Жаштар театры Уфадагы фестивалда сыйга татыды

© Фото / Жолдош Жанжигит уулуМеждународный фестиваль в Уфе
Международный фестиваль в Уфе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта театр Татарстандын Казань шаарында "Нооруз" деп аталган түрк тилдүү элдердин театр фестивалына катышууда.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры Башкыртстандын борбор калаасы Уфа шаарында өткөн "Туганлык" эл аралык фестивалга катышып, "Психологиялык театрдын салтын улаганы үчүн" сыйга татыды. Бул тууралуу маалыматты аталган жайдын директору Жолдош Жанжигит уулу тастыктады.

Ата Мекен фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шер-Нияз: маданият тармагын базар экономикасына ылайыкташтыруу керек
Белгилей кетсек, фестиваль түрк тилдүү театрлардын өнөрү үчүн аянтча болуп берет.

Кыргызстандан барган театр Түнжер оглынын чыгармасынын негизинде Элвира Ибрагимова койгон "Көчкү" спектаклин тартуулады. Маданий иш-чарага 15 өлкөдөн барган өнөрпоздор катышканы белгилүү болду.

Жолдош Жанжигит уулунун айтымында, ушу тапта театр Татарстандын Казань шаарында "Нооруз" деп аталган түрк тилдүү элдердин театр фестивалына катышууда. Анын жыйынтыгы 8-июнда чыгат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0