Аккордеонист, певец, тамада Талант Карагулов во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан

"Сармердендин" эрке баласы Талант Карагулов: эрте үйлөнгөм, тун кызым 6-класста

(жаңыланган 14:47 28.04.2019)
"Кыз-Жигит Сармерден" долбоорунун эрке баласы, аккордеончу, ырчы, тамада, айтор, көп өнөрдүн ээси Талант Карагулов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек курду.

Ырчы жайлоодо өткөн балалыгы, "Сармерден" долбооруна келип калган таржымалы, шайыр жеңелердин өзгөчөлүгү жана чайкана кыдырып ырдап жүргөн кези тууралуу кеп кылды.

— Көпчүлүк сизди эрке бала катары жакшы тааныса керек. "Кыз-Жигит Сармерден" долбоорун алып баруу шыбагасы кандайча буюрду эле?

— Бул долбоорго жаңы жашоо, өмүр берип, калдайган калктын алдында укмуш берүү болуп чыгышына Сагын Ниязалиеванын салымы чоң. Сагын эже долбоорду жаратып, жасаардын алдында алып баруучуларынан бери элестетип, Гүлзат Батырканова экөөбүздү болжолдоп жүрүптүр.

Ал учурда кичинеден той алып бара баштагам. Ошондой жакшылыктын бирине Сагын эже конок болуп келип, сыртыман ой багып, көз салып, басканы, кулк-мүнөзү, сүйлөгөнү, тамашага аралашканы ушул баланын колунан келет деп көсөмдүк кылган окшойт. Көп өтпөй мага байланышка чыгып, долбоорго алып баруучу болууну сунуштады. Чынын айтсам, күткөн эмесмин, азоо аттай эле үрктүм. Же мурда кийин микрофон кармап, жайнаган камерага иштеп көрбөсөм, же журналисттин окуусун бүтпөсөм, иши кылып чоң жоопкерчилик экенин сездим. Ал кезде Калый Молдобасанов атындагы музыкалык окуу жайда студент да болчумун. "Менден кыйын алып баруучулар бар" деп ар кимди сунуштасам, "жок, сен болосуң" деп коюшту. Ошентип эрке баланын милдети менин мойнума жүктөлдү.

Биринчи берүүгө маданият, адабияттын дөө-шаалары, журт жакшылары, заманыбыздын залкарлары келди. Аларды тааныштырарда кыйналып "эми улуу адамдардын атынан кантип чакырам" деп айбыгып да жүрдүм. 

Аккордеонист, певец, тамада Талант Карагулов во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Талант Карагулов: Чынын айтсам, "Сармерденди" алып баруу сунушун күткөн эмесмин, азоо аттай эле үрктүм. Же мурда кийин микрофон кармап, жайнаган камерага иштеп көрбөсөм, же журналисттин окуусун бүтпөсөм, иши кылып чоң жоопкерчилик экенин сездим.

— "Сармерденге" чейин "Теңир-Тоо" тобунда ырдачусуз да?

— "Теңир-Тоо" тобу менен азыр деле ырдайбыз. Топтун мүчөлөрү менен мектепте окуп жүргөндө эле кароо-сынактарга катышып ырдап жүрчүбүз. Кийин Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияга тапшырып, кайра эле санаалаш, табакташ болуп калдык. Башында Өскөн деген бала экөөбүз дуэт болуп ырдай баштадык. Мен аккордеон, ал комуз чертчү. Андан кийин арабыз кеңейип төрт бала болдук. Башында топтун аталышы деле жок болчу. Бир күнү бир концертке чакыруу түшүп барсак, алып баруучу "силерди эмне деп тааныштырам, тобуңардын атын айткыла, ар бириңердин аты-жөнүңөрдү айтып отурмак белем" деп калды. Эмне деген ат коюшту билбей, эки жагыбызды карасак арыраак жакта Күмөндөр Абылов ага отуруптур. "Тобубузга ат коюп бериңиз" десек, баарыбыздын нарындык экенибизди билип "Теңир-Тоо" деп сунуштады. Ошону менен "Теңир-Тоо" аталып калдык. Баса, атын атаса кутун сүйүнтөлү деген ой менен топту таланттуу инсан, маркум "Айтбек Муканбетов атындагы Теңир-Тоо" деп атап алганбыз. Ал кишиден көп акыл-насаат, кеп-кеңеш алдык.

