Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору эл аралык долбоорунун экинчи күнү борбордук аянтта кыргыздын каада-салтын чагылдырган салтанат менен уланды

Ошто ыр-күү жаңырып, ар кыл жарманкелер уюштурулду. Салтанаттын ирмемдери

387
(жаңыланган 18:45 20.04.2019)
Иш-чара Ош калаасында үч күн болот.

ОШ, 20-апр. – Sputnik. "Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык долбоорунун экинчи күнү борбордук аянтта кыргыздын каада-салтын чагылдырган салтанат менен уланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Борбордук аянт улуттук колоритте жасалгаланып, бир катар боз үй тигилген. Анда калаадагы ар бир аймактык кеңештин өкүлдөрү кыргыздын улуттук жашоосун, салттарынан кабар берген буюмдарды коюшту. Дасторкон жайылып, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Азербайжандан келген коноктор даам сызды.

  • "Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык долбоорунун экинчи күнү борбордук аянтта кыргыздын каада-салтын чагылдырган салтанат менен уланды.
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Борбордук аянт улуттук колоритте жасалгаланып, бир катар боз үй тигилген.
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Анда калаадагы ар бир аймактык кеңештин өкүлдөрү кыргыздын улуттук жашоосун, салттарынан кабар берген буюмдарды коюшту.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 3
© Фото / Зульфия Тургунова
"Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык долбоорунун экинчи күнү борбордук аянтта кыргыздын каада-салтын чагылдырган салтанат менен уланды.

Ал эми боз үйдүн айланасында ак элечек энелер каз катар тизилип, айрымдары комузда кол ойнотуп ырдашса, айрымдары чопо чоор тартышты.

Мындан сырткары, Ош шаарындагы кыргыз, өзбек, түрк, тажик, күрд, орус улутунун өкүлдөрү да улуттук бийлерин көрсөтүп, өз аспаптарында күүлөрүн жаңыртты.

Ушул эле борбордук аянттын бир тарабында ар кыл улуттун өкүлдөрүнүн улуттук тамак-аштарынын көргөзмө-жарманкеси уюштурулду. Кыргыздын улуттук азыгы болгон олобо, быжы, тажиктин ошим бурида оталасы жана башка даамдар сыйлуу конокторго тартууланды.

Экинчи тарабына Ош облусундагы уздар, усталар, зергерлердин колунан чыккан буюмдар коюлду. Аны аралаган киши улуттук баш жана сырт кийимдердин түрлөрүн, таардын сокмосу, суктанткан курак жана башка буюм-тайымдарды көрө алат.

Чебер айым Канымбү Асанакунованын эмгектери да көргөзмөдөн орун алды. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россия президенти Владимир Путиндин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сүрөттөрүн килемге түшүргөн. Андан сырткары, Сүймөнкүл Чокморов, Бүбүсара Бейшеналиева сыяктуу кыргыздын атактуу инсандарынын элесин токуп чыккан.

"Бир чарчы метр килемге сүрөт тартуу 2-3 айлык эмгекти талап кылат. Колго согулган килемдер жакшы бааланат. Учурда бир килем 2 миң сомдон 10 миң сомго чейин көлөмүнө жараша бааланууда", — деди ал.

Жергиликтүү эл конокторго алгач "Манас" айтып, андан сырткары, төкмөлөр өз тилинде төгүп, кыргыз жигиттери кыска убакытта боз үй тигүүнү көрсөтүп беришти.

Долбоор бүгүн, 20-апрелде, саат 19:00дө калаадагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда уланып, салтанат гала-концерт менен коштолмокчу.

Аталган иш-чараны өткөрүүгө Ош шаардык мэриясынын казынасынан 5 миллион сом бөлүнгөн. Муниципалитеттин маалымат кызматы республикалык казынадан да акча каражаты бөлүнүп берилгендигин билдирди.

387
Белгилер:
азык-түлүк, элечек, жарманке, көргөзмө, түрк, Ош, Кыргызстан
Тема боюнча
Тажиева: спектаклдердин афишаларын базарларды кыдырып таратып жатабыз
Шанхайдын тургундары. Архив

Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды

106
(жаңыланган 11:50 04.07.2020)
Режиссёр ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламышты кадрга түшүргөн.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Эмил Атагелдиевдин "Көл" аттуу тасмасы Шанхайда өтө турчу абройлуу эл аралык кинофестивалга катышат. Бул туурасында Кинематографисттер союзунун катчысы, фильмдин со-продюсери Талант Төлөбеков билдирди.

