Ысык-Көлдө биринчи жолу музыка жана искусство фестивалы өткөрүлөт

Жазылуу
Маданий иш-чарага Европа жана Азия өлкөлөрүнөн келген чыгармачыл топтор катышат.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Ысык-Көлдө ондогон өлкөнүн катышуусунда фестиваль өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон ачылат
Маалыматка ылайык, Kөl Fest аталышындагы маданий иш-чара 28-30-июнь күндөрү Тоң районундагы Бөкөнбаев айылындагы пляжда уюштурулат. Ага Кыргызстан, Франция, Германия, Япония, Израиль, Индия, Казакстан жана Өзбекстандан чогулган бийчи, ырчы, диджейлер катышат.

Феcтивалда ошондой эле кымыз ичүү, боз үй тигүү өңдүү мелдештер уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0