"Снайпер" апама курал ташып берчүмүн... Шамшиевдердин таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Көз жашын куюлтуп, жоогазын кучактаган Советбек Жумадыловдун таберик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Көз жашын куюлтуп, жоогазын кучактаган Советбек Жумадыловдун таберик сүрөтү
Белгилүү режиссер Болот Шамшиев менен актриса Айтурган Темированын жакындары менен түшкөн сүрөт 1984-жылы Фрунзе шаарында тартылган.

Анда оңдон солду көздөй биринчи отурган Шамшиевдин уулу Чыңгыз, анын жанында отурган Болот Шамшиевдин жээни Жамила Бегалиева, ортодо СССРдин эл артистинин апасы Авина Мурзаходжаева жана четте Айтурган Темированын тун кызы Сүйүтай.

Ал жылы чыгармачыл инсандар Белоруссияда тартылып жаткан "Снайперлер" тасмасынын үстүндө иштешкен. Ошол учурду Сүйүтай Шамшиева мындайча эскерет.

"Ошол жылдары атам менен апам Минск шаарында тасма тартышкан. Мен мектепте окугандыктан аларды узак убакыт көрбөй сагынгам. Кийин жайкы каникулда атайын аларга барган элем. Ошондо апам снайпердин ролун аткарган, мен болсо токойдо анын ок атуучу куралын ары-бери ташып жардам берип калдым. Негизи балалыгыбыз өтө кызыктуу өттү. Бизди үйдөгүлөр кино тартылган аянтчага, кинофестивалдарга ала барышчу. Бешикте жаткан кезибизде да тасмалардын эпизоддоруна катышып калганбыз. Мисалы, "Ак кеме" тасмасындагы сууга аккан кичинекей баланы билесиңер да, ошону тартуу үчүн атам апамды айылдагы дүкөнгө алдап жөнөтүп коюп, мени бешикке салып сууга кое берип тарткан", — деди Сүйүтай Шамшиева.

Сүйүтай Шамшиева кесиби боюнча лингвист, эл аралык уюмдарда эмгектенген учурда ал үй иштери менен алек. Ал эми Жамила Бегалиева Америкада жашаса, Чыңгыз Шамшиев Бишкектеги ири ЖОЖдордун биринде вице-президент.

Жаңылыктар түрмөгү
0