Кыргыздын "Урусевскийи" менен жылмайган Аринбасарова. "Уландагы" таберик сүрөт

195
(жаңыланган 13:58 01.05.2019)
Мирбек Сакенов
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, актриса Наталья Аринбасарова менен Кыргыз ССРинин эл артисти, кинооператор Кадыржан Кыдыралиевдин сүрөтү 1977-жылы Ысык-Көлдө тартылган.
© Александр Федоров.

СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, актриса Наталья Аринбасарова менен Кыргыз ССРинин эл артисти, кинооператор Кадыржан Кыдыралиевдин сүрөтү 1977-жылы Ысык-Көлдө тартылган.

Ал жылы белгилүү режиссер Төлөмүш Океев "Улан" тасмасын тарткан.

Анда Аринбасарова башкы каарман Гүлсаранын ролун жаратса, таланттуу Кыдыралиев операторлук кызматты аркалаган.

Ошол учурду фотограф Александр Федоров мындайча эскерет:

"Оператор Кадыржан Кыдыралиев бош отуруп калганда комузда кол ойнотуп калчу. Биз жаш элек. Ал Кыргызстанда гана эмес, жалпы СССРдин деңгээлиндеги мыкты операторлордун бири болгон. Россиялык атактуу оператор Сергей Урусевскийге салыштырып, "кыргыздын Урусевскийи" деп коюшчу. Тубаса талант эле. Мен андан сабак алып көп нерсе үйрөнүп, шакирт болуп калдым. Ошол эле маалда өтө жөнөкөй адам болчу. Кыргыздардын гана эмес, казактардын дагы бир топ тасмасын тартты. Ата жолун уулу Хасан да, небереси да улады. Экөө тең катуу таанылып, чет жакта көптөгөн эмгектерди жаратууда. Ал эми сүрөттөгү жаш Аринбасарованы кимдер гана тааныбайт. Актриса улуу талант Сүймөнкул Чокморов менен "Уланда" башкы ролду аткарган", — деди Федоров.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кадыржан Кыдыралиев өзүнүн чыгармачылык жолунда 20га жакын тасма тарткан. Алардын арасында белгилүү "Жамийла", "Бакайдын жайыты", "Мен — Тянь-Шань" жана "Алтын күз" фильмдери бар.

 

195
Белгилер:
таберик сүрөт, "Улан" тасмасы, Наталья Аринбасарова, Кадыржан Кыдыралиев, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (73)
Тема боюнча
Кан басымым жогору, өлүп калам... "Бакайдын жайытынан" таберик сүрөт
Көз жашын куюлтуп, жоогазын кучактаган Советбек Жумадыловдун таберик сүрөтү
Кошок кошулганда өлүп калган турбаймбы дедим... "Биринчи мугалимдеги" таберик сүрөт
Же "жок", же "ооба" дей албай... Мамбет Мамакеевдин таберик сүрөтү