Тушоосун кыргыздар кескен. 25ке чыккан дүйнөлүк жылдыз Димаш тууралуу 9 факты

© Sputnik / Владислав ВодневПевец Димаш Кудайбергенов
Певец Димаш Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Димаш Кудайберген Казакстанды кыйырга тааныткан дүйнөлүк жылдыз. Өзгөчө мурдагы совет өлкөлөрүндө, Европада жана Кытайда атактуу. Ал кубаттуу үнү менен эстрада жана опера ырларын аткарып таанылды. Сулуу чумак жүзү да күйөрмандарынын санын калыңдата алган.

Бүгүн Димаш Кудайберген 25 жашка толду. Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги коңшу өлкөнүн сыймыгы тууралуу кызыктуу фактыларды чогултту.

Маалыматтар ачык булактардан алынды.

Аккан арыктан суу агат

Казакстандык аткаруучу Димаш Кудайберген (Кудайбергенов Динмухаммед Канатович) 1994-жылы 24-майда Актөбө шаарында туулган. Ырчынын өз аты Динмухаммед, ата-энеси эркелетип Димаш дешкен дагы, ал сахнага дал ушул ысым менен чыккан. Димаштын ата-энеси өнөр адамдары. Энеси Светлана Айтбаева Актөбөдөгү облустук филармонияда эмгектенет. Атасы Канат Айтбаев ушул эле облустун маданият башкармалыгын жетектеп, "Жибек" музыкалык ансамблинде ырдаган. Учурда Димаштын продюсери. Ырчынын өзүнөн кийин Раушан аттуу карындашы жана Абилмансур аттуу иниси бар.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Канат Айтбаев (@kanat_sveta_aitbayevtar)

Димаш чоң ата, чоң энесинин колунда тарбияланган. Чоң энеси Миуа Низамутдинова жаш кезинде ырдаса, чоң атасы Кудайберген Айтбаев домбрада кол ойноткон.

Димашты беш жашында фортепианого алып барышат. Анын ошол кезде эле үнү жана угуу жөндөмү башка балдардан айырмаланып турганы айтылат. Алты жашында "Айланайын" аймактык конкурсун жеңип алат. Он жашында казак элдик ырларын аткара баштаган.

Бала чагы, мүнөзү

Димаш өтө эрке, беттегенин бербеген өжөр, оюна эмне туура келсе ошону жасаган бала болуп чоңойгон. Апасы азыр дагы уулун сыр жашырбаган, ачык мүнөз деп сыпаттайт. Мектепте жакшы окуган. Чыгармачылыктан тышкары сууда сүзүү менен тхэквандого барган. Футбол ойноп колун чыгарып алган учурлары болгон. 

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүЫрчы Димаш Кудайберген
Тушоосун кыргыздар кескен. 25ке чыккан дүйнөлүк жылдыз Димаш тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Димаш Кудайберген

Апасы: уулумдун тушоосун кыргыз эли кескен

Димаш 16 жашынан тарта эл аралык сынактарга катышып баштайт. 2012-жылы Украинадагы "Чыгыш базары" конкурсун, ал эми 2013-жылы Кыргызстанда, тагыраагы Ысык-Көлдө өткөн "Мейкин Азия" сынагын утуп алат.

Ырчынын энеси Светлана Айтбаева мурда жергиликтүү гезиттердин бирине маек куруп жатып, уулунун чыгармачылык тушоосу кыргыз жеринде кесилгенин айтып, ыраазычылык билдирген.

"Уулум 2013-жылы Ысык-Көлдө өткөн "Мейкин Азия" сынагына катышканда жанында 10 күндөн ашуун жүргөнбүз. Кыргыз калкын боордош, кандаш эл катары өтө жакшы көрөм. Тун уулубуз Димаштын чыгармачылык тушоосун кесип, жолун ачып берген кыргыз эли. Кыргыз кайрыктарын да жакшы көрөм", — деген Айтбаева.

Ал ошондой эле Димаш Бишкектеги Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырууну каалаганын, бирок үй-бүлөсү Казак улуттук искусство университетине тапшыртып койгонун кошумчалаган.