— Азыр кайсы чайканага барба музыкалык аспаптары менен ырдап көңүл ачкан ырчы-чоорчулар көп. Сиздер да ошентип чайкана, кафе аралап ырдачу белеңиздер?

— Ошол өнөрдү биздин топ баштады десем жаңылбасам керек. Студент кезде айылдагы ата-энелерден акча сурай бербейли деп топтун жигиттери ошентип чайканада ырдап көрүүнү чечтик. Ал учурда азыркыдай кафе көп эмес болчу. Манас проспектисинин башында бир тамак ичүүчү жай бар эле, чыгармачылыгыбыз ошол жактан башталды. Биз эле эмес, көп ырчылар ошол чайканада ырдап баштаган. 

Аккордеонист, певец, тамада Талант Карагулов во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эрке бала: чайкана, кафе аралап ырдаганды биздин топ баштады десем жаңылбасам керек. Студент кезде айылдагы ата-энелерден акча сурай бербейли деп топтун жигиттери ошентип чайканада ырдап көрүүнү чечип, акча тапчубуз.

— Акчаны жакшы эле тапчу белеңер?

— Ар кандай. Кээде 10 киши берген акчаны бир эле адам берип койчу. Оноо отурса оноо тең бербей койгон күндөр да болгон. Бирок көпчүлүк учурда кирешелүү кетчүбүз. Ал кезде акчанын күчү жакшы экен. 1000 сом тапсак төртөөбүзгө эле эмес, үй-бүлөбүзгө да жетчү.

— Тамада дагы болуп жүрөсүз. "Сармерден" долбоорунан кийин "тоюмду башкарып бер" дегендер көбөйсө керек?

— Багымды ачкан, тагдыр, өмүр жолумдагы чоң олжо — "Сармерден" болду окшойт. Тамада катары да талантымды ачкан ушул берүү. Ырчы катары тааныгандар деле бар, бирок көбү атымдан айтпай эрке бала деп билишет. Жакында эле ооруканага жатып калдым. Ал жакта УЗИде турсам жашы өтүп калган бир эже "силер дагы дарыгерге көрүнөсүңөрбү, ооруба, Кудайдан өзүм оорусам да эрке бала оорубасын деп тиленейин" деди. Айтаарга сөз таппай калдым. Ичим жылып, ыраазы боло түштүм. Ал эженин атын сурайм деп дагы унутуп калыптырмын.

— Ооруканага эмне болуп жаттыңыз эле?

— Өтүмдө таш бар экен, ошону алдырдым.

— Азыр абалыңыз жакшыбы?

— Ооба, жакшы. Ичим бир аз ооруганынан барсам "өтүңдө таш бар экен" дешти. Ошону менен жаш кезде балдар айткандай дарыгерлер "өтүмдү алып салышты" (күлүп). Операциядан кийин кадимкидей унутчаак болуп калат экенсиң. Башкасы баары эле жакшы. 

— Сыр болбосо тойдогу сый акыңыз канча?

— Ар кандай. Айрым тааныштар "таекем же тууганым, досум болчу" деп ортого түшөт. Мындай учурда суранган адамды уят кылбайын деп сураган акчасына алып барып беребиз. Негизи сый акы 300 доллардын тегереги, алыскы аймактарга барып калсак андан кымбатыраак.

— "Сармердендин" бир эмес, эки шайыр жеңеси менен иштешип калдыңыз. Экөө тең удаа дүйнө салганда долбоор тууралуу эл ичинде ар кандай кеп-сөздөр айтылбадыбы. Муну кандай кабыл алдыңыз?

— Жашоодо жакын адамыңан айрылуу эң оор нерсе эмеспи. Ошол эле сыяктуу жакшы иш менен себепкер кылган адамдан алыстап, ал такыр эле жок болуп кеткен учур да кыйын экен. Ажал экен, бир эмес эки шайыр жеңебизден айрылдык. Алардын дүйнө салганына азыр деле ишенбей кетем. Ар бир адамдын деңгээлине жараша укмуш сөздөр айтылат окшойт. Бирок мен соцтармак, интернет дегенге кирбейм, ошондуктан андай терс маанайдагы ой-пикирлерди окуган жокмун.

