Орозодо өтчү концерт. Акча балдардын дарылануусуна кетет

Жазылуу
Концерт 29-май күнү саат 18.30да болот. Чогулган каражат онкологиялык оору менен күрөшүп жаткан балдардын дарылоосуна жумшалмакчы.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Борбор калаада Балдар күнүнө карата жыл сайын өтчү кайрымдуулук концерти боло турганын иш-чараны уюштурган Help the children коомдук фондусу билдирди.

Благотворительный велопробег в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кайрымдуулук веложүрүш өттү. Сүрөттөр
Концерт 29-май күнү саат 18.30да Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында болот. Чогулган каражат онкологиялык оору менен күрөшүп жаткан балдардын дарылоосуна жумшалмакчы.

Билет сатуудан түшкөн акча Улуттук онкология жана гематология борборуна, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жана Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасына берилет.

Концерт башталар алдында театрдын фойесинде оорулуу балдардын энелеринин колунан чыккан буюм-тайымдардын жарманкеси уюштурулат.

"Фонд онкогематологиялык дартка кабылган балдарга кан препараттарын, дары-дармек жана башка керектүү каражаттарды алат. Артисттердин баары бекер ырдайт. Кечеге онкология жана гематология бөлүмүндө дарыланып жаткан кичинекей балдар ата-энелери менен келмекчи. Меценаттар аларга 60 билет белекке беришти", — деди уюштуруучулар.

Иш-чараны "Манас" камералык оркестри ачып, "Жаш канат", "Сувенир", "KG Тай" ансамблдер коштойт.

Мындай концерттер ушуну менен сегизинчи ирет өтмөкчү. Жети жыл ичинде концерттерден 5 миллион 650 миң сом чогулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0