Опера ырчысы болуудан баш тарткан

2016-жылы Казакстан мамлекеттик опера жана балет театрынын жетекчиси Толеубек Альпиев Димаштын үнүнө кызыгып иштөөгө чакырат. Мындай сунушту искусство университетинин ректору Айман Мусаходжаева да берет. Бирок Димаш операдан баш тартып, поп-музыканы тандаган. Ал кубаттуу үнүн ар кандай жанрда сынап көргүсү келген.

Атак-даңк, Кытайдагы күйөрмандар

Димаш 2015-2016-жылдары бир катар республикалык жана эл аралык сынактарга катышып, күйөрмандарынын саны калыңдай баштайт. 2017-жылы Кытайда өткөн "I am a singer" шоусунда экинчи орунду алышы атагын чыгарат. Анда ырчы "SOS d"un terrien en détresse", "Опера 2" жана "Адажио" чыгармаларын аткарган. Таланты миңдеген адамдын оозуна алынып, бийик үнүнө сук артышкан. Ага көп өтпөй кытайлык Top Chinese Music Awards сыйлыгынын "Азиядагы эң белгилүү ырчы" номинациясын беришкен. Бул "Грэмми" сыйлыгына тете деп айтылат.

Алты тилде ырдайт

Димаштын тембри — лирикалык тенор, контратенор. Үнүнүн диапазону 6 октава экендиги айтылат. Димаш өз ырларынын автору. Музыкаларында белгилүү казак акын-жазуучулардын чыгармаларындагы саптар бар. Ошондой эле дүйнөлүк жылдыздардын ырын кайрадан ырдап чыгып белгилүүлүгүн арттырган. Ал казак, украин, англис, итальян, кытай жана француз тилинде ырдап келет.

Эки ирет чоң концерт берген

2017-жылы Астана шаарындагы ЭКСПО-2017 алкагында биринчи ирет ири деңгээлдеги жеке концертин берген. Анын бул "Bastau" (Башталышы) аталышындагы концертине 30 миңдей көрүүчү келген.

Быйыл 22-мартта Кремлде экинчи концерти өтүп, ага дүйнөнүн 56 мамлекеттен алты миңден ашык күйөрман келген. Димаш түрдүү тилде ырдап, Даулеткерейдин "Көруглы" күүсүн чертип берген.

Суктанткан келбети, башка иштери

Актриса Шайыр Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Чемоданда чоңойгон. Актриса Шайыр Касымалиева тууралуу 8 факты
Димаш ТC Candler сайты тарабынан дүйнөнүн эң сымбаттуу мырзасы наамын алган. 2017-2018-жылдары көптөгөн актёр, спортчулардан ашып өтүп, ааламдагы келишимдүү 100 эркектин арасынан 76 жана 90чу орунга татыган. Ошондой эле бир канча журналдар аны биринчи бетине алып чыккан.

Маданий долбоорлорго, кайрымдуулук концерттерине калбай катышып келет. Аны Достук элчиси дешет. Кызматы Казакстан менен Кытайдын жана Казакстан менен Россиянын маданий байланыштарын бекемдөө болуп саналат.

Жаш аткаруучу таасирленген таланттары Майкл Жексон, Ермек Серкебаев, Селин Дион, Лара Фабиан, Лучано Паваротти экендигин айтып келет.

Караанын көрсөтпөгөн сүйүктүүсү...

Димаш дагы башка белгилүү адамдардай "бакыт тынтчыкты сүйөт" деген принципти карманып келет. Анткен менен 2017-жылы кытайлык басылмалар бир нече ирет сүйүктүүсү бар экендигин жазганы казакстандык маалымат агенттиктеринде айтылат. Атүгүл Димашты жандап жүргөн кыздын сүрөтүн да чыгарышкан. Андан ырчы менен сүйүктүүсүнүн кучакташкан, эркелешкен ирмемдерин көрүүгө болот. Көп өтпөй кыздын социалдык тармактагы сүрөттөрүнүн бардыгы өчүрүлгөн. Ошол убактан бери Димаш жеке жашоосун сыр тутат деп айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0