Айрым адамдар кийин тамалашап "эмне эле маңдайыңдагы жеңелерди жайлап атасың" деп айтышты. Бул эми кырсык, ажал экен. Хан, падышалар деле дүйнө салып жатпайбы. Баарыбыз Кудайдын колундабыз.

Шайыр жеңелер тууралуу кеп кылгыдай болсом, ар бир жеңе өзүнчө талантка, өнөргө бай адамдар. Гүлзат, Гүлбүбү эжелер менен бат эле тил табышып, эч кыйналбай алып бардым, жакшы санаалаш болдук. Азыркы алып баруучу Анара эже дагы өзүнчө таланттуу, комузда кол ойнотуп, ырдап, сүйлөгөнү укмуш. Бир адамды бир адамга салыштырган болбойт. Негизгиси баары тең чыгармачылыктын адамдары, өнөрдү кадырлап сыйлаган адамдар.

— Интернетке, соцтармакка такыр эле кирбейсизби?

— Ошол нерсеге, чынын айтсам, кызыкпайм. Айрым учурда бирөөгө кат же музыка жөнөтөөрдө эле колдоном. Балдарым да телефондон Интернетке көп кирбейт, ошол нерсеге үйрөтүүгө аракет кылабыз. Бирок өзүбүздү замандан артта калган адам деп сезбейбиз. 

Аккордеонист, певец, тамада Талант Карагулов во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Карагулов: негизи сый акым 300 доллардын тегереги, алыскы аймактарга барып калсак андан кымбатыраак.

— Сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн сөзгө, кепке чебер адамсыз. Тубаса талантпы?

— Тубасалык талант дагы бар. Атам комуз чертип ырдачу, чоң атам жыгачка жан киргизген чебер уста болгон. Өзүм болсо Ат-Башы районунун Аксай өрөөнүндөгү жайлоодо, боз үйдө төрөлгөн баламын. Мен жарык дүйнөгө келгенде атамдар чоң атама ат чаптырып, сүйүнчү айттырып, тун уулу болгондуктан ысымымды чоң атама койдурушкан. Чоң атам атымды мени көрбөй туруп эле койгон экен. Гезит беттеринен жакшы ысым издеп, акыры "Талант болсун" деп чечиптир. Ойлосом илгерки кишилер көрөгөч экен. Атамдар өмүр бою мал менен жайлоодо болгондуктан мектепке бара баштагандан тарта чоң эне, чоң атамдын колунда аларга ынак болуп насаатын угуп, кыргыздын баалуулуктарын көрүп-билип чоңойдум. Анын үстүнө тоодо өскөн бала болсом табигый жаратылыш дагы жан дүйнөгө укмуш таасир берсе керек.

КР Эл артисти, айтылуу ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев
© Фото / из личного архива Элмирбека Иманалиева
Өнөрүмдүн өркүндөшүнө өбөлгө болгон дагы бир адамды айта кетпесем болбос. Ал атамдын карындашы — Чолпон Карагулова, Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө белгилүү скрипач, учурда Австрияда эмгектенет. Ошол киши музыкалык окуу жайга тапшыртып, өнөр адамы болуп калышыма чоң себепкер болду.

Сөз чебери болууда китеп да көп окудум, мындан сырткары, куйма кулакмын. Улуу аксакал, сөз төркүнүн билген адамдар менен сүйлөшүп, аларды укканды жакшы көрөм. Бирөөлөрдүн айтып бергенин дал өзүндөй, ал тургай андан да кооздоп 10 сөз кошуп көркөмдүү кылып айтып бергенге аракет кылам.

Азыр ар түрдүү таштардан картина жасайм. Ошол эле кереги жок таштарды сүрүп, керектүү буюм жасаганга аракет кылам. Жыгач менен иштөө да жагат. Кийин атайын устакана ачып, ээр, комуз чапсам деген ниетим бар. Бала кезде чүрпөлөрүмө өз колум менен бешик жасап берем деп кыялданчумун.

Аккордеонист, певец, тамада Талант Карагулов с детьми
© Фото / Талант Карагулов
Талант Карагулов: эрте үйлөнгөм, улуу кызым 6-класс болуп бөбөгүн бакчадан алганга жарап калды. Үч балам бар. Келинчегим да чыгармачыл чөйрөдөн, Айнура Бердигулова деген мыкты чебер музыкант, кыл кыякта ойнойт.

