Акыйкаттап текшерсе, адал киши акталат. Осмонкул Бөлөбала уулунун кеп казынасы

Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет төкмө акын Осмонкул Бөлөбала уулунун санаттарын сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Осмонкул Бөлөбала уулу 1888-жылы мурдагы Пишпек уездинин Чоң-Далы айылында туулган. 12 жаштан баштап айылдык молдодон он жыл билим алып, араб тамгасында жазылган казакча, татарча ыр китептерин окуп таалим алат.

Революциядан кийин Калык Акиев менен жолугушуп, андан ырдоону үйрөнөт. 1926-жылы түркологдордун I съездинде ырдап саламдашкан.

1931-жылы акын Кыргыз драма театрына артист болуп кирип, ырлары басмага чыга баштайт. Андан кийин Улуттук филармонияга которулуп, эл аралап ыр ырдап, комуз чертет.

Биринчи китеби 1936-жылы "Осмонкулдун ырлары" деген ат менен жарыкка чыккан. Залкар акын 1967-жылы 79 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайткан.

Осмонкул Бөлөбала уулунун накыл кептери:

Алтындай болот каламым,
Ак шумкар куштай тапталат.
Кымбат болсо бул сөзүм,
Кылымдар бою сакталат.

Орундуу болсо айтканым,
Өзүңө өчпөс ат калат.
Жакшы болсо ырыңды,
Далай жаштар жатка алат.

***

Болбос жигит кээ бирде,
Бой көтөрүп мактанат.
Билген жанга чынында,
Билим менен макталат.

Акылдуу жигит жумушун,
Элден мурун аткарат.
Азамат жигит душмандан,
Алдын ала сактанат.

Эстүү жигит бийлесе,
Элин жакшы башкарат.
Акыйкаттап текшерсе,
Адал киши акталат.
Баатырлардын сүрүнөн,
Бата албай душман жазганат.

***

Күлүк аттын жакшысы,
Күндө чыгат жарыштан.
Азаматтын белгиси,
Ак, караны тааныштан.

Эстүүлүктүн белгиси,
Элин жакшы багыштан.
Кымбат баалуу эр жигит,
Кызматынан жагыштан.

Досчулуктун жакыны,
Сураганын алышкан.
Даңкы чыккан жигитти,
Ар ким арзыйт алыстан.

Сөзгө чебер билимдүү,
Иш бузулбайт калыстан.
Ар ишти салат жөнүнө,
Акылы толук даанышман.

Акылы бар азамат,
Ар нерсени ойлонот.
Акылсызга бак консо,
Башын чулгуйт ойдолоп.

Алып учкан асманга,
Ар адамда ой болот.
Устасы жакшы келишсе,
Сынган буюм оңдолот...

Жаңылыктар түрмөгү
0