Кан басымым жогору, өлүп калам... "Бакайдын жайытынан" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Жолчуларга кымыз берип отурган СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун сүрөтү 1966-жылы Суусамырда тартылган.

Ал жылы режиссёр Төлөмүш Океев кинооператор Кадыржан Кыдыралиев менен биргеликте "Бакайдын жайыты" тасмасын тарткан.

Ошол учурду драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев мындайча эскерет:

"Тасманын баштан аягына чейин редактор болгом. Иш башталаар алдында көркөм кеңеш башкы ролго Алиман Жанкорозова менен Муратбек Рыскуловду дароо эле бекиткен. Экөө тең аксакал менен байбиченин образына төп келген эле. Көркөм кеңешке Касымаалы Жантөшев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов жана маданият министри Күлүпа Кондучалова кирген. Алар сюжет, эпизоддоруна чейин карап, кеп-кеңешин берчү. Ошол үчүн кезинде кино, театр өскөн. Чыгармачыл топтун курамы аныкталгандан кийин Мукем мага: "Сен досуң Океевге айтчы, ал сени угат. Ээлигип Суусамырдан тартпай эле койсун, менин кан басымым жогору, өлүп калам", - деди. Мен ага Төө-Ашууда кардиолог Миррахимов изилдөө өткөрүп, кан басымды дарылап жаткандыгын айтып көндүргөм. Ошентип ал көк чайын, дарысын алып тасма тартууга жөнөгөнбүз. Башында бийик тоолуу жерде ал эки жумадай аябай кыйналып жүрдү. Кийин көнүп, Көкөмеренге көчөлү десек, кетким келбей жатат дегени эсимде", — деди Жакиев.

Океев аталган тасмада турмуш-тиричилик, көчмөн жашоо жана кылымдарды карытып келген адамдардын мамилесин жогорку чеберчиликте чагылдырып берген. Тасма 1967-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Душанбе, Франкфурт-на-Майне, Ленинград, Триест шаарында сыйлыктарга татыган.

Кино жана театр жылдызы Муратбек Рыскулов жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0