— Үй-бүлөңүз тууралуу да азын оолак кеп сала кетиңиз?

— Эрте үйлөнгөм, ошол себептен азыр улуу кызым 6-класс болуп бөбөгүн бакчадан алганга жарап калды. Үч балам бар. Келинчегим да чыгармачыл чөйрөдөн, Айнура Бердигулова деген мыкты чебер музыкант, кыл кыякта ойнойт.

Белгилер:
маек, тамада, ырчы
Тема боюнча
Замирбек Баялиев: атайын өргө көтөрүлүп, тарых кайталанып жаткандай
Сагын Ниязалиева: Гүлзат шатыра-шатман жүрсө, Гүлбүбү келишкен пери эле...
Кыргызстандык делегация Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн Жай - 2021 деп аталган туристтик көргөзмөсүнө катышты

Кыргызстандын өкүлдөрү Екатеринбургдагы туристтик көргөзмөгө катышты

(жаңыланган 14:04 19.04.2021)
Көргөзмөдө делегация мүчөлөрү Ысык-Көл аймагынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, ал катышуучулардын жана коноктордун кызыгуусун арттырды.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстандык делегация Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн "Жай - 2021" деп аталган туристтик көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

  • Стенд Кыргызской Республики на международной туристической выставке ЛЕТО-2021 в Екатеринбурге
    Кыргызстандык делегация Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн "Жай - 2021" деп аталган туристтик көргөзмөсүнө катышты
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Стенд Кыргызской Республики на международной туристической выставке ЛЕТО-2021 в Екатеринбурге
    Иш-чара 16-17-апрель күндөрү өттү. КР делегациясына Екатеринбургдагы Башкы консулдук колдоо көрсөткөн.
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Кыргызстандык делегация Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн "Жай - 2021" деп аталган туристтик көргөзмөсүнө катышты

Иш-чара 16-17-апрель күндөрү өттү. КР делегациясына Екатеринбургдагы Башкы консулдук колдоо көрсөткөн.

"Делегация курамына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Руслан Бийбосунов, Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жана Ысык-Көлдөгү санаторийлердин өкүлдөрү катышты", — деп айтылат маалыматта.

Жарманкеде Ысык-Көл облусуна өзгөчө "Өнөктөш регион" статусу берилгени айтылат.

Иш-чарада делегация өкүлдөрү Ысык-Көл аймагынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү. Бул өз кезегинде катышуучулардын жана коноктордун кызыгуусун арттырды. Мындан сырткары, алар кызматташуу боюнча россиялык жана чет өлкөлүк кесиптештери менен көптөгөн жолугушууларды өткөрүп, бир катар макулдашуу жана келишимдерди түзүүгө жетишкен.

Иш-чарада Кыргызстандын көргөзмө павильону кызыктуу, мыкты жасалып, катышуучулар жана коноктор көп киргени айтылат. Аны Екатеринбург шаарында жашаган мекендештердин колдоосу менен Башкы консулдук жасаган. Келгендердин баары улуттук суусундуктардан, боорсок жана кургатылган жемиштерден ооз тийип кетишкен.

"Кыргыз делегациясы "Жай - 2021" эл аралык көргөзмөдө Челябинск облусунун туристтик чөйрөсү жана ири өнөр жай ишканаларынын профсоюзу менен жолугушууларды өткөрдү. Анын жыйынтыгы менен Екатеринбург – Тамчы (Ысык-Көл) авиакаттамын ачуу, кызматташуунун кошумча мүмкүнчүлүктөрү жана Кыргызстанга Россиянын Урал аймагынан туристтердин агымын арттыруу маселелери каралган", — деп айтылат билдирүүдө.

Көргөзмө Россиянын Федералдык туризм агенттигинин, Свердлов облусунун инвестиция жана өнүгүү министрлигинин, Россиянын туриндустрия союзунун колдоосу менен Урал туристтик ассоциациясы тарабынан уюшулду. Ага Кыргызстандан тышкары Армения, Болгария, Чехия, Хорватия, Малайзия, Израиль жана башка өлкөлөрдүн делегациялары катышкан.

