыгармаларын түз эфирде окушат

44
(жаңыланган 13:15 06.06.2020)
Иш-чара улуу акын Александр Сергеевич Пушкиндин 221 жылдыгына жана Орус тили күнүнө арналат. Онлайн-трансляцияны "Россотрудничество" мекемеси Facebook баракчасында Бишкек убактысы менен саат 17:00дө баштайт.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бүгүн "Почитаем Пушкина" адабий-музыкалык марафону түз эфирде өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу "Россотрудничество" мекемеси маалымдайт.

Иш-чара улуу акын Александр Сергеевич Пушкиндин 221 жылдыгына жана Орус тили күнүнө арналат. Онлайн-трансляцияны "Россотрудничество" мекемеси Facebook баракчасында Бишкек убактысы менен саат 17:00дө баштайт.

Түз эфирде белгилүү адамдар Пушкиндин ыр саптарын окуп, анын сөзүнө жазылган романстар аткарылат.

Иш-чараны "Россотрудничество" мекемесинин башчысы Элеонора Митрофанова ачып берип, акын жана драматург Жулиан Генри Лоуэнфельд алып барат.

Ага Россия, Бельгия, Улуу Британия, Индия, Ирландия, Кытай, Сербия, АКШ жана Франциядан ырчы, музыкант, акындар катышат.

Пушкиндин чыгармалары бир гана орус эмес, башка тилдерде дагы жаңырат.

44
Белгилер:
түз эфир, чыгарма, ыр, Александр Пушкин
Тема боюнча
Айтматов Пушкин, Толстойдон эмне үйрөнгөн? Орус адабиятынын таасири тууралуу 5 факты
Эмне үчүн Пушкин менен Шаляпиндин тилин үйрөнүү керек?
КРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиев. Архив

Залкар акын Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд ачылды

165
Айзуура Иманалиеванын айтымында, уюм коммерциялык болбогондуктан материалдык пайда табууну көздөбөйт. Иманалиева фонд адамдын жан дүйнөсүн азыктандырчу казына болоруна ишенерин белгиледи.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. КРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд ачылып, аны бир тууган агасы Айдарбек Иманалиев жетектемей болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине акындын кызы, фонддун негиздөөчүсү Айзуура Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, уюм коммерциялык болбогондуктан материалдык пайда табууну көздөбөйт. Иманалиева фонд адамдын жан дүйнөсүн азыктандырчу казына болоруна ишенерин белгиледи.

"Ый менен адамды артка кайрый албайт экенбиз. Мындай оор жоготууга экинчи ирет учурадык. Бирок өзүмдү колго алып, атамдын экинчи өмүрүн узак кылууну тилек кылып, бир туугандары менен "Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фондун" ачууну туура көрдүк. Атамдын талантын баалап, анын ишинин уланышына кызыкдар адамдардын бар экени көңүл жылытат. Ошондуктан чар-жайыт иш жүргүзбөй, бир фонддо иш алып барсак туура болчудай. Анүстүнө өлгөн адамдын атын жамынып, акча табуунун айласын кылгандарды да көрдүк. Биз ага жол бербей, моралдык жоопкерчиликти колго алдык", — деп билдирди Иманалиева.

Ошондой эле фонддун негиздөөчүсү кызыкдар тараптар менен кызматташууга даяр экендигин кошумчалады.

Залкар акын Элмирбек Иманалиев 20-апрель күнү кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган. Ал кант диабети менен жабыркап жүргөн.

42 жаштагы акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды.

Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы сүймөнчүлүккө ээ болгон. 2016-жылы КРдин эл артисти наамы берилген.

165
Белгилер:
акын, фонд, Элмирбек Иманалиев
Тема боюнча
Буулуккан булбул жайын тапты... Эл уулу Элмирбек менен коштошуудагы ирмемдер
Күйдүргөн, күлдүргөн, күттүргөн Элмирбек. Үзөңгүлөштөрүнүн эскерүүсү
Facebook соцтармагы. Архивдик сүрөт

Facebook расизмге каршы аракет көрө баштады

0
Жакында эле дүйнөлүк ЖМКлар Facebook афроамерикалыктарды кемсинткен постторду жазган 190 миң аккаунтту өчүрүп салганын жазды.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Facebook компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин өзү негиздеген социалдык тармак расалык теңчилик боюнча жаңы саясат баштаарын билдирди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

"Биз расалык теңчиликке үгүттөө  боюнча жаңы кадамдарды таштай баштадык. Албетте, АКШдагы жана дүйнөдөгү улутчулдукту жана теңсиздикти жеңүү кыйын, бирок биз бул нерсеге кичинекей болсо дагы салым кошушубуз керек", — деди Цукерберг.

Анын айтымында, теңсиздик, бийлик тараптан коркутуп-үркүтүү боюнча билдирүүлөргө карата жаңы талаптар жана жоопкерчилик иштелип чыгат.

"Компаниянын азыркы саясаты деле зордук-зомбулукка жол бербейт. Кайсы бир тарапка карата зомбулук тууралуу пост болсо, аны жок кылып салуу туура деп ойлойбуз. Дагы талкуулар болуп жатат", — деди компания негиздөөчүсү.

Жакында эле дүйнөлүк ЖМКлар Facebook афроамерикалыктарды кемсинткен постторду жазган 190 миң аккаунтту өчүрүп салганын кабарлады.

Эске салсак, Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир топ шаарларында башаламандык жаралып, талап-тоноо күч алган.

0
Белгилер:
Марк Цукерберг, Facebook, АКШ
Тема боюнча
Кокусунан кетирген катадай эмес. Facebook неге актанды?
АКШ соту Facebook компаниясын 5 млрд. доллар айыпка жыкты. Себеби