Кыргыз Республикасынын желеги. Архив

Кытай жазма булактарында кыргыздар тууралуу жаңы маалыматтар табылды

1114
Молдокасымов табылган расмий кытай жазма булактары аркылуу кыргыз тарыхы дагы сегиз кылымга ары жылганын белгиледи.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун окумуштууларынын кытай жазма булактарын жана архивдик документтерди иликтөөсүнүн жыйынтыгында биздин заманга чейинки 1050-жылдан 980-жылга чейинки мезгилде жашаган кытай падышасы өз хроникасында кыргыздар тууралуу жазып калтырган материалдар табылды. Бул тууралуу КР президентинин аппаратына караштуу "Мурас" коомдук фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов билдирди.

Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон сапарынын алкагында Пекинде Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директорунун орунбасары Тянь Бо жана ушул эле институтка караштуу Евразия изилдөө борборунун директору, профессор Ли Цзиньсю менен жолугушуусунда бул жаңылыкты кытайлык тарыхчы окумуштуулар маалымдашкан.

Профессор Ли Цзиньсюнун билдирүүсүндө, кытайлык белгилүү тарыхчы Ю Тайшан жакынкы изилдөөсүндө Кытайдын архивдик материалдарынан кыргыздардын аталышы биздин заманга чейинки 10-кылымга таандык маалыматтар бар экенин тапкан.

Ал кыргыз тарыхы тууралуу кытай жазма булактарын биргелешип комплекстүү изилдөө иштери башталганын жана кытайлык окумуштуулар үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргызстанга келип, жаңы маалыматтар менен кенен бөлүшөрүн билдирди.

Ал эми Молдокасымов буга чейин тарыхчы Сыма Цяньдын "Ши цзи" эмгегинде жолуккан кыргыздар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар биздин заманга чейин 201-жылга таандык болуп келгенин айтып, эми табылган расмий кытай жазма булактары аркылуу кыргыз тарыхы дагы сегиз кылымга ары жылганын белгиледи.

Мындан тышкары, ал кытайлык окумуштуулар жазма булактарды иликтөөнүн жыйынтыгында Манчжу дооруна тиешелүү 2800 беттен турган архивдик документтерди табышканын билдирди. Алар азыркы кытай тилине которулса, дагы жаңы маалыматтар чыгышы мүмкүн экендигин кошумчалады.

1114
Белгилер:
Кыяс Молдокасымов, тарых, Кыргызстан, Кытай
Тема боюнча
Жээнбеков: Кыргызстан кытай жазууларындагы кыргыздардын тарыхын изилдегиси келет
Жээнбеков менен Мирзиёев Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун талкуулашты