Белгилер:
Ысык-Көл, катышуучу, көргөзмө, Екатеринбург, Россия
Тема боюнча
Кадыралиев: бизге туристтер көбүнчө Казакстандан жана Россиядан келишет
ТИМ башчысы КМШдагы кесиптештери менен маанилүү документтерге кол койду
Sputnik Кыргызстан радиосунун Көөнө сөз рубрикасы

Талантбеков: ууландыруучу же мас кылуучу нерсени "кыйгак" десе болот

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков жаңы кирген сөздөрдү колдонууда дароо эле түз которууга ашыкпай, ата-бабаларыбыз сүйлөп жүргөн аталыштарга маани берүү керектигин айтты.
Талантбеков: ууландыруучу же мас кылуучу нерсени "кыйгак" десе болот

"Кыйгак" найзанын учундагы курч металлды түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде колдонууга болот.

Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Жыгач найзанын учуна ашталып бекитилген курч металлды "кыйгак" деп койгон. Ошондой эле колду тилип кете турган жалбыракты дагы ушул сөз менен сүрөттөөгө болот. Мындан тышкары, "кыйгак" сөзүнүн өтмө маанисинде уу, ууландыруучу же мас кылуучу нерсе катары түшүнүүгө болот. Бул үч маанисин тең колдонууга мүмкүндүк бар. Адатта ууну өз аты менен эле атап жүрөбүз. Бирок анын синоними катары "кыйгак" деп колдонуу дагы артыкчылык кылбайт", — Талантбеков.

Манасчы көөнө сөздөр күнүмдүк турмушта көбүрөөк колдонулса, тилди байытууга, шөкөттөөгө көмөгү тие турганын кошумчалады.

Белгилер:
Кыргызстан, эне тил, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: "Манас" эпосунда алимент деген сөздүн түшүндүрмөсү бар
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Савайга барган Ташиев: жер алмашуу боюнча протоколду бузбаш керек

(жаңыланган 16:08 19.04.2021)
Ташиев менен жолуккан жергиликтүүлөр протоколду өзгөртүп, Кемпир-Абаддын жанындагы жерди бербеш керек деген оюнан кайтышкан жок.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу түзүлгөн макулдашуу эң пайдалуу келишим болду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргенин аймактык кабарчы жеринен маалымдады.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-апрелде, Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Ынтымак айылынын эли менен жолугушту. Савай айыл өкмөтүнүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине макул болбой бир нече күндөн бери нааразычылык акциясын өткөрүшүүдө.

Эл менен жолуккан Ташиев ал жетектеген делегация Өзбекстанга барып, Кыргызстан үчүн эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүлгөнүн белгиледи.

"Бул протоколду бузбай аягына чейин чыгарышыбыз керек. Бул элге эң ыңгайлуу документ", — деди Ташиев.

Бирок жергиликтүүлөр протоколду өзгөртүп, Кемпир-Абаддын жанындагы жерди бербеш керек деген оюнан кайтышкан жок. Бирок Ташиев андай кылуу мүмкүн эместигин, протокол Өзбекстан менен чектешкен башка аймактардагы талаш жерлердин маселесин чечүүгө да багытталганын билдирди.

"Биз суунун түбүндөгү 4 миң 400 гектар жерди берип, ордуна 5 миң 100 гектар жер алдык. Муну бүгүн чечпесек, эртеңки муунга көйгөй болуп калат. Плотинанын башында 50 гектар жер бар экен, ошону сурашты. Ал жерден 50 гектар жер бердик. Алар дагы бизге 50 гектар жер берди", — деди УКМК башчысы.

Ташиев Өзбекстан менен түзүлүп жаткан келишим боюнча дагы айтып берген.

"Жээкте жашаган элге сууну пайдаланууга толук түрдө укук бар. Мал сугарып, балык кармап, насос менен суу чыгарса болот. Ал жерге эч кандай чек коюлбайт. Суунун деңгээли көтөрүлбөшү үчүн плотинаны чогуу башкарыш керек. Биздин айылдардын каналдарына суу берилиши үчүн эл аралык келишим түзөбүз", — деди Ташиев.

УКМК башчысы нааразылык акциясын уюштургандардын арасында чагымчылык кылууну көздөгөндөр бар экенин айтты. Бирок чогулгандар анын бул сөзүнө нааразы болушту.

Учурда элге өкмөттүн Оштогу өкүлү Жарасул Абдураимов да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Белгилер:
жер тилкеси, чек ара, Өзбекстан, Савай, Кара-Суу району, Ош
Тема боюнча
Ташиев Савайга барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолукту