Мусулман киносунун эл аралык фестивалында "Дарак ыры" баш байге алды

© Фото / Централ Азия фильм"Дарак ыры" кинотасмасы. Архив
Дарак ыры кинотасмасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кинофестиаль быйыл 15-жолу өтүп жатат.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Татарстандын борбору Казань шаарында өткөн Мусулман киносунун эл аралык кинофестивалында Кыргызстандан барган бир тасма баш байгеге, дагы бир фильм атайын сыйлыкка татыганын Кинематографияны колдоо фондусунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде башталган кинофестиваль 4-майда жыйынтыкталмакчы.

"Дарак ыры" сынактын баш байгесине татып, россиялык кинотаануучулар менен киносынчыларынын "Белый слон" сыйлыгына ээ болду. Ал эми "Мугалим" фильми мыкты кыска метраждуу тасмасы деп таанылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган кинофестиаль быйыл 15-жолу өтүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин "Дарак ыры" Кыргызстандын "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгынын бир нече номинациясы боюнча жеңишке жеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0