Аталган кино Shanghai International Film Festival 2020 (SIFF) деп аталган Кытайдагы ири кинофестивалга чакыруу алган. Ал 23 жылдан бери өткөрүлүп келет, А категориясындагы дүйнөдөгү 15 кинофестивалдын катарында турат.

"Бул абдан чоң ийгилик, кыргыз режиссёрлорунун тасмалары А категориясындагы кинофестивалдарга акыркы ирет 2018-жылы катышкан. Ошондой эле Кыргызстандын фильмдери Шанхай фестивалы түзүлгөндөн бери биринчи ирет катышып жатат", — деди Төлөбеков.

"Көл" драмалык жанрда Ысык-Көлдөн тартылган. Сюжетинде ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламыш баяндалат.

1,5 млн. долларга мыкты тасма тартышты. Токаев кыргыз киносуна суктанды

Кинонун сценарийин Эрке Жумакматова менен КРдин эмгек сиңирген артисти Эмил Атагелдиев жазган. Башкы ролдорду Артыкпай Сүйүндүков, Болот Тентимишов, Малика Айдабосунова, Айнура Качкынбек кызы, Санжар Өмүрбаев аткарган.

Продюсерлери Эрке Жумакматова, Садык Шер-Нияз. Со-продюсерлер Талант Төлөбеков менен Айжан Чыныбаева.

106
Белгилер:
катышуучу, фестиваль, кино, Кыргызстан
Тема боюнча
Валентина Шевченко тартылган тасма Торонто кинофестивалында көрсөтүлөт
Голливуд коронавирустун башталышы тууралуу тасма тартууга бел байлады
Ырчы Асел Кадырбекова

Комада жаткан ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, эсине келе баштады

1042
(жаңыланган 13:46 03.07.2020)
Эстрада ырчысы комадан толук түрдө чыга элек. Буга чейин дарыгерлер Аселдин мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, тамак ичип калгандыгын Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Дарыгердин айтымында, Асел толук түрдө өзүнө келе элек.

“Комадан толук чыга элек. Аселди мурда түтүк менен тамактандырып жатканбыз. Азыр “тилиң, мурдуң кана?” деп сураганда көрсөтүп, кашык менен тамак берсек өзү жутуп калды. Буюрса жылыш бар”, — деди ал.

Асел Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга иш козголуп, камакка алынмай болду

Эске сала кетсек, 26-июнда 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен Camry автокөлүгүндө бараткан Асел Кадырбекова жана экинчи машинадагы эки киши жабыркаган.

Буга чейин дарыгерлер ырчынын мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

1042
Белгилер:
жол кырсык, Сабырбек Жумабеков, ырчы, кома, Асел Кадырбекова
Тема:
Ырчы Асел Кадырбекованын кырсыкташы
Тема боюнча
Асел Кадырбекова дагы деле комада. Сабырбек Жумабеков кайрылуу жасады
Кишинин температурасын текшерип жатышат. Архив

Окумуштуу: коронавирустан айыккандан кийин деле өпкө жакшы иштебей калат

4
(жаңыланган 15:42 05.07.2020)
Адистер вирус кайсы органдарды жабыркатарын кенен изилдөө менен анын кесепеттерин алдын алууга жардам берген препаратты даярдоону пландап жатат.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Коронавирустан айыккандан бир нече айдан кийин деле симптомдору кала бериши мүмкүн. Бул тууралуу Charite медициналык комплексинин жана Гарвард университетинин профессору Тобиас Курт айтып чыкканын "Известия" жазды.

Анын айтымында, алсырап, өпкөсү начар иштеп, дем алуусу бузулгандар көбөйөт. Бул вируска чейин ден соолугу чың, өнөкөт оорулары жокторго дагы тиешелүү.

Коронавирустун экинчи толкуну: кышында аны грипптен айырмалоо кыйын болот

"Учурда дагы кайсы органдарды жабырката турганын изилдеп, бейтаптар менен иштешип жатабыз. Ошого жараша ооруну жеңгенден кийин анын кесепеттерин алдын алуу боюнча препаратты даярдоого болот", — деген профессор.

Буга чейин британиялык адистер вирустун кесепетинен кийин адамдын психологиясы бузуларын айтышкан.

4
Белгилер:
өпкө, оору, айыгуу, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
4000 долларлык алтын бет кап. COVID-19дан сактанган индиялык кишинин окуясы